Суббота, 4 января, 2025
-5.9 C
Бишкек

Жашоо Медиа: “Эгерде күчтүү аллергия келип чыкса эмне кылыш керек?”

Биз дарыгерге чейинки жардамга арналган «Эгерде … болсо эмне кылуу керек?» деген материалдар сериясын жарыялоону улантабыз. Долбоордун авторлору Жашоо Медиа ден соолук жөнүндө маалыматтык порталы. Бүгүн Бишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева аллергиялык реакция келип чыкса эмне кылуу керектиги жөнүндө айтып берет.

Аллергиялык реакциянын кооптуу жагы, ал капыстан пайда болот жана жеңил кызаруудан тартып, оор анафилаксиялык таасирге чейин өнүгүп кетишинде.

Жеңил аллергиялык реакция (бөрү жатыш)

  1. Эгерде аллерген менен байланышуудан кийин кычышуу, кызаруу же териде кызыл так пайда болсо жабыркаган адамга антигистамин каражатын берүү керек (мисалы лоратадин, супрастин).
  2. Жабыркаган адамды байкоого алуу зарыл – эгерде симптомдор өтүп кетпесе же күчөсө шашылыш түрдө дарыгерге кайрылуу керек.

Квинке шишиги

  1. Дем алууну кыйындатуу менен коштолгон эриндердин, беттин, тамактын же тилдин шишиги күчөсө, токтоосуз түрдө тез жардам чакыруу керек.
  2. Тез жардам келгенге чейин антигистамин каражатын берүүгө болот, бирок медициналык жардамга кайрылууну кечиктирбөө маанилүү, анткени бейтаптын абалы тез эле начарлап кетиши
    мүмкүн.

Анафилаксиялык таасир

Бул аллергиялык реакциянын алда канча кооптуу формасы, анда адам эс-учун жоготуп, дем алуусу кыйындайт жана кан басымы төмөндөй баштайт.

  1. Жабыркаган адамды дароо полго жаткыргыла, кан айланууну жакшыртуу үчүн буттарын бир аз көтөрүп койгула.
  2. Антигистамин каражатын бергиле жана тез жардамды күткүлө. Эгерде жабыркаган адамда адреналин (эпипен) автоинжектору бар болсо, аны кийимдин сыртынан санга сайгыла.

Жашоо Медиа деген эмне? Бул ден соо-лукка, жеке натыйжалуулукка жана өзүнө кам көрүү маселелерине арналган маалыматтык портал. Анын миссиясы – жашоонун сапатын жакшыртуу, зыяндуу адаттар менен күрөшүү боюнча текшерилген сунуштамаларды ж.б. окурмандарга берүү. Сиздер Жашоо Медиа порталынан эксперттер жазган макалаларды, өзүн өзү өнүктүрүү жана физикалык жана эмоционалдык бакубатчылыкты колдоо боюнча практикалык кеңештерди таба аласыздар.

Сайт: https://jashoo.media/

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар