Топоз тоонун малы

0
48713

Топоз — тоого багууга ылайыктуу, кыргыздын ача туяктуу асыл малы. Бүгүнкү күндө тоолуу аймактарда, айрыкча Алай, Чоң-Алай, Нарын жана Ат-Башыда топоз чарбачылыгы келечектүү тармак катары кайрадан жанданып жатат. Акыркы жылдары асыл тукум топоздорду өстүрүүгө мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда жана алыскы, өзгөчө шарты катаал, суук аймактарда топоз чарбасын өнүктүрүү каралууда. 

Топоз деңиз деңгээлинен 3-5 миң метр бийиктикте жашоого ылайыкташып, катуу суукка, шамалга жана катаал климатка чыдамкай келет. Калың жүнү аны – 40-45 градуска чейинки үшүктөн сактайт. Топоз негизинен табигый жайытта багылат, кошумча тоютка болгон муктаждыгы аз, бул аны экономикалык жактан пайдалуу малга айлантат. Дал ошон үчүн өлкөбүздүн алыскы жана табияты татаал аймактарынын жашоочулары топоз чарбачылыгы менен алектенип келишет.

Дээрлик отуз жылдан бери топоз багып, анын азабын да, пайдасын да көрүп, чарбачылыкты мыкты өздөштүрүп калган Патаев Эшмамбет Чоң-Алай районуна караштуу, Жар-Башы айылынын тургуну. Башында аз санда гана багып баштаса, 2000-жылдан тартып санын көбөйтүүгө өткөн. Каарманыбыз топоз багуунун сырын атасынан үйрөнгөн десек болот. 40 жыл топоз баккан атасы, топоздун суукка чыдамдуу, чөптү тандабай аздан жеп, көп пайда бергени менен айырмаланып, эти, сүтү, майы, териси жана жүнү да керектүү экенин көп айтчу.

Топоздун эти экологиялык жактан таза, майлуулугунун пайызы да аз жана азыктык баалуулугу жогору. Сүтү майлуулугу менен айырмаланып, андан каймак, май, курут сыяктуу азыктар даярдалат. Жүнү жылуу болгондуктан, кийим-кече жана кол өнөрчүлүк буюмдар үчүн колдонулуп келет. Андыктан, шарты катаал алты ай кыш болуучу аймактар үчүн топоз багуу кирешелүү.

Эшмамбет агай топоздун памир-алай породасын багып келет, учурда анын короосунда 300дөн ашык асыл тукум топоздор бар. Асыл тукум дегени – башка аймактарда багылган салмактуу, чоң, эттүү топоздун букаларын тандап келип, өздөрүндөгү сүттүү, ургаачы топоздорго кошуп, асыл тукумга айлантып алышат. Азырынча аларда башка өлкөлөрдөн топоздун асыл тукум породаларын алып келүү мүмкүнчүлүгү жок. Негизи топоздун дүйнөдө тибеттик, монгол, памир-алай жана кытай породалары белгилүү. Учурда Кыргызстанда памир-алай породасы гана багылууда. Топоздун бул тукуму тоолуу шартка жакшы көнгөнү, салмак кошуусу жана өндүрүмдүүлүгү менен айырмаланат.

Топоз чарбачылыгында ондогон жылдардан бери иш жүргүзүп келген Эшмамбет агай чарбадагы башка адистер менен биргеликте атайын селекциялык иштерди жүргүзүп, топоздун салмагын, сүттүүлүгүн жана чыдамкайлыгын арттырууга басым жасап келишет. Мындай аракеттер мамлекеттик колдоого да алынып, айыл-чарба министрлиги тарабынан окутуулар, атайын бул багыттагы долбоорлор уюштурулуп жатканын адистер белгилейт.

Ата кесибин уланткан Эшмамбет агай, алты баласын топоз багуудан тапкан пайдасы менен окутуп, билим берип, үйлөп жайлаган. Бирок топоздун түйшүгү тоодой. Жайкысын бийик тоолордо карышкырлар колдон талашса, кышкысын кар көчкү коркунучу жана кардын оор жаашы түйшүктү арттырат. Топоздор дайыма 3000-5000 бийиктикте жүргөндүктөн, анын артынан калбай кайтарылат. Көчкүлөрдү жасалма жол менен түшүрүп, топоздорду сактап калууну көздөшөт. Албетте, бул учурда өтө чыдамкайлык жана иш билги аракеттер керектигин каарманыбыз жакшы билет.
Анын үстүнө, акыркы жылдары топоздорду кышкысын тоют менен камсыздоо дагы чоң түйшүк жаратууда.

Себеби, Эшмамбет агайдын 2 гектар гана үлүш жери болгондуктан, тоютту алыскы аймактардан сатып келүүгө мажбур. Чоң Алай шарты катаал, тоолуу аймак болгондуктан, оор кар жааган учурда топоздорго кошумча чөп, жем берилүүсү кажет. Өздөрүнүн тоюту жетишсиз болгондуктан, башка райондордон 1000-5000ге чейин чөп таңгактарын ар бирин 200-300 сомдон сатып келет.
Андыктан, Эшмамбет топозчу сыяктуу чарбагерлердин өкмөттөн суранычы, кошумча үлүш жерлерин бөлүп берүү же узак мөөнөткө арзаныраак баага ижарага берүү менен көйгөйлөрүн чечсе болчудай.

Эшмамбет агай, топоздун өзгөчөлүгүн тогуз күн айтса да бүтпөйт десек да болот. Ал белгилегендей, топоздун мүнөзүнүн негизги өзгөчөлүгү — сабырдуулук жана чыдамкайлык. Суукка, шамалга, карга жана бийик тоодогу кычкылтектин аздыгына оңой көнөт. Башка мал чыдай албаган шарттарда да топоз жайбаракат оттоп жүрө берет. Бул жаныбар жай кыймылдуу, токтоо болгону менен, коркунуч туулганда абдан кайраттуу жана коргонууга даяр болот. Айрыкча мамалактарын (балдарын) жырткычтардан коргоодо топоздор топ болуп, мүйүздөрү менен тайманбай каршы чыгышат. Ошондуктан карышкыр сыяктуу жырткычтар топоздорго жакындагандан этият болушат.

Ошондой эле, топоз ээн эркин жүргөндү жактырган жаныбар. Ал дайыма кенен жайытты жактырып, узак аралыкка көчүп жүрүүгө жөндөмдүү. Кээде бир түндө ондогон чакырым жерге кетип калышы мүмкүн. Бийик тоолордо, адам буту бас-паган кенен жайыттарда топоздор жакшы көбөйүшөт. Топозчунун айтымында, башка жандыктар сыяктуу эле, топоздор да адамдардын мамилесине карап турат. Жакшы, жумшак мамилени аларда сезип, жоош мүнөзүн көрсөтөт, бирок орой мамиле кылынса же коркунуч сезсе, өжөрлүк мүнөзүн көрсөтүп, мүйүзү менен сүзүп да кетиши мүмкүн. Ошондуктан топоз менен иштөөдө сабырдуулук жана тажрыйба талап кылынаарын чарбагерлер белгилешет.

Эшмамбет агай жыл бою топоздун этин Ош облусунун аймактарына, Ош шаарына жана башка райондорго жөнөтүп турат. Топоздун этин сатуу анчалык деле көйгөй эмес, кардарлары жетиштүү. Өзгөчө бийик тоодо, жалаң табигый, таза чөптөр менен азыктанган топоздордун эти ден соо-лукка пайдалуу дагы. Аны менен бирге сүтүнөн каймак, сары май жасалып, алар да жергиликтүү башка аймактарга сатылат. Азырынча чет өлкөгө экспорттоого чыга элек. Бирок, келечекте атайын лабораториялардан текшерилип, чет элдик талаптарга дал келтирип, сатууга алып чыгуу ниеттери бар экенин айтат.

Чоң-Алай өрөөнүндө топоз баккан бир эле Эшмамбет агай эмес. Ага окшогон топоз чарбасын уюштурган дагы ондогон чарбагерлер бар. Аймак бийик тоолуу, шарты катаал болгондуктан топоз багууга гана ылайыкташкан. Кошумча картөшкө
сыяктуу азык-түлүктөр гана өсөт. Жогоруда айтканымдай, Кыргызстандын башка Нарын жана Ат-Башы сыяктуу аймактарында дагы топоз багууну колго алышкан. Бул демилгелер тоолуу аймактардагы калктын кирешесин көбөйтүп, экологиялык таза продукцияны өндүрүүгө жол ачууга өбөлгө экени талашсыз.

Демек, асыл тукум топоздор – тоолуу аймактар үчүн маанилүү мал чарбачылыгынын багыты. Аларды көбөйтүү жана илимий негизде өнүктүрүү – азык-түлүк коопсуздугун бекемдеп, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт. Кыргызстан үчүн топоз чарбачылыгы келечектүү тармак бойдон калат десек жаңылышпайбыз.

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз