Учурда Бишкекте «Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу боюнча 16 күндүк активдүүлүк» эл аралык өнөктүгү өтүп жатат. 16 күндүк активдүүлүк – бул жыл сайын дүйнө жүзүндө өткөрүлүүчү эл аралык өнөктүк болуп, ал гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшүүгө, коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана мамлекеттерди, уюмдарды аракетке чакырууга багытталган.
«Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» эл аралык өнөктүгү Бишкекте Улуттук тарых музейинде салтанаттуу ачылды. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, быйылкы өнөктүк Пекин декларациясынын жана иш-аракеттер платформасынын 30 жылдыгына арналган жана «Аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн биригүү» деген жалпы ураан астында өткөрүлүүдө.
Иш-чараны Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве ачып, гендердик зомбулуктун алдын алуу жана аялдардын укуктарын коргоо багытындагы маанилүү ролун белгилешти. Эдил Байсалов өз сөзүндө мамлекеттик органдардын бул багыттагы саясатты күчөтүүгө умтулуп жатканын жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы аракеттердин коом үчүн абдан актуалдуу экенин баса белгиледи. Ал эми Антье Граве өз сөзүндө: “БУУ Кыргызстандын өкмөтү менен бирге Кыргызстандын аялдарынын укуктарын коргоо үчүн бардык жардамын берүүгө даяр”, – деди.
Иш-чарада «Коркуусуз санариптик эркиндик: ар бир адам үчүн коопсуздук!» аттуу панелдик талкуу өткөрүлдү. Дискуссиянын катышуучулары санариптик мейкиндикте гендердик зомбулукка каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Алар, өзгөчө, санариптик зомбулук көрүнүштөрүн аныктоо, мыйзам чыгаруудагы жана практикалык кемчиликтерди аныктоо, ошондой эле көп тармактуу жооп чараларын иштеп чыгуу маселелерин карашты.
Бул өнөктүктүн алкагында “Аялдардын тен укуктары жана коопсуздугу” улуттук диалогун уюштурулуп, тематикалык жолугушуулар жана тренингдер өткөрүлмөкчү. Ошондой эле, ири соода борборлорунда флешмобдор аркылуу коомчулуктун көнүлүн буруу иштери жүргүзүлөт. Аны менен катар социалдык кызматкерлер үчүн семинарлар, ата-энелер жана мугалимдер менен жолугушуулар, мектептерде класс-тык сааттар өткөрүлөрү белгиленди. Андан сырткары, аялдар жана кыздар үчүн акысыз медициналык кароо жүргүзүлүп, аялуу топторго психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүлөт.
Бул өнөктүк Кыргызстандын бардык аймактарында гендердик зомбулукка каршы күрөшүүнү күчөтүүгө, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоого багытталган маанилүү платформа болуп саналат. Мекеме жана коомдук өкүлдөрдүн биргелешкен аракеттери аркылуу зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы туруу, ошондой эле коомчулукта тен укуктуулук жана коопсуздук сезимин бекемдөө максат
кылынган.
Мындай өнөктүк биринчи жолу 1991-жылы АКШдагы Women’s Global Leadership Institute тарабынан башталган жана ошондон бери БУУ, миндеген уюмдар жана миллиондогон адамдар тарабынан колдоп келе жатат. Учурда өнөктүк дүйнөнүн 180ден ашык өлкөсүндө белгиленет жана ар жылы 25-ноябрдан 10-декабрга чейин өткөрүлөт. Бул интервал аялдардын укуктары адам укуктары менен түз байланышын символдоштуруучу мааниге ээ.
Эмне үчүн 16 күн? Бул убакыт интервалында коомчулук жана уюмдар зомбулукка каршы туруктуу кампания өткөрүп, адамдардын көнүлүн буруп, билдирүүлөрдү жайылта алат. Ошондой эле дүйнө жүзү менен бир убакта иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн берет.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”

