Бишкекте 19- декабрда Улуттук Илимдер Академиясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунда философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Аскарбек Абдыкадырович Бекбоевдин жаңы эмгектеринин бет ачары болуп өттү. Илимий коомчулук үчүн бул иш- чара улуттук философиялык ой жүгүртүүнүн жаңы баскычка көтөрүлүшүн айгинелеген интеллектуалдык окуя катары бааланды.
Акыркы жылдары А. Бекбоев философиянын ар кыл багыттарын камтыган ири эмгектери менен айырмаланып келет. Анын жаңы китептеринде адам табияты, ой жүгүртүүнүн логикасы, моралдык тандоолор, ошондой эле жасалма интеллекттин (бейтабий интеллекттин) философиялык маңызы кеңири талдоого алынат. Айрыкча “Софон” философиялык метафора-романы менен “Бейтабий интеллекттин философиясы” аттуу илимий доклады азыркы замандын руханий жана технологиялык чакырыктарын философиялык тилде чечмелөөгө жасалган олуттуу аракет катары кызыгуу жаратты. Ошондой эле Кыргызстанда алгач ирет жарык көргөн “БИФ — Бейтабий интеллекттин философиясы” аттуу илимий жана илимий-популярдуу журналдын презентациясы өтүшү — улуттук философиялык басма ишинин өнүгүшүндө маанилүү кадам катары кабыл алынды.
Аскарбек Бекбоевдин көп кырдуу эмгектери бүгүнкү кыргыз коомунун интеллектуалдык муктаждыгына жооп берип, ой жүгүртүүнүн тереңдигин, илим менен руханияттын айкалышын сунуштайт. Бул бет ачар — бир автордун чыгармачылыгын таанытуу менен чектелбестен, кыргыз философиясынын заманбап дүйнө менен болгон маектешүүсүнө жол ачкан окуя болору шексиз.


