Будапештте балдардын укугун коргоону талап кылышууда

0
4671

Венгриянын борбору Будапешт шаарында өкмөттүн балдарды коргоо саясатына каршы массалык нааразылык акциясы өттү. Маалыматтарга караганда, демонстрацияга 10 миңге чейин адам катышкан.

Акция мамлекеттик камкордуктагы балдарга карата зомбулук фактылары ачыкка чыккандан кийин уюштурулган. Интернетке жашы жете электер үчүн түзөтүү колониясынан тараган видеолор коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Анда мекеменин жетекчиси балдарды сабап жаткан учурлар көрсөтүлгөн.

Видео жарыялангандан кийин колониянын директору кызматтан кеткен, бирок кийин камакка алынган. Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, ал жана башка кызматкерлер өспүрүмдөрдү узак убакыт бою коркутуп, зомбулук көрсөтүп келген.

Бийлик өкүлдөрүнүн окуяга байланыштуу билдирүүлөрүндө “оор мүнөздөгү балдар” тууралуу айтылганы коомчулуктун нааразылыгын дагы күчөткөн.

Нааразылык акциялары парламенттик шайлоого төрт ай калганда өтүп жатат. Оппозициядагы “Тиса” партиясынын лидери Петер Мадьяр мамлекет камкордуктагы балдарды коргой албай жатканын айтып, өкмөттү катуу сынга алды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз