Бишкекте “Мурас” турак жай комплексинен 1080 үй-бүлө батир алат

0
8469

Бүгүн Бишкек шаарындагы Маликов көчөсүндө жайгашкан “Мурас” турак жай комплексинен 1080 үй-бүлө көптөн күткөн батирине ээ болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, турак жай комплекси 8 блоктон туруп, 18 жана 24 кабаттуу ипотекалык үйлөрдөн турат. Туманбаев жарандарды сабырдуулукка чакырып, кезекте турган адамдар 2–3 жылдын ичинде турак жайлуу болорун белгиледи.

Маалым болгондой, 2025-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 4662 жаран батир алган. Учурда республика боюнча жалпы 80 миң 245 батир курулууда.

МИКтин маалыматына ылайык, бүгүн “Мурас” турак жай комплексиндеги 1080 батир расмий түрдө өз ээлерине тапшырылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз