Жоламан Шаршенбеков Олимпиаданын коло медалын утту.
Ал грек-рим күрөшүндө 60 килограмм салмакта коло үчүн беттеште ирандык Мехжи Мохсен Нежад менен кез келдип, 3:1 эсебинде жеңди.
Балбан алгачкы беттешинде казак балбаны Айдос Султангалини, кийин румыниялык Арнаут Рэвзанды уткан. Жарым финалда япониялык Кеничиро Фумитага жеңилип, финалга чыга албай калган.