Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен кийин депутаттарга кайрылуу жасады.
Мамлекет башчысы сөзүндө коомдук биримдик, кадр саясаты, билим берүү системасын өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине токтолду.
Президент жакында парламентте айрым депутаттар “тигил тарап” жана “бул тарап” деп бөлүнүүгө аракет кылган учур болгонун эске салып, мындай көрүнүштөр мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратарынын белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө аймактык бөлүнүүнү жоюу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүп, мамлекеттик кызматкерлердин ротациясы ишке ашырылган.
Садыр Жапаров мындан ары ушул эле принципти жогорку билим берүү тармагына да киргизүү пландалып жатканын айтты. Ага ылайык, бюджеттик орундардын бир бөлүгү түндүк аймактарына, бир бөлүгү түштүк аймактарына бөлүнүп, студенттер ротация жолу менен башка аймактардагы жогорку окуу жайларда билим алышы мүмкүн. Бул долбоор жатаканалар курулгандан кийин ишке ашырылары белгиленди.
Мамлекет башчысы келечектеги кадрларды даярдоодо Акылман мектеби маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Анын айтымында, бул мектептин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларын аяктагандан кийин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
Президент коррупцияга каршы күрөшүү маселесине да токтолуп, жакында өзгөчө кырдаалдар министри кызматына сунушталган 10 талапкердин тогузу коррупцияга байланыштуу шек менен четтетилгенин айтты. Ал коррупцияга каршы саясатты улантуу зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле мамлекет башчысы парламенттин ишин санариптештирүү маселесине токтолуп, Жогорку Кеңешти толугу менен электрондук форматка өткөрүүнү сунуштады. Анын маалыматына караганда, 2020-жылдан бери парламентте 65 тоннадан ашык А4 форматындагы кагаз колдонулган.
Жыйындын соңунда президент депутаттардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу суроолоруна жооп берди.


