Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталды

0
9921

Бишкек шаарында 13–14-декабрь күндөрү Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Мурас” футзал турнири Кыргызстандын коомдук турмушунда жакшы салтка айланганын белгиледи. Анын айтымында, турнир 2021-жылы кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата өткөрүлүп, анда алгач 6 команда гана катышкан. 2022-жылы мелдеш расмий түрдө “Мурас” деген аталышка ээ болуп, 8 команда менен өткөн. Кийинки жылдары командалардын саны 16га жеткен.

Быйылкы турнирге да ар кайсы мамлекеттик мекемелерден келген 16 команда катышты. Президент бул мелдеш калк арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга, спортко болгон кызыгууну арттырууга, ошондой эле мамлекеттик мекемелер ортосундагы биримдикти жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи.

Турнирдин жыйынтыгында биринчи орунду “Аймактар” командасы ээлеп, 400 миң сом байгеге татыды. Бул команда “Мурас” турниринде алгачкы жолу жеңишке жеткенин белгилеп, Президент Садыр Жапаров аларды куттуктады.

Экинчи орунду “Президенттин командасы” алып, 300 миң сом утуп алды. Үчүнчү орунга “Ден соолук” командасы чыгып, 200 миң сом байгеге ээ болду. Төртүнчү орунду “Ыйман” командасы ээлеп, 100 миң сомдук сертификат алды.

Мындан тышкары, турнирдин мыкты оюнчулары аныкталып, аларга 50 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. “Эң мыкты оюнчу” наамы “Ыйман” командасынан Эрик Молдокуловго, “Эң мыкты чабуулчу” наамы “Ден соолук” командасынан Нурлан Турусбековго, ал эми “Эң мыкты дарбазачы” наамы “Аймактар” командасынан Нурбек Алимовго ыйгарылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз