Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Кыргыздын аты-жөнүн, тек-жайын жазуу боюнча сунуштар

Жогорку Кеңеште фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда. Сунушталган мыйзам долбоору буга чейинки фамилия жана атасынын атын жазуу эрежесин жокко чыгарбайт (“-ов”, “-ова”, “-вич”, “-овна”, “уулу”, “кызы” дегендер кала берет), болгону тек-жайын жазууда кошумча мүмкүнчүлүк берилерин баса белгилешти. Бул боюнча негизи 3 вариант сунушталган.

1-вариант:

Эркек:

Бакытбек Үсөн
Бакытбек Үсөн Жакшылык уулу (каалоосу болсо)

Аял:

Бакытбек Нургүл
Бакытбек Нургүл Жакшылык кызы (каалоосу болсо)

2-вариант:

Эркек:

Бакытбектеги Үсөн
Бакытбектеги Үсөн Жакшылык уулу (каалоосу болсо)

Аял:

Бакытбектеги Нургүл
Бакытбектеги Нургүл Жакшылык кызы (каалоосу болсо)

3-вариант:

Эркек:

Бакытбектеги Үсөн
Бакытбектеги Үсөн Жакшылыктын (каалоосу болсо)

Аял:

Бакытбектеги Нургүл
Бакытбектеги Нургүл Жакшылыктан (каалоосу болсо)

Бул боюнча буга чейин да ар кандай көз караштар, сунуш-пикирлер айтылып келгени маалым. Айрымдар, жөнөкөй эле “уулу”, “кызы” деп жазуу туура дешсе, айрымдар чоң атасынын атына “теги”, “тегин” деп жазылганы артыкчылык болорун айтып келишет. Бул боюнча буга чейин маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин да макаласы жарыяланган (“Кыргыз Туусу” №95, 20-декабрь). Сунушталган мыйзам долбоорунан кийин бул боюнча башкалардын да пикирин сурап көрдүк.

Жаныбек АБИДЕТЕГИН, Bugupress басма үйүнүн жетекчиси:

“Кыска-нуска бир форматтагы фамилияны тактап алсак…”

– Эл өкүлү сунуштаган мыйзам боюнча биздин улуттук варианттагы фамилияларыбыздын варианттары дагы да көбөйүп кетет экен. Анысы ого бетер башты айлантат. Ансыз да мурунку варианттардан айрымдардын башы айланчу. Жалпысынан, мындай мыйзамды колдойм. Болгону так жана кыска-нуска бир форматтагы фамилияны тактап алсак жакшы болмок. Менин билишимче, ушул сыяктуу демилге мурун да каралган, улам карала бербей бир такталып ошо бойдон калса деген оюм бар. Ал эми азыркы мыйзамдын жакшы жери чоң атасынын, өз атасынын да аты жазылып ага уулу, кызы деген кошо жазылганы экен. Акырында айтарым, бул фамилияларды улуттук статустан жалпы жарандык статуска чыгаруу керек. Ошол маанилүү!

Мисалы, менин чоң атамдын аты Абиде, анын тукумунан, тегинен болгондуктан, “тегин” деген сөз жалганган. Биз да бул мыйзамга ылайык, атасынын атына “уулу”, “кызы” деген сөздү жалгасак жакшы болмок.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, журналист, аналитик:

“-нын” мүчөсүнөн өтөөрү жок”

– Албетте, “-ов”, “-ев”, “-ова”, “-ева» дегендерден арыла турган убак эчак жетти. Кыргыздын өз ата тек аталыштарына келсек, “-нын” мүчөсүн колдонуу тилибиздин түпкү табиятына баарынан көп туура келет деп ойлойм. Мисалы, “Манас” эпосунан бери келаткан өз салтыбызга ылайык, менин толук аты-жөнүм Касаболоттун Жыргалбеги же өз атамдын атына карата Асектин Жыргалбеги болуп айтылышы керек. Эпосторубузда да “Акбалтанын Чубагы”, “Азизкандын Алманбет”, “Элемандын Эр Төштүк” деп айтылат да.

Ал эми “тегин”, “теги” деген сөздөр кыргыз тилинде жок. Бул мүчө бир кезде кыргыз каганы Барсбектин, Култегиндин аты-жөнүнөн улам тарап кетти. Андыктан менимче бул туура эмес, анын үстүнө сөздү да узартып жиберет. “-нын” мүчөсүнөн өтөөрү жок.

Гүлзада СТАНАЛИЕВА, филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы:

“Биз деле дүйнөлүк практикадагыдай жазсак…”

– Ошол “-ов”, “-ова” дегендин баары Советтер Союзу учурунда калыптанып калган да. Дүйнөлүк практикага көз жүгүртсөк, өзүнүн аты биринчи анан атасынын же чоң атасынын аты жазылат. Ал эми бизде бул боюнча бир топ вариант бар. Жеке менин көз карашым боюнча, биз деле дүйнөлүк практикадагыдай атын анан эч кандай мүчө улабай эле атасынын же чоң атасынын атын жазып койсок туура болот. Мисалы, кызым Гүлшан Туланова деп катталган. Азыр эми кызым “-ова” дегенди алдырып салып, Гүлшан Тулан деп эле жаздырам деп жүрөт. Чет өлкөгө чыксам да жакшы, өзүмө дагы ошол жагат деп калат. Мен деле ушуну туура көрөм.

Азиз БИЙМЫРЗА уулу, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти:

“Кыргызча эле “уулу”, “кызы” деп жаздырсак”

– Менин туулгандагы фамилиям Биймырза уулу. Ушул эрежени колдонуу менен балдарымдыкын дагы уулу деп жаздырганбыз. Кыргыз болгондон кийин кыргызча эле болгону жакшы деп ойлойм. Советтик түшүнүктөн улам “-ов”, “-ова” дегендерди колдонуп калдык да. Ага чейин деле уулу, кызы деп эле жазылып келген. Маселен, Арстанбек Буйлаш уулу, Токтогул Сатылган уулу, Калыгул Бай уулу. Бай – Калыгул атабыздын үчүнчү атасы. Ал өзүнүн атасына же чоң атасына эмес бабасына жазылган. Ошондой эле тегибизге карата “тегин” деген сөздү дагы кошсок жакшыраак болмок деп ойлойм. Мисалы, биздин уруубузда кадыр-баркка ээ Абылай деген ажы атабыз өткөн. Ошол атабыздын атын да ала жүргүм келет. Мүмкүнчүлүгүм болсо Азиз Биймырза уулу Абылай тегин деп жаздырмакмын. Мындай мисал түрк туугандарыбызда деле кездешет. Айталы, түрктөрдүн Мехмет Акиф Эрсой деген улуу акыны бар. Мехмет – аты, Акиф – атасынын аты, ал эми Эрсой анын уруусунун аты. Бул нерсе майдачылдык же шовинисттик көз караш катары эмес, сыймык катары пайдаланылса жакшы эле деп ойлойм.

Аталган мыйзам долбоору каралып жатканда Мирлан Самыйкожо “тегин” деген сөз туура эмес колдонулуп жүргөнүн айткан. “Бул сөздүн мааниси кимдир бирөөнү же кандайдыр бир нерсени тануу, танып кетүү дегенди түшүндүрөт. Элибизде тегин жерден сөз болбойт, тегин жерден өрт чыкпайт деп коет. Юдахиндин сөздүгүндө “тегин” деген сөз “даром” дегенди түшүндүрүп калат. Кимдин тегисиң же тегиң ким деп сурайт. Кимдин тегинисиң дебейт” – деп түшүндүргөн. Бул боюнча белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов буларга токтолду. 

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, тарыхчы, публицист:

“Теги” деп жазуу

– Эгемендүүлүк доордон бери фамилияларды өзгөртүү же нукура кыргызчага которуу боюнча талаш-тартыш маселе көтөрүлүп келе жатат. Бул мыйзам ошол маселени дагы бир жолу терең талдап чыгып, жыйынтыкка келүү максатында болуп жатат. Архивдик документтер менен иштеп жүрүп “-ов”, “-ова” деген фамилиялар кыргыздарга кийин эле орустун таасири менен келгендигин байкадым. Өзгөчө, 19-кылымдын 70-жылдарындагы тизмелерде -ов, -ова менен аяктаган фамилиялар өтө сейрек учурайт. Ал жерде жөн эле аты жана атасынын аты жазылган. Ал эми 20-кылымдын башынан баштап “-ов”, “-ова” деген фамилиялар кыргыздарга көбүрөөк таңуулана баштаган. Ал түгүл жергиликтүү эл “-ов”, “-ова” дегенди сөзсүз колдонушу керек мазмунундагы талкуу “Туркестанские ведомости” гезитинде 1 жыл бою жүргөндүгүн көрүүгө болот. Анын арасында белгилүү тарыхчы Василий Бартольддун кыргыздарга “-ов”, “-ова” дегендин кереги жок экендигин, чоң атасынын атына “тегин” деген сөздү жалгаштырса туура болорун билдирген макаласы бар. Азыр эми “теги” деген туура болот деп айтып жатышпайбы. Бирок, бул фамилияга туура келбей калат. Биз муну “Мурас” фонду мыйзам чыгаруунун алдында да айтканбыз. Мисалы, Тынчтыкбек Чоротегин, Кожогелди Култегин деп айтылып жатат. “Тегин” дегенди кошкон тарых жагынан дагы, кыргыздар колдонгон жагынан дагы туура келет. Себеби архивдик документтерде “теги” эмес “тегин” деген фамилия көп учурайт. Ушуну эске алуу керек. “Теги” фамилияга туура келбей калат”.

Кытайлык кыргыздарда деле “-ов”, “-ова” дегени жок эле Айнур Турду, Мамбет Турду деп жазылып жүрөт. Биз деле ушуну колдонсок тарыхый аталышка каршы болбойт. Болбосо уулу, кызы дегенди кошуп жазып койсок болот. Негизинен бул мыйзам айрым тарыхый өңүттөгү жазууларды эске алуу менен кабыл алынса жаман болбойт деп ойлойм.

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар