Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Өз кумшекерибиз өзүбүзгө кенен жетет

Көз ачып жумгуча кант кызылчасынын түшүмүн жыйноо, өткөрүү мезгили аяктап, кыш кирип келди. Жыл аяктап бара жаткандыгына жана мамлекеттик Кайыңды  компаниялар тобу мекемесинин түптөлүп жаткандыгына байланыштуу “Кошой” ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы, “Кайыңды-Кант” ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү, кумшекер класстеринин төрагасы Алмаз АЛТЫБАЕВ кумшекер өндүрүү тармагы боюнча гезитибизге кенен маалымат берди.

Кумшекер быйыл ашыгы менен өндүрүлдү

А.Алтыбаевдин айтымында, “Кайыңды кант” заводу суткасына 4 000 тонна, ал эми “Кошой” заводу 3 500 тонна кант кызылчасын кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Бирок, жабдыктардын эскилигинен улам бул жылы эки завод биригип суткасына 6 800 тонна кызылчаны кумшекерге айландырган. “Бул жылы биз максималдык түрдө, тактап айтканда, 975 миң тонна кызылча кабыл алдык. Дагы бир кызылча кабыл алуу пунктубуздун маалыматы боюнча айрым жерлерде кабыл алына элек анча-мынча кант кызылчалары бар. Анын баары толук жыйналса бул жылкы кант кызылчасы 1 млн. тоннадай болот. Бул эгемен Кыргызстан тарыхындагы алгачкы рекорддук түшүм. Албетте, качандыр бир мезгилде Кыргызстан кант кызылчасын өтө көп өстүрүп, республикадагы  7 кумшекер заводу 500 миң тоннага чейин кумшекер өндүргөн. Ал кезде биздин кумшекер Россияга, Украинага, Казакстанга жана башка жактарга эскпорттолуп турган. Айдоо аянттарын туура эмес пайдалануудан улам Чүй облусундагы жерлер начарлап, кызылчаларды чирик каптаганда өкмөт тарабынан кызылча өстүрүүгө таптакыр тыюу салынган. Ошентип жыйырма жылдай биз кант кызылчасын экпей калганбыз. Кийин гана акырындык менен бул тармакты жандандырдык. Эгер  1 миллион тонна кант кызылчасын 15 миң гектарга бөлө турган болсок, быйыл бир гектардан 66,6 тонна түшүм алган болобуз. Ошондо биз быйыл жалпы 140 миң тонна кумшекер өндүрөбүз. Айыл, суу чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу башкармалыгынын маалыматы боюнча Кыргызстандын кумшекер боюнча бир жылдык керектөөсү 155 миң тонна. Мунун ичинен кока-кола, нитро сыяктуу сыяктуу суусундуктарга кошула турган импорттук ак кумшекерди алып салсак, бизге 120 миң тонна кадимки кумшекер жетиштүү. Демек, бизде ички керектөөдөн сырткары 20 миң тонна кумшекер быйыл ашыкча. Андыктан 2025-жылы ата-мекендик кумшекердин бир бөлүгүн экспорттой алабыз”, – дейт А.Алтыбаев.

Фермерлерге сунуштар да, талаптар да көп

Кумшекер класстеринин төрага-сынын билдиришинче, быйыл күзүндө жалпы 750 миң тонна кант кызылчасы жыйналат деген божомол болгон. Бирок, дыйкандардын жерди иштетүү ыкмаларын жакшы өздөштүрө баштагандыгынан жана ыңгайлуу климаттык шарттан улам түшүм 1 млн. тоннага чейин жеткен. “Биз эми фермерлер бир гектардан тонналаган кызылча эмес, тонналаган кумшекер алганды үйрөнсө деген максатты көздөп жатабыз. Буга албетте, эки негизги көрсөткүч – кант кызылчасынын салмагы менен анын канттуулугу таасир этет. Фермерлер тапшырган кант кызылчасынын бир бөлүгүн акчалай алса, бир бөлүгүн кумшекер менен алат. Демек, бир гектардан канчалык көп кумшекер алынса дыйканга да ошончо пайдалуу.

Биз Россия, Белорусия кумшекерине кандай атаандаштык жарата алабыз? Ал баа. Албетте, бул эки өлкөдө территория кенен, жаратылыш газы арзан болгондуктан жана Белорусияда социалисттик доордогу колхоз, совхоздор сакталып калгандыктан кумшекерди өндүрүү биздикине салыштырмалуу арзан. А бизде газ кымбат жана жерлер дыйкандарга берилип кеткендиктен айдоо аянттарын масштабдуу иштетүү да кыйын. Ошентсе да биздин негизги өнөктөш фермер экенин эске алып биз ага көп нерсе сунуштоо менен кайра талаптарды да коюп жатабыз. Антип өз ара тыгыз кызматташпасак кумшекер бизнесинин келечеги болбойт”, – дейт А.Алтыбаев.

Ишке ашкан жана аша турган долбоорлор

А.Алтыбаев кумшекер өндүрүү тармагын өнүктүрүү боюнча аткарыла турган жана иш жүзүнө аша баштаган долбоорлор тууралуу айтып берди. “Азыр биз 6 долбоорду даярдап, анын айрымдарын ишке ашыра баштадык. Анын бири заманбап сууну үнөмдөө системасын киргизүү. Ар жылы бизде суу жетишпейт. Андыктан канчалык фермерлер сууну үнөмдөөнү, туура пайдаланууну үйрөнсө ошончолук суу жетиштүү боло баштайт. Муну эске алуу менен Министрлер Кабинети жаңы сугат системасына акча каражатын салууга, бул боюнча атайын программаны ишке киргизүүгө даяр. Биз да ал ишти биргеликте ишке ашырууга кызыкдарбыз. Жакында эле Кыргызстанда жалпы 169 машина-тракторлук станция (МТС) бар экени жана дагы үчөө ишке кирери туу-ралуу маалымат чыкты. Биз дагы бул жакка каражат салууну туура көрдүк. Тагыраак айтканда, кызылча чогултуучу комбайндарды өкмөттүк МТСтердин бир бөлүгү катары киргизели деп жатабыз. Себеби, комбайндарга өзүнчө МТС куруу бул чоң каражатты талап кылат. Мындан сырткары биз ребрендинг жасайлы деп жатабыз. Мындай муктаждык акыркы эки жылда пайда болду. Оор мезгилдерде да “Кайыңды Кант” токтобой иштегендиктен элдин эсинде ушул заводдун гана кумшекери калган. Айрымдар “Кошой” заводу бар экенин да билбейт. А билгендер заводдун кумшекери сырттан импорттолуп келет деп ойлошот. Ошондуктан биз бирдиктүү бир ребрендинг түзүүнү туура көрдүк. Мындан сырткары, быйыл “Agrosooda.kg” онлайн кумшекер биржасын ачууну демилгелеп жатабыз. Бул онлайн биржа аркылуу фермерлер товарын базар баасында сата алат. Майда дүң соо-да түйүндөрү кумшекерди өздөрүнө пайдалуу баада ала алышат. Бул жерде фермерлер максималдуу кирешеге ээ болсо, “Кошой”, “Кайыңды-Кант” кумшекерди сатуу рыногун жакшыртууга, ачык сооданын өнүгүшүнө шарт түзүү ролун ойнойт”, – дейт ал.

Алдыга коюлган максаттар

Ал эми фермерлер үчүн түзүлгөн колдонмо тууралуу айтсам, анын уникалдуулугу – бул колдонмо аркылуу фермер биздин заводдор менен “1 С” боюнча түздөн түз кызматташа алат. Башкача айтканда, ал кант кызылчасын өткөрүп, кайсы бир келишимди тандап алганда анын жеке кабинетинде анын кумшекер жана кызылча боюнча балансы дароо көрүнүп калат. Биз банктар менен кеңешип, келечекте ушул эле колдонмого фермерлерди каржылоо долбоорун киргизели деп жатабыз. Мисалы, фермер биз менен келишим түзгөн убакта анын айдап-себүүсүнө жеңилдетилген насыяны кайдан, кайсыл банктан алары көрсөтүлөт. Ал үчүн фермердин жеке кабинетине анын фермерлик тарыхы толук киргизилет”, – дейт А.Алтыбаев.

Буга улай ал быйыл Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги менен Кумшекер кластеринин ортосунда меморандум түзүлгөнүн ортого салды. Ал документте 2030-жылы 200 миң тонна кумшекер өндүрүүгө жетишүүгө басым коюлган. Ага жетишүү үчүн Кыргызстан кант кызылчасы аянттарын кеңейтип, анын канттуулугун жогорулатуу менен бирге эле кумшекер заводдорунун сырьёну кайра иштеттүү кубаттуулугун суткасына 6800 тоннадан 12 000 тоннага жеткирүү керек. “Эсиңиздерде болсо, быйыл кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында чубалжыган кезек күтүүлөр болгонун ЖМКлар көп чагылдырышты. Келерки жылдары мындай кыйынчылыктар болбос үчүн бир нече чечимдерди кабыл алалы деп жатабыз. Биринчиси, кант кызылчасын тапшыруу боюнча айыл өкмөттөр боюнча кезекке туруу графигин киргизели деп жатабыз. Экинчиси, электрондук кезекке турууну камсыздап, ар бир фермер кайсыл күнү, кайсыл убакта тапшыра ала турганын так аныктоо. Үчүнчүсү, кант кызылчасын кабыл алуу пункттарынын бетондолгон аянттарын кеңейтүү. Себеби, жаан чачындуу күндөрү унаалар тыгылып калган учурлар көп”, – дейт “Кайыңды Кант” ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар