Урматтуу окурмандар!
Сиздерди Орозо айт жана жадыраган Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Бул улуу күндөр ар бир үйгө тынчтык, жылуулук, ынтымак жана жакшы үмүттөрдү алып келсин.
Орозо айт менен Нооруз – бул адамды эң жогорку руханий баалуулуктарга багыттаган майрамдар. Алар бизге кайрымдуулукту, боорукердикти, бири-бирибизге болгон сый-урматты, биримдиктин, тынчтыктын жана жаратмандыктын маанилүүлүгүн эскертип турат. Бул майрамдарда каада-салттын күчү, жашоонун жаңылануусуна болгон ишеним жана жакшылыктын салтанаты камтылган.
Биз тынчтыктын, адамдык мамиленин жана өз ара колдоонун баалуулугу өзгөчө курч сезилген татаал мезгилде жашап жатабыз. Ошондуктан мындай майрамдар адамдарды бириктирип, эң асыл сезимдерди ойготуу менен өзгөчө күчкө ээ.
Жер бетинде кастык менен оору азайып, ал эми адамдардын жүрөгүндө жарык, кайрымдуулук жана сүйүү көбүрөөк болот деп ишенгибиз келет. Анткени, Чыңгыз Айтматов жазгандай, адам үчүн эң кыйыны — күн сайын адам бойдон калуу. Бул сөздөрдө биздин замандын улуу чындыгы камтылган.
Бүгүнкү чоң өзгөрүүлөрдүн жана жаңылануулардын мезгилинде, Жалпы улуттук «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттеринин, «Байчечекей» балдар журналынын жана «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын редакцияларынын базасында түзүлгөн «Кыргыз Туусу» маалыматтык-басма үйү мамлекеттик мекемеси өз тарыхынын жаңы этабына кадам таштоодо. Классикалык басылманын салттарынан тайбай, ошол эле учурда кадам сайын заманбап мультимедиялык холдингге айланып жатабыз.
Журналисттердин, жазуучулардын, публицисттердин жана редакторлордун көптөгөн муундары кызмат кылган ишти улантуу биз үчүн чоң сыймык. Ондогон жылдар бою өлкө тарыхынын жооптуу жана тагдыр чечүүчү мезгилдеринде биздин басылмалар –эл менен бирге болду. Бүгүн биз сиздер үчүн ишенимдүү маалымат булагы, чындык сөздүн, терең анализдин, жандуу ойдун жана нукура маданияттын мейкиндиги болуп кала берүү үчүн бул салтты улантып жатабыз.
Ошону менен бирге, убакыт жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдына жаңы милдеттерди коюуда. Биздин басылмалар салттуу басма форматында гана өнүкпөстөн, санариптик мейкиндикте да өз позицияларын жигердүү бекемдөөдө. Биздин жеке сайттарыбыз иштеп жатат, социалдык тармактардагы катышуубуз кеңейүүдө, бул сизге актуалдуу жаңылыктарды, маанилүү окуяларды, аналитиканы жана коомдук маанилүү маалыматтарды ыкчам, күн сайын жана ыңгайлуу форматта бөлүшүүгө мүмкүндүк берет.
Биз тез маалымат агымында сиздер үчүн ишенимдүү жаңылыктардын булагы болуп калуу канчалык маанилүү экенин түшүнүү менен, санариптештирүү багытында ырааттуу өнүгүп жатабыз. Биз үчүн тез маалымдоо гана эмес, так, кесипкөй жана чынчыл маалымдоо принципиалдуу мааниге ээ. Мына ушуну биз бүгүнкү күндө басылмаларыбыздын өзгөчө миссиясы – сапаттуу журналистиканын салттарын заманбап санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу деп билебиз.
Биздин алдыбызга Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан стратегиялык максаттар жана амбициялуу милдеттер коюлган. Биз аларды жогорку ишеним жана мамлекеттин, коомдун жана окурмандарыбыздын алдындагы олуттуу милдет катары кабыл алабыз.
Сиздердин колдооңуздар, көңүлүңүздөр жана катышууңуздар менен бул жолду татыктуу басып, коюлган бардык максаттарга жете алабыз деп ишенем.
Орозо айт руханий тазалануу жана нур алып келсин, ал эми Нооруз жашоону жаңылануу, кубаныч жана жакшы өзгөрүүлөр менен толтурсун.
Галина БАЙТЕРЕК,
«Кыргыз Туусу» маалыматтык- басма үйү” мамлекеттик мекемесинин Башкы директору


