Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

“Жүгүрсөм мекен үчүн жүгүрөйүн! Жүгүнсөм мекен үчүн жүгүнөйүн!”

Элдик курултай керектүү институт экенин мезгил өзү тастыктай баштады. Парламентибиз турса, дагы бир эл өкүлдөрүнүн не кереги бар эле деген скептиктердин, Курултайды элдин бугун чыгарууга арналган “жаңы колизей” атагандардын жаңылганын убакыт өзү көрсөтүүдө. Курултай институту уюмдашып, калыпка түшө баштаганы көз көрүнөө. Тажрыйбалуу курултайчылардын катмары пайда болгону кечээки III курултайда байкалып турду.

Курултай – элдин үнү. Региондордон шайланып келген делегаттар аймактардагы калктын үнүн бийликке жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдешти. Курултайга электен өткөндөр келишти.

Албетте, Президент өзү да  Курултайдын аягына чейин катышып, делегаттардын ар бир сөзүн угуп, суроолорун, сунуштарын, өтүнүчтөрүн өзү жазып, сунуштарды эске алып, алардын ар бирине так жооп кайтарып отурганы институттун баркын көтөрүп, маанисин арттырганы шексиз. Министрлер Кабинети толук курамда катышты. Министрликтер менен ведомстволор, мамлекеттик бийликтин борбордук органдары көчмө кабылдама уюштуруп, делегаттардын суроо-талаптарын каттап, кабыл алып жатышы, Мыйзам чыгаруу бийлиги, сот бийлигинин Курултайга катышканы бийлик бутактарынын курултайга мамилесин тастыктаптурат.

Элдик курултайдын мыйзам долбоорун сунуштоо демилгеси бар. Буюрса, келечекте ал укугунан да пайдаланат деген ойдобуз.

Жергиликтүү маселелер абдан көп айтылды. Аларды талдап, классификациялай келгенде окшош проб-лемалар экени байкалат: таза суу, сугат суу, жолдор, социалдык объектилердин курулушу ж.б. Рес-публикалык масштабдагы демилгелер да аз эмес: Какшаал ГЭСин куруу, сотторду тандоо системасын реформалоо, Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык, Эр Солтонойдун 385 жылдык мааракеси, Манас комплексине заманбап конференц-зал куруу, аскер формасын улуттук стилде өзгөртүү, Кыргыз таануу сабагын киргизүү.

“Балдар эмес, уйлар эс алууда” деп Жалал-Абаддан келген депутат эс алуу лагери талкаланып, балдар эмес азыр ал жерде мал жайылып жүргөнүн айтты. Балким, бул бирөөлөргө майда-барат нерседей туюлаар. Бирок, мунун эч өөнү жок. Мындай көрүнүш бир эле Жалал-Абадда эмес, бүтүндөй республикабызда кездешет. Бишкектен 10-15 чакырым чыгып, “Кыргызстан” санаторийин же союз убагында балдар эс алуучу лагерлерди карагылачы, жүрөк ооруй турган абалда. Демек, Курултайда зээн кейиткен нерселер жаап-жашырылбай ачык айтылганы дурус, тагыраагы зарыл.

Социалдык түйүндөрдө: “Курултай – элдик жыйын. Курултай – мамлекеттин көз карандысыздыгын бекемдөө, улуттук иденттүүлүгүбүздү сактоо, саясий туруктуулук, жарандык укук, маданий деңгээлибизди көтөрүү, аткаруу бийлигинин иштерине баа берүү, келечекке туура багыт алуу тууралуу ар түрдүү эркин көз караштагы,  ар кандай жээктеги, ар башка жаштагы аң-сезимдүү жарандардын  ойлорун ортого салып, кеңешип, ортолук пикирге келүүчү, жети дубандын элинин ынтымагын бекемдөөчү аянтча” деген ойлорун жазып жатышат. Биз бул ойлорго кошулабыз.

Элибиз маанилүү маселе, күнүмдүк көйгөйлөрүн Курултайларда ортого салышкан. Делегаттар суроо-талаптар жана өтүнүчтөр менен эң көп кайрылган министрлик Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги болду окшойт. Аталган министрликке Курултайдын алгачкы күнү эле 180 кат жүзүндө кайрылуу түштү.

Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 38 оозеки, 13 жазуу түрүндө кайрылуу түшсө, мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигине 28 кайрылуу, ТИМге 15 кайрылуу, жалпысынан Курултайдын коомдук кабылдамасына 2 миңден ашуун суроо-сунуштар түшкөн.

Эмесе айрым делегаттардын Курултай жана анын жүрүшү тууралуу ойлорун уксак.

Райымбек УСУПБАЕВ, Панфилов районунан Курултайдын катышуучусу, “Даңк” медалынын ээси, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер:

– Кыргызда “Көч бара-бара түзөлөт” деген кеп бар. Биринчи, экинчи Курултай менен бүгүн аяктаган үчүнчү Курултай формасы окшош болгону менен, маңызы жана мазмуну жагынан аябай эле өзгөчө өттү. Демек, жүрө-жүрө Улуттук Курултай чыныгы маани-маңызына ээ болорунда эч шек жок. Айрым көзгө дароо урунган нерселерди айтсак, экинчи Курултайга миңден ашуун делегат шайланса, бул жолу делегаттардын саны 700 болду. Биринчи, экинчи Курултайдын трибунасынан жергиликтүү деңгээлдеги маселелер көбүрөөк айтылса, бу жолу азыраак айтылды, улуттук масштабдагы ойлор, сунуштар айтылбаса да, баягыдай майда-барат нерселер айтылган жок. Албетте, беш кол тең эмес дегендей, айрым делегаттар Курултайдын чыныгы маанисин түшүнө албаганы көрүнүп турат.

Ал деле мыйзам ченемдүү нерсе. Биз жүздөгөн жылдардан кийин гана Курултайга кайтып жатабыз. Ошон үчүн коомдо Жогорку Кеңеш турса, Элдик Курултайдын кандай зарылдыгы бар деген да суроолор жаралып жатат. Жогорку Кеңеш менен Курултай эки башка нерсе. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу менен алектенет, Министрлер Кабинетин дайындоого макулдугун берет. А Курултайда жалпы улуттук маселелер талкууланып, же мындай, же андай чечимдер кабыл алынышы керек. Айталы, буга чейин айрым маселелерди жалпы элдик референдумга алып чыгып, жалпы элдин добуш берүүсү менен чечип жүрбөдүкпү. Менин оюмча, мына ошондой маселелерди жалпы элдик референдумга алып чыкпай эле, Курултай делегаттары чечсе болот. Референдумда тиги же бу маселенин тагдырын бир ууч эксперттер, мыйзам жазган топ гана чечип, эл “ооба” же “жок” дегенге гана добуш берип, эл чийки май жегендей абалда калчу. А ошол маселе Курултайга алынып чыгып, делегаттар тарабынан талкууланып чечилсе, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө, тиги же бу мыйзамдын бир ууч топтун эмес, жалпы элдин кызыкчылыгында чечилүүсүнө шарт түзүлмөк. Мына ошондо Курултай бийлик менен элдин ортосундагы чыныгы көпүрө болмок.

Айбек КАРЫМОВ, Токтогул районунун Сары-Камыш айылынан Курултайдын катышуучусу, ырчы:

– Ата-бабаларыбыз Элдик Курултайда хан көтөрүп, эл башчыларын, жол башчыларды шайлап, жалпы улуттук маселелерди көтөрүп келген экен. Азыр мамлекет башчысын, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун, Министрлер Кабинетин дайындоонун өз тартиби, тийиштүү жол-жобосу, мыйзамдары бар. Ал эми айылдык, райондук, облустук деңгээлдеги жалпы улуттук маселелерди Курултайда талкуулоого, мамлекет башчысына, тийиштүү министрликтерге жеткирүүгө эмнеге болбосун. Курултай институтун бир-эки жылда эле идеалдуу куруп коюуга мүмкүн эмес. Курултай эле эмес, Жогорку Кеңеш канча жолу өзгөрүп, канча жолу жаңыланды. Демек, Курултай институту да жылдан жылга калыптанып, чыныгы элдик институтка айланарында шек жок.

Гаарба ОРОЗМАТОВ, Курултайдын катышуучусу, акын, жазуучу:

– Дүйнө жүзүндө ар бир улут ааламдашуу дооруна, өзүнүн өнүгүү жолун издеп жаткандай, биз да өз жолубузду издеп жатабыз. Байыркы ата-бабаларыбыз доордон-доорго мурасталган, эл журтту башкаруу-нун адилеттүү, салттуу, нарктуу багыты деп курултайды киргизишкен. Негизинен көчмөндөр цивилизациясы аз убакытта эле жарала калган эмес. Муну кыргыз элинин карт тарыхы тастыктап келет. Биздин бабалар орчундуу жана көйгөйлүү маселесин, урук, уруулар, кандай көйгөй болбосун, аларды чечүү үчүн, кеңешме жыйындарды белгилүү жерлерде өткөрүп турушкан. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, ал жерлер Чеч-Дөбө, Жыйын-Дөбө, Түйүн-Дөбө, Өкүм-Дөбө, Кеңешме-Дөбө, Бүтүм-Дөбө, Чыр-Дөбө ж.б деп аталып калган. Эмне деген сындар, эмне деген доолор болсо, дал ушундай курултайда чечилген. Биз катышкан III элдик курултайда да республиканын аймактарынан келген делегаттардын көйгөйлөрү айтылды.  Ар бир аймак өз делегатын жөнөтүп атып, тийиштүү маселелерди курултайда көтөрүүсүн өтүнүп жиберишет. Албетте баарына сөз берилип, убакыт тийиши ал башка маселе. Курултай өткөн эки күн ичинде көйгөйлөр чечилип кетет деген түшүнүктөн да алыс болушубуз керек. Көйгөйлөр акырындык менен өз ирээти менен, өз жагдайы менен чечилүүдө. «Көч бара-бара түзөлөт” деп айтмакчы, бара-бара козголгон маселелер да жоюлуп баратканы сүйүндүрөт. Албетте, биз Элдик Курултай деп эле, маселе көтөрүүчү жайга, көйгөй көтөрүүчү жайга айлантып албашыбыз керек. Элдик Курултайдын өзүнүн иштеп чыккан жоболору бар. Курултайдын регламентине жараша иш алпарышыбыз керек. Курултайдын эксперттик комиссиясы, Улуттук Кеңештин иштеп чыккан резолюциясы, Курултайдын катчылыгы, жумушчу топтор, делегаттардын айтып чыккан сунуштары эске алынып, аткаруу бийлиги менен бирдиктүү иш алып барганда гана, өз багытына жетет.Өлкөбүздө оош-кыйыш маселелер көп, бирок, жумуштун кандай аткарылып жатканы бизди көбүрөөк ойлондурат. Делегаттар аткаруу бийлигине сунуштарды, кеңештерди берүүгө укуктуу бирок, аткаруу бийлигин толугу менен ким көзөмөлдөйт. Албетте, өлкөнүн президенти. Президент баарына жетише алабы. Элдик Курултай менен мамлекеттик бийлик кызматташуусунда жана бийликтин башка бутактарынын ортосунда, карама-каршылыктар келип чыкпайбы –- деген күмөн ойлор менде жок эмес. Ошондуктан келечектүү кадамыбызды бүгүн ойлоп алсак дегим келет. Конституциядагы Курултайдын келечектеги ордун, жакшылап иштеп чыгып, жаңыча аныктоого умтулган долбоорлорду да эске алып койсок дегим бар. Элдик Курултай коомдук мүнөздөгү же альтернативалык аянт түзүүгө мүмкүнчүлүк берген саясий институт болгондугун далилдеп турат. Сөз алып сүйлөгөн ар бир делегат, өз оюн трибунада каалашынча айтып жатты. Ушунун өзү калыптануунун чоң өбөлгөсү деп ойлойм.

Элдик Курултай дайыма ар түркүн идеялардын, ой- пикирлердин айкашын камсыз кылуучу альтернативдүү саясий аянт боолуусу ылазым.

Кылымдардын чачпагын чечкен бабалардын улуу мурасын, кийинки келечек муунга татыктуу өткөрүп берсек деген изги тилек. Багытсыз чексиздик гана мелтирейт демекчи, багытыбыздан кайтпайлы! Улуттун уңгусун улуулук менен далилдейли!

Эл үмүтүн, журт көйгөйүн, калк мүдөөсүн чечүүдөн тажабайм! Менин урааным: Жүгүрсөм мекен үчүн жүгүрөйүн! Жүгүнсөм мекен үчүн жүгүнөйүн!

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар