Илимде академиялык чынчылдык деген эң маанилүү принцип бар. Ошондуктан бул жерде Жусуп Абдрахмановдун эмгегин, өмүр таржымалын, ишмердүүлүгүн жазган, изилдеген мамлекеттик ишмерлер, жазуучулар, драматургдар, албетте, окумуштуулардан турган чоң тобу бар.
Мисалы, Кусейин Исаев, Жеңиш Жунушалиев, Иван Семенов, Ишенбай Абдыразаков, Эрнис Турсунов, Зайнидин Курманов, Александр Тузов, Аскар Какеев, Дөөлөтбек Сапаралиев, Аида Кубатова, Бакыт Орунбеков сыяктуу жана башкалар. Кечээ эле А.Абдрахманов, А.Тузовдун жардамы менен чыккан чоң форматтагы «Ю.Абдрахманов и Турксиб» деген фильмде дагы көп архивдик материалдар келтирилген. Ал эми Д. Сапаралиев, Д. Кызаева жана А. Кубатова түзгөн улуу мамлекеттик ишмердин 120 жылдык мааракесине арналган «Великий Жусуп Абдрахманов и его эпоха (сборник документов и материалов) деген эң чоң жыйнакта бүгүнкү жана эртеңки изилдөөчүлөр үчүн жакшы илимий тарыхый булак болору талашсыз материалдар камтылган. Албетте, авторлордун баары улуу инсандын талантын, жөндөмдүүлүгүн, патриоттуулугун, мамлекеттик чыгаан ишмердүүлүгүн, зор эмгегин көргөзүүгө аракет кылышкан. Ошол эмгектердин баары Абдрахмановдун тарыхы боюнча изилдөө фонду болуп калды. Бул — жакшы көрүнүш.
Ал эми окумуштуу Асан Ормушевдин жана Венера Жумалиеванын «Жусуп Абдрахманов – чыгаан мамлекеттик ишмер» деген изилдөөсүнүн өзгөчөлүктөрүнө токтолоюн. Жаңы чыккан бул китеп Жусуп Абдрахманов тууралуу болгон менен, чындыгында кыргыздын жана Кыргызстандын тарыхы жөнүндө. Анткени Абдрахмановдун ар бир иши, ою, максаты – кыргыздарга арналган, анын мамлекеттик ишмердүүлүгү жаңы кыргыз мамлекетин түптөө, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен ажырагыс байланышта.
Окурмандардын колуна тийген ушул китептин экинчи өзгөчӨлүгү – авторлордун методдорунун илимий негиздүүлүгү жана таянган булактардын көп түрдүүлүгү. Советтик тарыхнаамада санжыра, мемуарлар экинчи даражадагы тарыхый булактарга кирет, анткени субъективдүү мүнөзгө ээ деген көз караш басымдуу эле. Бирок, кыргыз тарыхынын өзгөчөлүгү так ушунда турат, себеби, тарых булактардын эң бир күчтүү бутагы – бул санжыра, сурамжылоо, ошол окуяга катышкан адамдардын ой-пикирлери, салыштырма талдоо ыкмасы. Дүйнөлүк тарых илиминде да маданий-антропология методикасы кеңири колдонулат. Авторлор ушул методиканы мыкты колдонуп, кыргыздардын илгертеден бери келе жаткан тек сүрүштүрүү аркылуу Жусуп Абдрахмановдун ата-тегин тактап беришкен. Анын ата-теги, өскөн чөйрөсү чыгаан мамлекеттик ишмердин өмүр жолун, ишмердүүлүгүн изилдегенде эске ала турган маанилүү жагдайлар болуп эсептелет. Анткени, кыргыздын тарыхы – үй-бүлө –урук –уруу – канат – журт – эл деген категорияларды сөзсүз камтыйт. Авторлор этнология ыкмаларын колдонуп, билген кишилердин, замандаштарынын эскерүүлөрүн, санжырачылардын айткандарын, айтор, бир нече булактардан түрдүү маалыматтарды топтоп, критикалык анализ жүргүзүп, Жусуптун генеалогиясын тастыктап берген. Китепте тарыхый маалыматтар кылдат иликтенип, талданып, иллюстрацияланып, таблицалар, сүрөттөр менен коштолуп, абдан кызыктуу берилген. Андан тышкары, ошол эскерүүлөрдүн же маалымат ээлеринин, фактыны баяндаган адамдардын сүрөттөрү, жазгандары тарыхый фактология катары чагылдырылган. Этнологиялык маалыматтар менен жаңы ачылган архивдик материалдар, тарыхый документалдык булактар айкалыштырылып берилгендиктен, китептин мазмуну абдан бай жана терең. Авторлор Абдрахмановдун ата-тегинин ар бир муунун, алардын жашоосун, мал-жанын, карым-катнаштарын, ал тургай куда-сөөктөрүнө, кошуна-колоңдоруна чейин тактап беришкен. Абрахмановду таанууда бул эмгек – чоң жетишкендик.
Авторлор Жусуп Абдрахмановдун балалык чагы, жаш кезиндеги дос-курдаштарын, жолдошторун тактап, алар тууралуу маалыматтарды таап, алган билими, үйрөнгөн сабагы боюнча кургак баяндамалар эмес, фактологиялык материалдардын негизинде изилдеп, мифологиядан алыс болгондугу көрүнүп турат.
Ал эми өзүнчө кызыгуу жараткан бөлүктө гениалдуу ишмердин – үй-бүлөсү ким болгон, уул-кыздарынын, бир туугандарынын тагдыры, алардын жашоосу, кубанычы жана трагедиясы жеткиликтүү, керемет тил менен баяндалган. Кургак сөздөр, татаал терминдер эмес, кыргыздын акылман тили, элдин макал-лакаптары китепте кеңири, ыктуу колдонулуп, тамшанып окугудай стилде жазылган эмгек окурмандардын сүймөнчүк китебине айланат деген ойдобуз.
Ж.Абдрахманов тууралуу бир топ эмгектерде ал 1918-1919-жылдары кызыл аскер болгон деген факт эскерилет, бирок анын аскерий кызматы, ал Октябрь революциясына, анан граждандык согушка кантип катышкан деген суроого авторлор Россиядан, Алма-Атадагы президенттик архивден алынган материалдардын негизинде алгачкы аскер ишмерлиги, кызыл аскерде кызматы, кийин комсомолдук иштери тууралуу толук маалыматтарды берген. Болочок улуттук лидердин доор алмашканда кыргыз элинин тагдыры, революциянын мааниси, келечеги жөнүндө ойлору, партиялык жетекчилик кызматтарда элдин көйгөйлөрүн терең түшүнгөндүгү, анын чынчылдыгы, акылдуулугу, уюштургуч таланты эмгекте эң сонун баяндалган. Китепте Абдрахмановдун В.И.Ленин менен жолукканы жана социализмдин лидеринин Ж.Абдрахмановго тийгизген таасири жакшы сүрөттөлгөн. Абдрахманов Лениндин идеяларына жүрөгү менен бекем ишенген, социализмдин идеалдарын ишке ашырууга жан үрөп иштеген. Жада калса кичүү кызынын атын да Ленина деп койгону бекеринен эместир.
Жусуп Абдрахмановдун россиялык көрүнүктүү партиялык, маданий ишмерлери менен мамилеси чоң темалардын бири. Көп макалаларда Ж. Абдрахманов Москвада Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинде жооптуу кызматта иштегендиги айтылат. Бирок ал кандай кызмат эле, кандай милдеттерди аркалагандыгы тууралуу китептин «Кремлде» деген бөлүгүндө Москвадагы архивден алынган тарыхый документтердин негизинде баяндалган. Борбордук Комитетте Абдрахманов иштеген бөлүмдө улуттук республикаларда жана областтарда партиянын курулушту жөнгө салуу, партиялык уюмдарды чыңдоо жана кооперацияны өнүктүрүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн талдоо жана улуттук райондордогу территориялык жана башкаруу иштери сыяктуу өтө маанилүү маселелер каралып, чечимдери даярдалчу. Бул Ж.Абдрахмановго чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн жана зор ишеним артылганын тастыктап турат. Менин оюмча, Борбордук Комитеттеги тажрыйба, алган билими анын кийинки ишмердүүлүгүнө абдан жакшы таасирин тийгизген. КПСС БК анын ишке жөндөмдүүлүгүн, уюштургуч мыкты сапаттарын, аналитикалык таланттары үчүн жогору баалаган. Ошондуктан Кыргыз автономиялуу республикасынын биринчи премьер-министрлиги кылып дайындоого ишеним көрсөтүлгөн болуш керек.
Китептин «Саясий айып» бөлүгүндө Жусуп Абдрахмановдун өмүрү жана ишмердүүлүгү боюнча Москва, Оренбург, Самара шаарларынын архивдеринен табылган жаңы маалыматтар жана документтер камтылган. Мисалы, Россиянын социалдык-саясий тарых боюнча мамлекеттик архивинен (мурунку СССР мамлекеттик партиялык архив), Оренбург областынын мамлекеттик архивинен Абдрахмановдун 1933-1937-жылдардагы ишмердүүлүгүн чагылдырган жаңы материалдар кенен берилген. Ошол материалдарда ал кандай иштегендигин, кандай көрүнүктүү адамдар менен достошконун, айыл чарбасынын өнүгүшүнө кошкон салымын, акталууга жана партияга кайра кирүүгө жасаган аракеттерин көрүүгө болот. Адегенде кызматтан четтетилип, кийин репрессияга туш болгондо ага кандай айыптар коюлгандыгы тууралуу кызыктуу маалыматтар окурмандар үчүн пайдалуу ачылыш болот го деп ойлойм.
Ал эми материалдар системалаштыруу жана окурмандарга ыңгайлуу формада, окуялардын логикасын бузбай, ар бир нерсени жылы менен иреттүү, хронологиялык тартипте, айрым маалыматтар таблицалар түрүндө жайгаштырылган. Мисалы, анын өмүр баяны жана ишмердүүлүгү 6 барактан турган таблица түрүндө берилип, мындай караганда окурмандар, студенттер үчүн өзүнчө бир «Жол карта» сымал. Авторлор тапкан көп фотодокументтер абдан баалуу.
Китепти окуп жатып бир нерсени байкадым. Этнософия деген жаш илимий багыт бар. Бул илимий багыт ХХ кылымда пайда болгон жаш мамлекеттер же боштондукка чыккан элдер үчүн маанилүү. Тарыхыбызды, этнос катары маданий-антропологиялык өзгөчөлүктөрүбүздү сактап, глобалдашуу дооруна атаандаштыкка туруштук берүү, атыбызды, затыбызды, улуттук нарк-насилди, менталитетибизди, «Кыргыз» атыбызды сактоо. Ж.Абдрахманов сезимтал ойчул катары кыргызды сактап калуу, ага өз мамлекетин кайра кайтарып, калыбына келтирип берүү, билим берүү, жаңыча жашоо-ну эңсеген элдин камын көрүүгө болгон өмүрүн арнады. Ушул аспектиден караганда бул китеп этнософияга да тиешелүү.
Китепте авторлор А.Ж.Абдрахма-новдун генеалогиясын аныктаганда “Жусуптун ата-бабасы манап эмес, болуш, бий болушкан” деген ойду жазыптыр. Манап – бул эл башкарган, элдин арасында кадыры бийик, акылдуу, ак сөөк эл башчылары. Жусуп Абдрахманов Өз автобиографиясына «из манапов» – деп жазат. Биздин тарыхыбызда, өзгөчө түндүк кыргыздарда «манап» уруу башчысы, саясий жана экономикалык, бийликтин башындагы, уруулук аристократтар деп түшүнсөк болот. Алар бийдин да, болуштун да функциясын аткарган. Ошолордон кийин волосторго болуштар, же съезддерге делегаттар болушкан. Авторлор китебин «Жусуп Абдрахманов – чыгаан мамлекеттик ишмер» деп атаптыр. Олжас Сулеймановдун таамай айткан бир сөзү бар: «Майда эл – улуу адамын майда көргөзөт, улуу эл – чыгаанын улуу көргөзөт». Чыгаан деген орто эле термин болсо керек. Эмне үчүн «улуу», «журт башы», «гениалдуу жетекчи» деп атоого болбосун? Улуттук лидер Жусуп Абдрахмановго «улуу» деген аныктама төп келишмек.
И.С.БОЛЖУРОВА,
профессор, педагогика илиминин доктору, тарых илиминин кандидаты, коомдук-мамлекеттик ишмер