whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСүйүнбек Касмамбетов: "Былтыркы курултайда көтөрүлгөн маселелердин 70 пайызы чечилди"

Сүйүнбек Касмамбетов: «Былтыркы курултайда көтөрүлгөн маселелердин 70 пайызы чечилди»

Былтыркы курултайда көтөрүлгөн маселелердин 70 пайызы чечилди. Бул тууралуу курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Анын айтымында, I курултайда көбүнчө мектеп, бала бакча, ооруканалар сыяктуу ички социалдык маселелер көтөрүлгөн. Ал эми II курултайда чарбалык маселелер, чакан ГЭСтерди куруу, жолдорду салуу жана суу маселеси өтө курч болгон.

«II курултайда делегаттар тарабынан орчундуу көйгөйлөр көтөрүлүп, 3160 сунуш келип түшкөн. Аталган сунуштар боюнча курултайдын катчылыгы, президенттин администрациясы биргеликте бир жыл бою иш алып барды. Жыйынтыгында сунуштардын 70 пайызы аткарылып, калгандары каралууда», — деп белгиледи Касмамбетов.

Ал ошондой эле III Элдик курултайда стратегиялык маселелерге басым жасаларын айтты.

«Быйылкы курултайдын өзгөчөлүгү I жана II курултайга салыштырмалуу агартуу тармагынан 169, андан кийинки орунда курулуш тармагынан көп өкүлдөр келишти. Эгерде делегаттар массалык маалымат каражаттарына же министрликтерге же түз эле президентке кайрылса да, ар бири курултайдын катчылыгына катоого алынуу менен сөзсүз түрдө эске алынып, кийинки жылга аткарылууга милдеттүү түрдө жиберилет», — деди ал.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар