Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта, телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим стилиндеги балбан Жоламан Шаршенбековду ушул күндөрү Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль утушу менен куттуктады.
Мамлекет башчы Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болуу көптөгөн спотчулардын кыялы экенин айтты.
“Ар бир кармашыңды бир дем менен көрүп жаттык. Эли-журтуң ийилсең ийилип, сени менен жан бирдей болуп жатты. Албетте, Олимпиада деген дүйнөлүк мелдеш. Дагы далай жолу катышасың. Ийгилик ушуну менен эле токтоп калбайт. Келечегиң али алдыда. Дагы далай алтын, күмүш медалдарды багындырасың!” – деди Садыр Жапаров.
Өлкө башчы балбанга ийгиликтерди каалап, алар жаш муунду шыктандырып жаткандарын белгиледи.
Спортчу президентке жана жалпы элге колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, бул анын жаңы жеңиштерине дем-күч берерин айтты.