Суббота, 4 января, 2025
-5.9 C
Бишкек

«Алтынкен» компаниясы жаңы жылдык кубаныч тартуулады

Үстүбүздөгү жылдын 26-декабры компания үчүн айтаарлык күндөрдөн болду. Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында карапайым калктын ыраазычылыгына ээ болгон “Алтынкен” компаниясына “2024-жылдын мыкты ишканасы” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Сыйлыкты Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Кутпидин Шакиров тапшырды.  “Алтынкен” компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Акыл Токтобаев жетекчиликтин жана жалпы команданын атынан райондун жетекчилигине компаниянын ишмердүүлүгүнө берген жогорку баасы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң чогулгандардын баары райондук маданият үйүнө барышты, ал жерде Жаңы жылды майрамдоо үчүн балдардын “Таңкы кечеси” (утренник) өтмөкчү.

Бул иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан облустун бардык калктуу конуштарынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылган.

Балдарды жана алардын ата-энелерин Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кутпидин Шакиров, «Алтынкен» компаниясынын өкүлү Жумгалбек Дүйшебаев куттукташты.

Райондук маданият бөлүмү тарабынан балдарга майрамдык концерт даярдалып, «Алтынкен» ишканасы тарабынан балдарга жаңы жылдык белектер тартууланды.

Иш-чаранын уюштуруучулары өзгөчө балдарга майрамдык маанай тартуулоого аракет кылышты. Көптөгөн ата-энелер балдарынын кубанычын көрүп, белектери үчүн компания өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти.

Ошол эле күнү компаниянын өкүлдөрү «Күн нуру» карылар үйүнүн чоң ата, чоң энелерин келе жаткан 2025-жаңы жылы менен куттукташты.

Аларга азык-түлүк, мөмө-жемиштер жана майрамдык маанай тартуулаган торттор берилди. Улуу муун кубанычтарын жашыра албай, майрамдык маанай тартуулаган компанияга жана анын жетекчилигине куттуктоолору жана белектери үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ушул эле күнү «Алтынкен» компаниясынын өкүлдөрү актовый залда кооздолгон жаңы жылдык балаты турган «Нурмеаиса» балдар үйүндө болушту.

Ыңгайлуу актовый зал балдарга компаниядан алган белектерин үй шартында ачып, сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Белекке ыраазы болгон балдар бир ооздон “Рахмат” деп кыйкырып жатышты.

«Алтынкен» компаниясынан балдарга жана кары-картаңдарга аз да болсо кубаныч тартуулаган ушундай жакшы маанайдагы күн ийгиликтүү өттү.

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар