Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Садыр Жапаров: «Өлкө коррупция менен күрөшүүдө туура багытта бара жатат»

Өлкө коррупция менен күрөшүүдө туура багытта бара жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда жасап жаткан кайрылуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, коррупцияга каршы күрөшүүгө ар бир жарандын көмөгү керек.

«Биз ишибизди баштаганда эле коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялаганбыз. Ал күрөш улам барган сайын күчөп, улантыла бермекчи. Сиздердин колдооңорсуз коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес. Коррупцияны жок кылуу ар бир кыргызстандыктын милдети», — деп белгиледи өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат, президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетининин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү да катышып жатат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар