III Элдик курултайдын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери делегаттар менен иш алып барууда.
Ведомстводон билдиришкендей, курултайдын алгачкы күнүндөгү тыныгуу учурунда аймактардан келген делегаттар сунуш-пикерлерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнө жазуу түрүндө калтырышууда.
Белгиленгендей, бүгүн курултайдын биринчи бөлүгү саат 19:00гө чейин уланып, жүрүшүндө 150 делегатка сөз берилери белгилүү болду. Элдик жыйын 2 күн бою Улуттук филармонияда өткөрүлөт.