Трамп ирандык демонстранттарды колдой турганын билдирди

0
2870

Эгер АКШ Иранга сокку урса, америкалык аскерлер жана Израиль “мыйзамдуу буталарга” айланат. Мындай билдирүүнү Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Калибаф жасады.

Иранда эки аптадан бери массалык нааразылык акциялары уланып жатат. Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, кагылышууларда кеминде 538 адам каза болуп, 10 миңден ашуун жаран камакка алынган. Иран бийлиги курман болгондор боюнча расмий маалымат бере элек.

Өлкөдө интернет жана мобилдик байланыш 60 сааттан ашуун убакыттан бери өчүрүлгөн. Байкоочулар маалыматтык блокада коопсуздук күчтөрүнүн катаал чараларына жол ачышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармактарда ирандык демонстранттарды колдой турганын билдирген. Ал эми америкалык басылмалар Трампка Иранга сокку уруунун варианттары сунушталганын, бирок акыркы чечим кабыл алына электигин жазышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз