Лувр музейинин кызматкерлери мөөнөтсүз иш таштоо жарыялашты

0
9060

Франциянын белгилүү Лувр музейинин кызматкерлери 15-декабрдан тартып мөөнөтсүз иш таштооого чыгышарын маалымдашты. Профсоюздардын билдиришинче, музейде кызматкерлердин жетишсиздиги, эскирген жабдуулар жана техникалык көйгөйлөр акыркы жылдары кескин көбөйгөн.

Профсоюздар Франциянын маданият министри Рашида Датиге жөнөткөн расмий катында, 19-октябрдагы Франциянын Коронасына таандык кымбат баалуу зер буюмдардын уурдалышы — “музейдеги жалпы көйгөйлөрдүн үстү жагы гана” экенин белгилешкен.

Буга кошумча, ноябрдын аягында Луврдун Египтология бөлүмүндөгү китепкана суу түтүгүнүн жарылышынан улам жабыркаганы маалым болду. Төгүлгөн суу жүздөгөн илимий эмгектерге зыян келтирген. Музей жетекчилиги эскирген түтүктөрдү келээрки жылы толук алмаштыруу пландалганын билдирди.

Профсоюздар жетекчилик менен өкмөттү музейдин коопсуздугун, инфраструктурасын жана кызматкерлердин шарттарын жакшыртууга тез чара көрүүгө чакырууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз