“Кыргыз Туусу” гезитинин № 82 санында (2025-жылдын 31-октябры) жарыя болгон макалада Кытай Коммунисттик партиясынын 20-чакырылыштагы Борбордук Комитетинин 4-пленуму жана анын жыйынтыктары жөнүндө сөз болгон.
Пленумда 14-беш жылдыктын (2021-2025-ж.ж.) максаттары менен коюлган милдеттер негизинен орундалып бүтүп бара жаткандыгы жана алдыдагы 15-беш жылдык планды (2026-2030-ж.ж.) турмушка ашыруу өткөн менен болочокту бириктирип турган мезгил боло тургандыгы баса белгиленген, анткени, өткөн мезгилдин жетишкендиктерине таянуу менен келечекти карай жол ачылып, өлкө 2035-жылга карата социалисттик модернизацияны толук масштабдуу ишке ашырууга киришет.
Ооба, учурда иштелип жаткан жана 2026-жылдын март айында Кытайдагы жогорку мыйзам чыгаруу органы болгон Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйыны (БКЭӨЖ) тарабынан бекитиле турган ХV беш жылдык план Кытайды толук кандуу модернизациялоого карай өткөөл этап катары каралып жатат. Ушундан улам Кытайды модернизациялоо идеясы кийинки 5 жылдык пландын өзөктүү идеясы болуп калат деп айтууга болот.
Чынында “модернизация” деген термин бизге жакшы тааныш, анткени СССР доорундагы 1985-жылдан тарта КПССтин Борбордук Комитетинин Генералдык секретары М.С. Горбачев баштаган “перестройка”, “гласность” деген процесс ошол социализмди модернизациялоого багытталгандай болгон, мурдагы доор “сенектик доору” деп аталып, социалдык-экономикалык түзүмдү реформалоо иштери башталган. Бирок жыйынтыгы чыкпай, акыры барып СССР деген державанын кыйрашы менен бүттү.
Ал эми Кытайда болсо бул сөзгө өзгөчө маани-мазмун берилип жатат. Ошондуктан бул макалада сөз “социалисттик модернизация” жөнүндө, же болбосо “кытай өзгөчөлүгүндөгү модернизация” жөнүндө болмокчу.
Кытайда социалисттик модернизацияланган мамлекетти курууну эки этап менен турмушка ашырууну көздөп жатышат. Биринчи этап – 2020-жылдан 2035-жылга чейин – бул мезгилде социалисттик модернизациялоонун максаттарына негизинен жетүү каралууда. Экинчи этап – 2035-жылдан 2050-жылга чейин – бул мезгилде толук кубаттуу экономикага, кытай өзгөчөлүгүндөгү демократияга, маданий цивилизацияга, социалдык гармонияга жана экологиялык сулуулукка ээ болгон модернизация-ланган социалисттик өлкөнү толук куруп бүтүү белгиленүүдө.
Кытайды модернизациялоодо – Кытай Эл Республикасынын Төрагасы жана ККП БКнын Генералдык секретары Си Цзиньпиндин ролу чордондуу, системдүү жана концептуалдуу. Анын учурда кыргыз тилине которулуп басмадан чыгып жаткан 4 томдук эмгектеринде кытай модернизациясынын азыркы этабынын бардык өңүттөрү жана келечеги толугу менен ачылып көрсөтүлгөн.
Си Цзиньпин өзүнүн ККПнин XX съездиндеги (2022-жылдын 16-октябры) докладында: “Кытай өзгөчөлүгүндөгү модернизация – бул Кытай Коммунистик партиясынын жетекчилигиндеги социа-листтик модернизация. Бул модернизацияда модернизациялоонун жалпы мыйзамченемдүүлүктөрү менен кытай шарттарынын өзгөчөлүктөрү айкалышып турат”, – деп айткан. Ошону менен ал “кытай өзгөчөлүгүндөгү модернизация” социалисттик, көз карандысыз жана маданий жагынан өзгөчөлөнгөн жол экендигин, Кытай бул иште батыштын үлгүлөрүн көчүрүп пайдаланбай тургандыгын, өз тарыхына жана өз маданиятына шыктануу менен модернизациялоодо өз жолу менен бара тургандыгын белгилеген. Ал эми 2023-жылдын март айын-да өткөрүлгөн “Кытай жана дүйнөлүк саясий партиялар” деген форумда: “Кытай өзгөчөлүгүндөгү модернизация – бул бөтөндөрдүн үлгүсүнүн көчүрмөсү эмес, бул кытай элинин ККПнын жетекчилиги астындагы чыгармачыл изденүүлөрүнүн жыйынтыгы, ал модернизацияга карай жол жалгыз эмес экендигин көрсөтүп турат”, – деп айткан. Ушундан улам кытай модернизациясы – бул батыш модернизациясына карата альтернатива, ал кытай өзгөчөлүгүндөгү социализм идеясына, кытай элинин миңдеген жылдык маданий салтына жана Кытайдагы реформалардын иш жүзүндөгү тажрыйбасына негизделген деп айтууга болот.
Модернизация Кытай Коммунисттик партиясынын түздөн-түз жетекчилигинде ишке ашырылып жатат. Мына ушунун өзү орчундуу фактор болуп саналат. Анткени Кытайдын мамлекеттик башкаруусунда Компартия уңгулуу ролду ойнойт, өлкө анын бирдиктүү жана ар тараптуу жетекчилигинде турат. Коммунисттик партиянын жетекчилиги гана модернизациянын туура багытын жана анын “социалисттик мүнөзүн” камсыз кыла ала тургандыгын, ошондой эле аны “капиталисттик өңүттөгү катачылыктардан” коргой ала тургандыгы жөнүндө Си Цзиньпин көп эле жолу айткан. Ошондуктан 4-пленумда Компартиянын жана анын Борбордук Комитетинин беделин чечкиндүүлүк менен жана кыйшаюусуз коргоонун, анын бирдиктүү борболоштурулган башкаруусун колдоо-нун зарылдыгы баса белгиленип жатат.
Кытайдагы модернизация жөнөкөй эле экономикалык өсүүгө багытталган эмес, ал коомдун ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталуу менен төмөнкүдөй маанилүү беш өзөктүү мүнөздөмөнү өзүнө камтыйт:
Биринчиси. Масштаб (калктын көптүгү, процесстин ичине 1.4 млрд адам камтылган, мындай иш тарыхта дагы, азыркы замандагы дүйнөдө дагы жок). Кытайдын модернизациясы масштабдын зордугу, ар түрдүүлүк жана өлкөдөгү демографиялык кырдаал менен шартталган кыйынчылыктардын болуп көрбөгөндөй топтомуна тушугуп жатат. Негизги чакырык – бул ар тараптуу модернизацияны коомду бөлүп-жарбастан, анын бардык катмарларын камтуу менен жүргүзүү, ошол эле учурда өсүп-өнүгүүнү, туруктуулукту жана социалдык бейпилдикти сактоо.
Экинчиси. Экономиканы, маданиятты, билим берүүнү жана руханий чөйрөнү бир кылка текши өнүктүрүү. Кытайдын модернизация теориясында, айрыкча Си Цзиньпиндин эмгектеринде, экономиканы, маданиятты, билим берүүнү жана руханий чөйрөнү бир кылка текши өнүктүрүү бирдиктүү жана өз ара байланышкан процесс катары каралат, бул процесс өлкөнүн туруктуу жана шайкеш өнүгүүсүн камсыз кылуусу кажет. Ушунун өзү кытай өзгөчөлүгүндөгү модернизацияны айырмалап турган маанилүү
жагдай.
Үчүнчүсү. Адам менен табигаттын ортосундагы гармония, экологиялык туруктуулук. Кытайда адам менен табигаттын ортосундагы гармония жана экологиялык туруктуулук кадимкидей эле жүргүзүлүп жаткан экологиялык саясат эмес, бул модернизациянын бүтүндөй моделинин философиялык жана идеологиялык пайдубалы. Муну “ар тараптуу модернизациялоонун” беш өзөгүнүн маанилүү тиреги десек болот. Кытай Конфуцианство (адам менен асмандын биримдиги), Даосизм (табигатка шайкеш болуу, табигый мыйзамдарга каршы турбоо) жана Буддизм (жашоонун бардык формаларына сый мамиле кылуу) сыяктуу салттуу окууларга таянат. Ошондуктан Си Цзиньпин өз сөздөрүндө адам табигатка кожоюн эмес, ал болгону анын бир бөлүгү экендигин, ушундан улам модернизация табигаттын мыйзамдарынын нугунда болуусу керектигин көп кайталайт.
Төртүнчүсү. Бардыгы үчүн жалпы өсүп-өнүгүү, адамзаттын тагдырлаш коомдоштугун калыптандыруу. Бул мүнөздөмөнүн мааниси өнүгүү адилеттүү жана ар кимге жеткиликтүү болуусунда. Кытайда жалпы өсүп-өнүгүү дегенди, биринчиден, байлык болушунча текши бөлүштүрүлүшүн, экинчиден, социалдык кызмат көрсөтүүлөр (билим, медицина, турак-жай, пенсиялык система) бардыгына жеткиликтүү болушун, ошондой эле, үчүнчүдөн, жеке өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү кайсы аймакта жашагандыгынан, тегинен жана кирешесинин өлчөмүнөн көз каранды болбошун түшүнүшөт. Бул теңдештирүү же менчикти коомдоштуруу дегенди түшүндүрбөйт, аныгында бул теңсиздиктин жондон баскан басымын төмөндөтүүгө, ошондой эле адамдардын иштөөгө жана ишкердикке умтулуусун сактап калууга
багытталган.
Адамзаттын тагдырлаш коомдоштугу – бул Кытайдын тышкы философиясы, ал жалпы өсүп-өнүгүү идеясынын уландысы болуп саналат. Эгерде Кытайдын ичинде “бардык адамдардын биргеликте өсүп-өнүгүүсү” жөнүндө айтылып жатса, анда эл аралык деңгээлде болсо “бардык өлкөлөрдүн биргеликте өсүп-өнүгүүсү” жөнүндө сөз болуп жатат. Аныгында бул эки концепция өз ара байланышта, ошондуктан азыркы заманды Кытай кош гармониянын зарылчылыгы катары карайт:
1. Өлкөнүн ички гармониясы – туруктуулук, бирдей мүмкүнчүлүк, өз маданиятына ишенимдүүлүк; 2. Өлкөлөр ортосундагы гармония – кызматташтык, биргеликте өнүгүү, көп полярдуулук. Бул эки концепция тең Кытайдын салттуу идеясы болгон: “дүйнө кенен, бирок тагдыр бир” – деген накыл сөзгө негизделет.
Бешинчиси. Тынчтык жолунда өнүгүү, колониализмди, согуштук экспансияны жана гегемонияга умтулууну четке кагуу. Кытай өз өнүгүүсүн күчкө таянуу же гегемонисттик процесс катары карабайт, ал өз өнүгүүсү кызматташтык, өз ара пайда, экономикалык ачыктык, башка өлкөлөрдүн суверенитетин урматтоо аркылуу болуп жатат дейт. Си Цзиньпиндин сөзү менен айтканда: “Кытайдын өнүгүүсү – дүйнө үчүн мүмкүнчүлүк, дүйнөгө коркунуч эмес” – деген формула болуп калат. Кытай ар бир эл өнүгүүдө өз жолун тандоого укуктуу деген позицияны карманат, “өнүгүүнүн универсалдуу модели” дегенди четке кагат, ошондой эле сырт жактан өнүгүү моделдерин таңуулоого каршы турат. Ушундан улам эл аралык кызматташтыктын бардык программалары (анын ичинде “Бир алкак – бир жол” дагы бар) “биргеликте талкуулоо, биргеликте куруу, бирдей пайда көрүү” деген принципке негизделет. Кытай тандап алган тынчтык шартында өнүгүү жолу “адамзаттын тагдырлаш коомдоштугун куруу” деген кеңири идеянын практикалык жагы гана болуп эсептелет, дүйнөдө эч кимдин үстөмдүгү жок болуп, бардык өлкөлөр биргеликте өнүгүүсү керек экендиги айтылат.
Жогоруда айтылгандай модернизациянын башкы максаты XXI кылымдын орто ченине карата “кубаттуу, гүлдөп-өсүп бара жаткан, демократиялык, цивилизацияланган, модернизацияланган социалисттик державаны” куруу. Ал эми кыска мөөнөттөгү болочокто болсо 2035-жылга чейин социалисттик модернизациянын максаттарын негизинен турмушка ашыруу каралган.
Атап айтканда, экономика чөйрөсүндө Ички дүң продукциянын (ИДП) киши башына карата өлчөмүн 2020-жылга караганда эки эсеге көтөрүү, инвестициялардын эсебинен өсүүдөн – инновациялардын эсебинен өсүүгө өтүү, заманбап индустриялык системаны жана глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү технологияларды калыптандыруу. Ал эми илим жана технологиялар чөйрөсүндө болсо орчундуу тармактарда (микроэлектроника, жасалма интеллект (ЖИ), биотехнология-лар, энергетика) илимий-техникалык өз алдынчалыкка жетишүү жана инновациялар, жасалма интеллект жана “жаңы сапаттуу өндүргүч күчтөр” боюнча дүйнөлүк лидерликке жетишүү. Социалдык чөйрөдө болсо “жалпы жыргалчылык” принцибин турмушка ашыруу жана социалдык камсыздоонун жогорку сапаттагы системасын түзүү көздөлүп жатат. Бул деген кирешелерди адилет бөлүштүрүү, билим алууга, медициналык тейлөөгө, турак жайга ээ болууга бирдей мүмкүнчүлүк берүү дегенди түшүндүрөт. Экология чөйрөсүндө болсо 2030-жылга карата көмүр кычкыл газын (СО2) бөлүп чыгаруунун эң жогорку көрсөткүчүнө жетүү, жашыл энергетиканын үлүшүн көбөйтүү жана жашоонун жашыл ыңгайын кадимки көрүнүшкө айлантуу пландалууда. Ошондо 2030-жылдан ары карай Кытайда көмүр кычкыл газын атмосферага бөлүп чыгаруунун көлөмү кыскартыла баштайт.
Ал эми 2035-жылдан 2049-жылга чейинки орто узактыктагы этапка болсо кадыресе амбициялуу план коюлган – бул Кытай Эл Республикасынын 2049-жылы белгилене турган 100 жылдык мааракесине карата социалисттик модернизацияланган державаны толук кандуу куруп бүтүү. Ошол учурга чейин Кытай дүйнөдөгү алдыңкы инновациялык державага жана глобалдык таасир берүүчү борборго айланууга тийиш. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги “орточо бардар” коом (сяокан) калыптанып бүтүп, өнүккөн өлкөлөр менен тең катар жашоонун жогорку деңгээли камсыз кылынмакчы.
Албетте, бул маалыматтын окурмандарда суроо жаратуусу табигый нерсе – жарыя кылынган модернизациянын максаттарына жетүүгө реалдуу негиздер барбы? Анткени Советтер Союзу учурунда мындан ашса ашып, кем болбой турган максаттар коюлбады беле – 1980-жылга карата коммунизм негизинен курулуп бүтмөк. Бирок ал максаттар куру кыял бойдон калды, миллиондогон калктын үмүт-тилеги аткарылбады, а түгүл теңирден тес-кери натыйжага келип, дүйнөдө экинин бири болуп турган СССР деген улуу держава кулап түшүп, дээрлик бардык постсоветтик республикалар социалисттик идеядан баш тартуу менен батыш үлгүсүндөгү либерализмге кирип кетти да. А жаныбыздагы Кытай улуу державага айланды, эми үстүбүздөгү кылымдын ортосуна чейин модернизацияланган социалисттик улуу держава курууну максат кылып коюп жатат.
Кытай боюнча эксперттердин басымдуу бөлүгү кытай модернизациясынын максаттарына жетүүгө толук негиздер бар деген пикирде, анткени бүгүн Кытай дүйнөгү эң ири экономикага кирген өлкөлөрдүн үчөөнүн бири, ички дүң продукциясы (ИДП) 2024-жылы 126 трлн. юандан ашты, бул 17 трлн. АКШ долларына барабар. Ошондой эле Кытай дүйнөдөгү эң ири өнөр жай базасына ээлик кылат (бул дүйнөлүк өндүрүштүн 28 пайызы), 5G, күн энергетикасы, электромобиль, ылдамдыгы жогору поезддер, финтех боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат, инфратүзүмү абдан өнүккөн – жогорку ылдамдыктагы 40 000 чакырым темир жол, дүйнөдөгү эң чоң автомобил жолдорунун жана деңиз портторунун тармагы бар. Кытай илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык конструктордук иштерге салынып жаткан инвестициялар боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт (бул ИДПнын 2.7 пайызы) , ал эми патенттердин саны боюнча биринчи орунда. Кытайда жасалма интеллект боюнча улуттук кластерлер өнүгүп жатат (Бээжин, Шэньжень, Ханжоу), микроэлектроникада, авиакурууда, кванттык технологияларда жана биомедицинада өздөрүнүн экосистемасын түзүп жатышат, “Кытайда жасалган 2025” жана “Жаңы сапаттуу өндүрүш күчтөрү” сыяктуу улуттук программалар ишке киргизилүүдө.
Андан тышкары Кытайда абсолюттук жакырчылык жоюлган, 770 миллиондон ашуун адам жакырлыктан чыгарылган, жалпы медициналык камсыздандыруу системасы өнүгүп жатат (учурда 95% калк камтылып турат), билим берүү системасы бекемделүүдө, окуу жашындагы балдардын дээрлик бардыгы 9 жылдык билимди милдеттүү түрдө алышат, дүйнөлүк деңгээлдеги университеттердин саны өсүүдө.
Кытай биздин жакын коңшубуз, “алыскы туугандан жакынкы коңшу” дегендей, Кытай Эл Республикасынын ийгиликтери бизди кубандыруу менен өлкөбүздү өнүктүрүп кетүүгө шык берип туруусу абзел.
Эмилбек КАПТАГАЕВ,
мамлекеттик жана коомдук ишмер

