Жыл аяктай “Кыргыз Туусу” гезити менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда өз ара кызматташуу келишимине кол коюлду. Эки тараптуу келишимге аталган жогорку окуу жайдын ректору Догдурбек ЧОНТОЕВ жана кыргыз элинин тун гезитинин башкы редактору Алмаз КУЛМАТОВ кол коюшту. Аталган документке кол кою учурунда ректор улуттук университеттеги жетишкендиктерине токтолуп өттү.
Улуттук университет өзүнүн өнүгүү тарыхын эволюциялык түрдө башынан өткөрүп келе жатканын баса белгилеген окуу жай жетекчиси бул билим берүү мекемесинде бир топ ийгиликтер болуп жатканын ортого салды. “Университет сыртынан кадимки окуу жайлардын бири болгону менен ички потенциалы өтө чоң. Бизде жакшы иштер жасалып, ийгиликтер, өзгөрүүлөр болуп жатат, бирок, аларды коомчулукка өз күчүбүз менен кеңири жеткизе албай жатабыз. Андыктан, биз жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара тыгыз кызматташуу өтө чоң мааниге ээ»,-деди Догдурбек Чонтоев.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси мамлекеттик масштабда белгиленет. Ага ылайык, окуу жай 100 иш-чара өткөрүүнү пландоодо.
«Кыргыз Туусу» гезити Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесинин алкагында долбоорлорду, маданий-интеллектуалдык иш-чараларды биргелешип өткөрүүнү сунуштады.