Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров сотторго чечим чыгарууга эч ким кысым көрсөтпөйт деп белгиледи. Ал соттор менен түз байланышта экенин, эгер кимдир бирөө чечимди талап кылып, басым көрсөтсө, соттор дароо кабарлап турарын айтты.
Президенттин айтымында, мурда сотторго көрсөтмө берип турган кураторлор болгон, бирок азыр андай көрүнүшкө жол берилбейт:
“Менде мындай фактылар көп. Азыр ар ким өз ишин аткарат. Мурда президенттин администрациясынын бөлүм башчысы куратор болуп алып, өзү сот, өзү прокурор, өзү милиция болчу. Эгер мурдагылардын катасын кайталасаңар, камалып кетесиңер деп эскерткенмин. Сотторго эч ким көрсөтмө бербеши керек”.
Садыр Жапаров мурдагы башкаруу учурундагы терс көрүнүштөргө токтолуп, Администрация кызматкерлерине катуу эскертүү берилгенин кошумчалады.

