– Аида айым, эгемендик учурундагы поэзия тууралуу кеп кылардан мурда улуттук көркөм сөз өнөрүнүн уңгусун түптөгөн “Манас” эпосу баштаган эпосторубузга кайрылсакпы дейм.
– Жакшы болот. Кыргыз сөз жандуу эл. Сөзгө өтө чоң маани берген. Негизи адам баласынын өмүрү төрөлгөндөн акыркы сапарга узаганга чейин ыр менен коштолот. Дүйнөнүн башка элдеринен айырмаланып, бизде улуттук руханий зор казынабыз бар. Көлөмү, ички мазмундук ар тараптуулугу жагынан дүйнөдө теңдеши жок “Манас” үчилтиги, ага салыштырмалуу “кенже” делип шарттуу айтылган “Эр Төштүк”, “Кожожаш”, “Кедейкан”, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Эр Табылды”, “Сарынжи-Бөкөй”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Жаңыл мырза” сыяктуу 30дан ашык эпостор, элдик лирикалык ырлар, акындар чыгармачылыгынын үлгүлөрү ж.б.
Мазмуну боюнча алабызбы, же формалык түзүлүшү жагынанбы, алардын ар бири кайталангыс. Элдин дүйнөтаанымынын өзгөрүшү ал чыгармалардан даана көрүнүп, алардын кайсынысы мурда-кийин жаралганын мазмунунан боолгологонго болот. “Манас” өзүнчө узун сөз. Ал эми “Эр Төштүктө” дүйнөнү үч катмарлуу элес-теткен элдик дүйнө элеси бар, болгон окуялардын бардыгы “төшү түктүү” жерге байланыштырылат. “Төштүк” деген ысымдын келип чыгышы да “төшү түктүү” жер менен байланышкан эмеспи деп ойлойсуң.
“Кожожашта” – адам-жаратылыш маселеси, “Кедейканда” адилет хан жөнүндөгү элдик эңсөө, баатырлык эпостордо жоокердик заман, элдин басып өткөн жолу, анын ичинде “Курманбекте” – ата-бала, Сарынжи-Бөкөйдө адам жалгыздыгы, ага-тууган маселеси, “Олжобай менен Кишимжанда” инцест, б.а. кан аралашууга жол бербөө, “Жаңыл мырзада” аялдык теңдикти көздөгөн элдин кыялый бунту чагылдырылган.
Бешик ырлары менен кошоктордо кыргыз аял затынын кыялы, тилеги, үмүтү, арманы, бугу, эңсөөсү, кусалыгы, айтор баары бар. Бешик ырларында, кошокто аял ачылат, чачылат. Же эч нерсени айтпайт жаап-жашырат, арманын да, кусалыгын да ичине катып, пенделигинен өйдө болуп, каза болгондун жамандыгын жашырып, жакшылыгын көтөрө чалып, ырга кошкон. Аялзатынын улуулугу ушунда.
Акындар чыгармачылыгында дагы бир чоң тема Жер, Суу, От, Шамал тууралуу ойлор. Ал элдин дүйнө таанымына негизделип ырдалган. “Аккан суу” менен “Дүнүйө” темасы элдин жан-жаратылышка мамилесин дагы бир жолу көрсөтөт. Заманист акындардын ырлары доор коогасын салмактап, алдыда келээр турмушка пайгамбарлык кылган касиетке ээ. Элдик поэзияда сөзгө алынбай калган көрүнүш жок. Кыргыз жазма адабияты ХХ кылымдын 20-жылдары башталган кезде дагы жетектөөчү ролду поэзия ээлеген.
– Кыргыз профессионалдык адабияты Советтер Союзу учурунда кандай калыптанды, кандай өнүктү деп баа берет элеңиз?
– Өткөн кылымдын 20-жылдары фольклордун кучагынан жаңы эле суурулуп чыккан кыргыздын туңгуч жазма адабиятынын алгачкы өкүлдөрү Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Аалы Токомбаев, Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөмбаев, Касымалы Баялинов, Кубанычбек Маликов, Молдогазы Токобаев жана башкалар адабияттын бардык жанрларында калемин сынашып – поэзия, проза, драманын; ал тургай өздөрү жазган чыгармаларды сахналаштырып, андагы ролдорду аткарышып – кыргыз театрынын; бири-биринин жазгандарына сын-пикир айтуу менен – кыргыз адабият таануусунун, адабий сынынын; коомдогу маселелерди, көйгөйлөрдү чагылдырган макалаларды жазышып – кыргыз публицистикасынын, алгачкы басылманы негиздешип – кыргыз журналистикасынын баштоочуларынан болушту. Алар жазган “Октябрдын келген кези” (А.Токомбаев), “Жер алган кедейлерге” (Ж.Бөкөнбаев), “Зарыгам” (М.Элебаев), “Ленин жолу” (Ж.Турусбеков) ырлары өздөрүнүн – программалык чыгармалары, ал эми кыргыз адабиятынын – реалисттик үлгүлөрү болуп калды. Аталган акындар жашаган доордо адабият коомдун күзгүсү болуп, турмуштук чындыктар өз боёгунда чагылып жүрүп отур-ду. 20-жылдары Октябрды даңазалоо, аялдар теңдиги, илим-билимге суусоо негизги тема болсо, 30-жылдары акындардын көңүлү көбүнчө эмгек темасына бурулду. Согуш жана тынчтык темасы басымдуу орун алган 40-50-жылдары Т.Сыдыкбековдун, К.Жантөшевдин негизги романдары жарык көрүп, бул мезгил кыргыз адабиятына чолпондой жанган Алыкул Осмонов деген улуу акындын поэзиясын берди. Адабиятка 30-жылдары келген Т.Үмөталиев, А.Токтомушев, Р.Шүкүрбековдордун жылдызы жанды. М.Алыбаев, К.Эсенкожоев, Ж.Ашубаев, Т.Шамшиев, К.Эшмамбетов, Э.Узакбаев, Я.Шываза, Н.Чекменов, С.Сасыкбаев сыяктуу жазуучулар да чыгармачылык жөндөмүн көрсөтүшүп, жеке чыгармачылыктарынан тышкары өздөрүнөн мурдагылар баштаган көркөм котормону андан ары өнүктүрүштү. Чыгармачылыгын ыр менен баштаган айрым жазуучулар биротоло кара сөз жазууга адистешишти. Ушул мезгил тилкеси адабиятта Чыңгыз Айтматов деген залкар жазуучуну жаратты. 60-70-жылдары болсо жалпы совет адабияты, анын ичинде кыргыз адабия-ты, өз тарыхында болуп көрбөгөндөй өнүгүп-өстү.
– Өзүңүз билесиз, анын бардыгы шыдыр эле жүрүп кеткен жок да. Каршылашуу, салгылашуу болду дегендей…
– Албетте, ал азыр эч кимге жашыруун эмес. Адабият өз кезегинде кагылышкан салгылаштардын, каршылашкан идеялардын майданына айланды. Кийин “адабият майданы” деп айтылып калган түшүнүк 20-30-жылдардын адабиятына өзгөчө туура келет. Адабият алптарынын кырчылдашкан кагылышы Касым Тыныстановдун жана ал баштаган айрым чыгармачыл инсандардын 1937-жылдагы сталиндик репрессиянын курмандыгына айланышын шарттады. Бул – жеке эле К.Тыныстановдун эмес, жалпы кыргыз адабиятынын аталган акынга жана башка калемгерлерге байланышкан трагедиясы.
– Мунун себеби эмне болгон деп ойлойсуз?
– Идеология. Партиялык жетекчилик, керек болсо көрсөтмөлүүлүк адабияттын идеялык-көркөмдүк багытын аныктап, жазуучулардын алдына чоң милдеттерди койгон. Адабият өкүлдөрү коомдогу чоң күч катары эсептелген. Жалпы совет адабиятында орун алган соцреализм методуна ылайык алардын чыгармаларында жалпысынан социалисттик турмушту оптимисттик маанайда чагылдыруу, тап күрөшү, идеологиялык мазмун, оң-терс каармандар чагылдырылган. Бул айрыкча 20-30-40-жылдардын чыгармаларынан көрүнөт. Бирок аталган рамкага сыйбай, дүйнөнү башкача көрө билген тажрыйбалар А.Осмоновдун поэзиясында болгондугу кечирээк
байкалды.
– Кыргыз жазмакерлери идеологиялык рамкадан өткөн кылымдын 60-жылдарынан баштап бошоно башташты көрүнөт?
– Ооба. 60-70-жылдардын поэзиясы жөнүндө сөз кылганда, С.Эралиев (“Жылдыздарга саякат”), Р.Рыскулов (“Космостук манифест”), М.Абылкасымова (“Эстелик сүйлөйт”), С.Жусуев (“Тирүүлөргө”) сыяктуу акындардын ысымдарын кыйгап өтүү мүмкүн эмес. Алар адабиятка бир гана мазмундук эмес, формалык жактан дагы жаңылык алып келишти. “Жылдыздарга саякат”, “Космостук манифест” — адам баласынын, андан дагы советтик адамдын, космоско учушуна шыктанган, жердик темалардан жогорку абстракцияны чагылдырган поэмалар болсо, “Эстеликтер сүйлөйт”, “Тирүүлөргө” – Улуу Ата Мекендик согуш темасына арналып, ички сюжеттик өзөгү, образдар системасы буга чейинки поэмалардан кескин айырмаланды. М.Абылкасымованын поэмасындагы жансыз эстелик менен сүйлөшкөн каралуу эненин образы жаңылык болду. Поэзиядагы булар аркылуу башталган ак ыр формасы дагы башка бир катар таланттуу акындардын чыгармачылык тажрыйбасы болуп калды.
– Ушул жылдары улуттук адабиятка акын кыз-келиндерден бир топ ысымдар кошулду окшойт?
– Туура айтасыз, 60-жылдары адабиятта кыз-келиндердин карааны даа-на көрүндү. Нуркамал Жетикашкаеванын аркасынан адабиятка келген Сатин Абдыкеримова, Мариям Буларкиева, Субайылда Абдыкадырова, Нинакан Жүндүбаева, Зуура Сооронбаева, Тенти Адышева, Жумакан Тынымсеитова, Гүлсайра Момунова өз сөздөрүн айтууга үлгүрүштү. Акын катары
таанылышты.
Кыргыз совет адабиятынын дейбизби, же улуттук адабияттын дейбизби, гүлдөгөн доору ошол жылдарга туура келсе керек деп ойлойм.
Совет доорунда кыргыз адабияты толук өнүгүп, төл башы акындар баштап, андан кийин А.Осмонов өзүнчө бийиктикке чыгарып кеткен поэзия кийинки өнүгүүсүндө дагы көп акындардын ысымын атай алабыз Алар: Байдылда Сарногоев, Жалил Садыков, Совет Урмамбетов, Омор Султанов, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Беганас Сартов, Роза Карагулова, Табылды Муканов, Тургунбай Эргешов, Сүйөркул Тургунбаев, Төлөгөн Мамеев, Асан Жакшылыков, Алым Токтомушев, Сагын Акматбекова, Шербет Келдибекова, Роза Мукашева, Калбүбү Сариева, Айгүл Узакова, Уруниса Маматова, Чынара Унурова, Алымкан Тыналиева ж.б.
– Булардын арасынан Байдылда Сарногоев улуттук колорити менен айырмаланып турат деп айтсак болот. Сиз кандай дейсиз?
– “Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн жаралган” дегендей, Б.Сарногоевдин поэзиясы улуттук колоритти таасын байкаткан, ошонусу менен окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан, сүймөнчүлүгүнө татыган поэзия болду. Анын ырларында салттуу улуттук колорит менен дүйнөлүк поэзиядан алган таасирлери ширелишип турат. Байдыкебиздин ырларынын күчү, деми мына ошондо. Анын, айрыкча, 1982-жылы чыккан “Ашуудан берген отчетум” китеби бестселлер, башка жаздап окуй турган китепке
айланды.
Бул жөнүндө көрүнүктүү адабиятчы О.Ибраимов: “Адабиятта сенсация болот дегенди ошондо биринчи жолу көрдүк. Китеп бир нече айдын ичинде элге тарап кетти. Ансыз да китептер өтпөй, каражатсыз турган басмалар ошол эле китепти экинчи жолу басты. Дагы заматта тарап кетти. Баарынан кызыгы: чыныгы «Эл акыны» деген кандай болорун ошондо билдик. Байдыке эч кандай расмий наамы жок туруп чыныгы «эл акыны» ким экенин көзгө сайгандай далилдеп койду. «Алтынды дат баспайт, басса да көп баспайт» деген кеп ушундан улам айтылып калса керек.
Байдылда Сарногоевдин акындык күчү эмнеде? Анын күчү – элдигинде, массалыгында эле. Поэзиясынын элдик мүнөзүндө, нака демократизминде эле. Анын салттуу ыр маданиятынын чегинен чыкпай туруп, ошол салттуу ыр маданиятын не бир заманбап ойлор, актуалдуу түйшөлүүлөр менен байытканында эле” (Ибраимов, 2018) деп
жазган.
(Уландысы бар)
Маектешкен
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”


