whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомIII Элдик курултай: Финансы министрлигине 50дөн ашык кайрылуу түштү

III Элдик курултай: Финансы министрлигине 50дөн ашык кайрылуу түштү

III Элдик курултайда Финансы министрлиги делегаттардын кайрылууларын кабыл алууда. Бул тууралуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кагаз түрүндө түшкөн кайрылуулардын саны элүүдөн ашты. Министрлик алардын ар бирин карап чыгып, каржылоо маселесин чечүүгө аракет жасайт.

“Делегаттар өзгөчө социалдык көйгөйлөр боюнча кайрылып жатат. Мисалы, таза суу, сугат суу долбоорлорун каржылап берүү маселелерин көтөрүштү. Аймактарда жасалып жаткан бир катар иштерге өнүктүрүү фонддун, жергиликтүү бюджеттин каражаты жетпей калды деп айтышты. Бардык кайрылууларды биз кагаз түрүндө кабыл алып жатабыз. Курултай жыйынтыкталгандан кийин иш жүзүндө биз мүмкүнчүлүктөрдү таап, каржылаганга аракет кылабыз”, — деди Руслан Сүйналиев.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар