Салттуу медианын доору
1990-2000-жылдарда дүйнөдө да, Кыргызстанда да маалыматтын негизги булактары төмөнкүлөр болгон:
- Телекөрсөтүү
- Радио
- Басма сөз каражаттары (гезит-журналдар)
- Маалымат агенттиктери
Бул доордун негизги өзгөчөлүгү катары коом маалыматты кабыл алчу, бирок реакция, талкуу, баа берүү мүмкүнчүлүгү чектелген эле. Журналист – айтылган сөздүн жалгыз ээси болчу жана коомчулукта кадыр- баркка ээ болгон. Маалыматты жөнөкөй жарандар теле-радио аркылуу алышчу. Маалымат коомго кечигип жете турган. Бирок салттуу медиага болгон ишеним жогору болгон. Себеби, маалымат аз, конкуренция чектелүү, жалган кабар сейрек кездешчү.
Санарип медианын революциясы
2020-жылдан кийин дүйнө “маалыматтык цунами” фазасына өттү. Интернетке болгон жеткиликтүүлүк, смартфондордун арзандашы, социалдык тармактардын өнүгүшү медианы түп тамырынан өзгөрттү. Социалдык медиа – негизги маалымат булагы Facebook, Instagram, TikTok, Telegram ж.б. – бүгүн коомдук пикирдин негизги аренасы: Бекеринен президент Трамп Кытайдын TikTok каналына ээлик кылууга умтулуп жаткан жок.
- Кыргызстанда интернет колдонуучулардын 60-70%ы жаңылыкты соцтармактан алат.
- Жаңылык 1-2 мүнөттө тарайт.
Блогерлер жана микромедиа көбөйдү. Бүгүн ар бир адам журналист болууга мүмкүнчүлүк алганда, маалымат рыногу чексиз кеңейди. Бирок муну менен кошо:
- жалган маалымат,
- манипуляция,
- эмоцияга негизделген контент көбөйдү.
Бул эң биринчи салттуу медиага таасирин тийгизип жатат. Экономикалык, коомдук жана социалдык тараптан колдоосу азайган телевидение тармагындагылар аргасыздан кыскартууларга барып, жада калса өз ишин токтоткондор дүйнөдө жүздөп саналса, өлкөбүздө ондогон телеканалдар жана басылмалар же гезиттер жабылууга тушукту. Ал эми айрымдары гана аудиториясын өзгөртүп, санарипке өтүүгө аргасыз болуп жатат:
- гезиттер онлайнга өттү,
- телеканалдар YouTube жана TikTokко контент даярдай баштады,
- мультимедиялык журналистика күчөдү.
Интернет, стриминг сервистер жана социалдык тармактар телевизиондук каналдарды атаандаштыкка туруштук бере албай калууга мажбурлоодо. Санариптик маалымат булактары акысыз жана кенен аудиторияга ээ болгондуктан, аудиторияны өзүнө дээрлик 70-80%га чейин тартып алууга жетишүүдө.
АКШ: Vice TV (2023-2024) – Vice Media банкротко учурап, канал жабылды. RT America (2022) – лицензиялык жана санкциялык чектөөлөрдөн улам ишин токтотту. Бир катар жергиликтүү телеканалдар реклама жоктугунан жабылды.
Улуу Британия: BBC Three (2016-жылы жабылып, 2022-жылы кайра онлайн форматта жанданган) — жаштар ТВдан эмес, интернеттен көргөндүктөн телеканал убактылуу токтотулган. Көптөгөн жергиликтүү ТВлар сандын кыскаруусуна туш
болду.
Европа: Disney Channel Германия, Улуу Британия, Францияда жабылып, толугу менен Disney+ платформасына өттү. MTV Europe көп өлкөлөрдө эфирин токтотуп, онлайн форматка өттү. Франция, Германия, Италияда 2010–2023-жылдары 300гө жакын жергиликтүү гезит таратылбай калды.
Россия жана КМШ: РЕН ТВ аймактык бөлүмдөрү – көпчүлүгү онлайнга өтүп, эфирин кыскартты. Euronews Russia (2022) – лицензиядан ажырап, ишин
токтотту.
Кытай өз социалдык тармактарын дүйнөгө жайылтууда.
Мунун баары телевизиондук базардын санарипке ыктап баратканынын ачык белгиси десек болот. Дүйнөдөгү белгилүү делген «Азаттык» дагы (Свобода) айрым өлкөлөрдөгү кызматтарын жапса, жалпысынан штаттык кыскартууларга барып жатканы дагы белгилүү. Кыргызстанда дагы бул көрүнүш жат эмес, аймактагы бир топ өзгөчө кичи шаарлардагы телевидениелер өз ишин токтотууга барышууда. Бул көйгөй жакынкы аралыкта токтобой кайра күч алып, 2030-жылга дейре дээрлик 70-80 телеканалдар жана басылмалар дагы жабылууга барышарын медиа эксперттер белгилешүүдө.
Заман талабына жараша технологиялык өзгөрүүлөр, социалдык тармактардын активдешүүсү салттуу журналистиканы да өзгөртүүгө түртүүдө. Бул учурда журналисттер жана медиа кызматкерлер дагы ар тараптуу өнүгүүлөргө өтүп, мультимедиялык материалдарды жасоону өздөштүрбөсө жумушсуз калышы ачык көрүнүп турат. Эски ыкманы аркалаган жүздөгөн журналисттер жумушсуз калдык десек да окшошот.
III. Медиа кайда барат?
Алдыдагы 5–10 жылда медианы өзгөртө турган үч чоң тенденция бар.
- Жасалма интеллект медианы кайрадан өзгөртөт
Жасалма акыл жаңылык жазат, видео монтаждайт, сүрөт жаратат, аналитика кылат. Бул учур бизге алыстай көрүнгөн менен келип калганы чындык.
Болочокто эмес, бир-эки жылдарда редакциялар аз кызматкер менен көп контент чыгарууга өтөт, фактчекинг автоматташтырып, жеке аудиторияга ылайыкташкан индивидуалдуу жаңылыктар пайда болушуна келип калды дешет медиа талдоочулар. Мындай учур дагы жалган маалымат, алдамчылардын дагы көбөйүшүнө алып келери да белгиленүүдө. Андыктан коомчулукка медиа сабаттуу болуу талабы дагы күчөтүлүшү керек дешет.
- Ишеним кризиси күчөйт
Интернеттеги жалган маалыматтар өсүп жатканда коом текшерилген, адистешкен, жоопкерчиликтүү медиага кайра кайтышы мүмкүн. Ишенимдүү делген мамлекеттик же тажрыйбалуу массалык маалымат өкүлдөрүнүн берген маалыматтарына ыкташат. Эгерде ал да ыкчам, сабаттуу жана окурмандын талаптарына ылайыктуу жасалса. Ошол эле учурда мамлекеттик саясатты туура жана ыкчам түрдө калкка жеткирип, маалыматтык коопсуздукту сактоо максатында, өлкөнүн жетекчилиги да бул тармакка катуу кийлигишпесе кыйын болоору чындык. Жалпы мамлекеттик, жеке менчик жана коомдук телеканал, гезит же радио болобу, эң биринчи медиа кызматкерлерди же аныгыраагы журналисттерди заман талабына ылайыктуу, социалдык тармактын аудиториялары же маалымат алуучулардын кайсы тармагы болбосун баарына жетиштүү деңгээлде түшүнүктүү боло тургандай маалыматтык материалдарды жасоо мүмкүнчүлүгүнө жетиши керектир. Антпесе, медиа базарында суроо талапка ээ боло албастыгы айкын.
- Визуалдык жана кыска форматтар үстөмдүк кылат
Эртеңки медианын негизги өзгөчөлүктөрү:
- вертикалдык видео,
- 30-60 секунддук жаңылыктар.
- инфографика жана мультимедиялык формат,
- подкасттар жана аудио-контенттер.
Коомдун бүгүнкү технологиялык өсүү-сүнө карай окурмандардын көпчүлүгү, угарманга айланууда же окуудан көрө, угууга жана көрүүгө көбүрөөк аудитория кызыгып жаткан мезгил.
Бул учурда ким эмне болот? Гезиттерди ким окуйт, жабылабы, сыналгыны ким көрөт дегендер бар. Мындай шартта ар бир маалымат каражаты, жаңы доорду тезинен кабыл алып, жашап калуу үчүн ыкчам аракеттерге барышы кажет. Жаңы технология, жаңы журналисттик жанрлар жана алар менен иштей алган журналист+блогерлер десек болот. Убакыттын өтүшү менен блогерлерге болгон ишеним жоголоору анык, алардын маалымат берүүдөгү жетишсиз билими, маалымат булактары менен такай иштей албашы, кайсы бир күнү аудиториянын ишенимин жоготот. Ал эми маалымат таратууда сабаттуу продукция бере алган журналисттерге ишеним жоголбойт, эгерде ал аудиториянын 70-80%ы болгон санариптик тармакта мыкты иштей алса, жасалма акылды туура колдоно билип, маалымат берүүнүн ыкчамдыгын аткарса.
Гезит жаатында болсо, алар кагазга атайын чыкпай калуусу деле мүмкүн, бул үчүн канчалаган каражат кетирүүнүн зарылчылыгы жоголот. Анын ордуна электрондук гезиттер же ПДФ форматындагы гезит үлгүсү, анын кагаз үлгүсүнүн ордун толук жабып кетүү ыктымалдуулугу чоң деген божомолдор бар. Бул формат менен социалдык тармактын бардык түрүнө жайылтуу мүмкүн. Андыктан, учурдан тарта ар бир басылма бул багытта өз аракеттерин күчөтүүсү керектигин медиа серепчилер белгилешет. Бирок Европада, АКШда, Азияда жана Жакынкы Чыгышта кагаз гезит коомдук пикирге таасир этүүчү негизги каражаттардын бири бойдон калууда.
Кыргыз медиасы да дүйнөлүк тренддерден артта калган жок. Жакынкы жылдары өлкөдө: санарип медиа толук үстөмдүк кылат, региондук медиа кайра жанданат, медиасабаттуулук мамлекеттик деңгээлде зарылдыкка айланат (алдыңкы жылдары мектеп программасына киргизилет), жасалма акылга негизделген редакциялар пайда болоору көрүнүп турат.
“Кыргыз Туусу”… жаңы тенденциялар
Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” да жаңы тенденцияларга ылайыкташууда. “Кыргыз Туусу” гезитинин сайты көп маалымат булактарына караганда окумдуу. Маселен, бир эле маалыматты бир эле убакыт аралыгында башка булактарга караганда “Кыргыз Туусу” гезитинин сайтынан эселеп көп окушат. Буга далил катары, бир тема, бир материал, бир эле убакытта бир нече маалымат каражаттарына жарыяланган “Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоиндин алгачкы эмиссиясын ишке киргизди” аталышындагы маалымат “Кыргыз Туусунун” сайтында 36 085 жана “Кабар” маалыматтык агенттигинде 1 166 көрүүгө ээ болгон. “Кыргыз Туусу” гезити ишенимдүү маалымат булагы гана эмес, изги окуяларды жараткан, өлкөнүн, региондук жана эл аралык масштабдагы демилгелердин ээси, жаратман идеялардын ордосу болууга умтулуп, маданий-интеллектуалдык иш-чараларды да уюштуруп
келет.
Маалыматтык коопсуздук жагдайы
Муну менен катар маалыматтык коопсуздук маселеси күчөйт – фейктер, пропаганда жана киберчабуулдар менен күрөш башкы темага айланат.
Медиа – коомдун күзгүсү гана эмес, анын багытын өзгөртө алган күч.
Кечээ медиа бир тараптуу болчу, бүгүн – чексиз, эртең – интеллектуалдык жана толук санариптешкен тармакка өтөт.
Кыргызстан бул глобалдык агымдын ичинде турат жана медиа чөйрөдөгү ылдам өзгөрүүлөр өлкөнүн саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө түз таасир эте берет.
Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”


