Гонконгдо турак жай комплексиндеги өрттөн ондогон киши каза болду

0
2491

Гонконгдун Тай По районундагы көп кабаттуу турак жай комплексинде чыккан өрт кеминде 44 адамдын өмүрүн алды, дагы 15 киши жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.

Өрт күндүз тутанып, имараттарды курчап турган бамбуктан курулган курулуш тияталары аркылуу бат жайылып кеткен. Жалпысынан 7 көп кабаттуу үйдү жалын каптап, 700гө жакын тургун эвакуацияланды.

Куткаруучулар өрттү өчүрүү үчүн автолестницаларды колдонуп, коопсуздук деңгээлин эң жогорку — 5-деңгээлге көтөрүштү. Тургундар тарткан видеолордо имараттардын терезелеринен жалын улам күчөп чыгып, калың түтүн асманга тараганы көрүнгөн.

Каза болгондордун тогузу окуя болгон жерде жан берген, төртү ооруканада көз жумду. Өрттүн себептери тактала элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз