(Башталышы өткөн сандарда)
- Сан-Таш чалдыбары – X-XII кылымдардагы кербен сарайдын калдыгы. Ысык-Көлдөгү Сан-Таш капчыгайында жайгашкан.
Жалпы түзүлүшү чарчы формада, аянты 48Ч48 м., дубалы таштан тургузулуп, мунаралар менен бекемделген. Шаар чалдыбарында бышырылган кыштан жана таштан салынган курулуштардын калдыктары сакталган. Археологиялык казуу убагында чопо жана айнек идиштер, таштан, темирден, жасалган тиричилик буюмдары табылган.
- Сопу-Коргон – Кокон хандыгынын Алай өрөөнүндөгү чеби.
Мадалы хандын буйругу боюнча 1827-жылы анжияндык Иса датка курдурган.
- Таш-Рабат – XII-XVI кылымдарга таандык кербен сарай.
Ат-Башы районундагы Кара-Коюн кыштагынан түштүк-батыш тарапта, Фрунзе – Торугарт автомобиль жолунан 18 км түштүгүрөөктөн орун алган. Айрым изилдөөчүлөр аны XV кылымда курулган деп эсептешет. Фергана өрөөнүнөн Кашкар тарапка кетүүчү соода жолунун боюнда жайгашкан бул кербен сарайдын бийиктиги 3 метрдей келет. Ал төрт чарчы келген 41 бөлмөдөн турат. Орто кылымдарда Борбордук Теңир-Тоодон ары-бери өткөн соода кербендеринин, сопу-кожолордун, ар кыл себептер менен узак сапарда жүргөн башка адамдардын токтоп, эс алуучу, көлүк алмаштыруучу жайы болгон.
- Үч-Терек шаар чалдыбары – VIII-XII кылымдарга таандык шаардын калдыгы. Кетмен-Төбө өрөөнүнүн чыгыш тарабында, Нарын дарыясынын сол өйүзүндө жайгашкан. Чалдыбардын узундугу 940 м, туурасынын кенен жери 300 метрге жетет. Мунаралуу дубал менен курчалган.
- Чигу, Чигучэн– биздин заманга чейин II кылым – биздин заман VI кылымга таандык шаар. Усун уруулар союзунун ордосу болгон. Шаар бир кыйла аймакты ээлеген. Шаарда усундардан тышкары чет өлкөлүк элчилер, соодагерлер да жашаган. Кытайча Чигучэн топоними «Кызыл өрөөндүн шаары» дегенди билдирет.
Аны усундар Күнкат (күн-эл, калк, уруу жана кат-калаа шаар) Багкат (баг – кан, хакан) деп аташкан. Кытай даректерине караганда Чигучэн Тарим дарыясынын боюндагы Веньсу (Чыгыш Түркстандагы азыркы Ак-Суу) шаарынан 610 км (305 км) түндүгүрөөктө жайгашкандыгы айтылат. Айрым илимпоздор Чигу шаарын азыркы Түп районунун аймагында көл алдында калган Сары-Булуң шаар чалдыбарына окшоштурушат.
- Шах-Фазил күмбөзү – Кыргызстандын аймагындагы XI-XIV кылымга таандык архитектура эстелиги. Ала-Бука районундагы Гүлстан кыштагында орун алган. Күмбөз төрт чарчы формада бышкан кыштан тургузулган. Дубалынын калыңдыгы 163-167 см, бийиктиги 15,37 м. Күмбөздүн түндүк жагында үч эшиги, батыш жагында кичирээк бир эшиги бар, терезеси жок. Күмбөздүн ичи оймо-чиймелер менен кооздолгон, шыбына фарсыча жана арабча сөздөр жазылган. Күмбөзгө Караханийлер мамлекетинин башкаруучуларынын биринин сөөгү коюлуп, курулуш бир кылка кайра оңдолуп, тургузулган.
- Ак-Сай өрөөнү – Ички Теңир-Тоодогу Ат-Башы районунун аймагындагы бийик тоолуу өрөөн. Орографиясына карата Батыш Ак-Сай жана Чыгыш Ак-Сайга (Мүдүрүм өрөөнүндө) бөлүнөт. Батыш Ак-Сай өрөөнү Ат-Башы, Жаңы-Жер, Көк-Кыя тоолору жана Какшаал тоо тизмеги менен курчалган. Таманы адыр-күдүрлүү, ортоңку бөлүгү түзөң жана жапыз кашаттуу. Көк-Кыя, Сары-Белес, Кежиге сыяктуу бийик тоолор бар.
- Тайлак баатырдын күмбөзү Ак-Талаа районундагы Куртка айылынын жанында жайгашкан. Тайлак баатыр жана анын бир тууганы Атантайга XIX кылымдын 1-жарымында кош күмбөз тургузулган. Күмбөздү орто кылымдагы диний архитектуранын салтын уланткан усталар абдан кооздоп, конус сымал жогор жагын көздөй ичкерген колонналар аны үч бөлүккө бөлөт. Порталдын эки четки бөлүгү ортоңкусуна караганда кененирээк келип, ал жерде күмбөзгө кирип чыкчу эки эшик бар. Күмбөз мамлекеттик көзөмөлгө алынган.
- Шырдакбектин чеби. Ак-Талаа районунда, Алабуга суусунун оң жээгинде жайгашкан. X-XII кылымга таандык. Төрт чарчы түрдө салынган. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 6 м.ге чейин, алар баксадан жасалган. Дубалынын калыңдыгы түбүндө 6 м., үстүндө 2 м. Чептин дубалдары, бурчтары жана эшиктери мунаралар менен бекемделген.
- Ак-Бешим шаар чалдыбары VI-XII кылымга таандык. Токмок шаарынан 6 км түштүк батыш тарапта орун алган. Түзүлүшү жагынан алгачкы орто кылымдагы Түндүк Кыргызстан үчүн мүнөздүү шаар.
Шаардын борбор бөлүгү сепил менен шахристандан турган, алардын дубалдары калың келип, мунаралар менен чыңдалган. Шаардын борборуна туташ жайгашкан аймакта кол өнөрчүлүк, соода,
айыл чарба менен кесипчилик кылган шаардыктардын үйлөрү болгон. Бул аймак жалпы узундугу 16 км келген дубал менен курчалган. Археологиялык казууларды А.Н.Бернштам (1938-39), П.Н.Кожемяко (1953), Л.Р.Кызласов (1953-55, 1958) жүргүзүшкөн. Негизинен турак жай имараттарынын калдыктары, тиричилик шаймандары, тыйындар, искусство буюмдары (айкел, алтын жалатылып көрктөлгөн буюмдар), архитектуралык тетиктер табылган. Шахристандын түштүк тарабында жайгашкан 6-8-кылымдарга таан-
дык эки будда храмынан архитектура, скульптура, живопись, курулуш техникасына тиешелүү бай материалдар табылган. Ат-Башы шаарына чейин да Орто Азия менен Чыгыш Түркстандын маданиятына окшоштуктар болуп, бул Улуу жибек жолунун ролун айкындайт. Изилдөөчүлөрдүн көбү Ак-Бешим шаар чалдыбары VI-X кылымдарда батыш түрк, түргөш, кар-лук кагандыктарынын борбору болгон деп эсептешет. - Баласагын – орто кылымга таандык шаар, жазма даректерге жана археологиялык табылгаларга караганда ал азыркы Токмок шаарынын түштүк жагындагы Бурана аймагында жайгашкан. Адегенде караханийлер, андан кийин кара кытайлар мамлекетинин борбору болгон. Алгачкы маалымат араб саякатчысы жана географы аль-Мухаддасинин (X к.) эмгегинде кездешет. Ал Баласагындын башка шаарлардан чоң жана эли көп болгондугун баяндайт. Махмуд Кашгаринин (XII к.) сөздүгүнө караганда
шаардын 3 аты болгон: Баласагын, Куз-Орду, Куз-Улуш. Баласагын X-XIV кылымдарда гүлдөп өскөн. В.В.Бартольддун ою боюнча Баласагын XIV кылымда ич ара узакка созулган согуштардын
натыйжасында кыйраса керек. Анын урандысы бүгүнкү күнгө чейин сакталып, Бурана шаар чалдыбары катары белгилүү. Бул шаарда акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагын туулган. - Көк-Ойрок тоосу Түндүк Теңир-Тоодо, Иле Ала-Тоосунун түштүк тармагы, Кашка-Суу жана Чоң-Кемин сууларынын аралыгында түндүк-чыгыштан түндүк-батышка карай 21 кмге созулат. Кемин райо-нунун аймагында жайгашкан. Орточо бийиктиги 3000-3500 м., эң бийик жери 4202 м. Тоонун кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр бар. Капталдары негизинен тик, кокту-колоттуу.
- Чуңкурчак – Аламүдүн районундагы суу, Аламүдүн суусунун сол куймасы. Кыргыз Ала-Тоо-сунун түндүк капталындагы Шопоков мөңгүсүнөн башталат. Узундугу 18 км, алабынын аянты 97 км, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2360 м. Суу жогорку жагында колот аркылуу агат, ортоңку бөлүгү жазыраак Аламү-дүнгө чыга берген жери кууш келет. Алабындагы кооз Көгүчкөн-Сугат шаркыратмасы шаардыктардын сүйүктүү эс алуучу
жайы. - Шамшы капчыгайы Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталында Чүй районунун аймагында жайгашкан.
Узундугу 40 км. тереңдиги жогорку бөлүгүндө 800-1000 м, төмөн жагында 400-600 м. Капчыгай кууш жана тик капталдуу (35-45°С).
Жогорку бөлүгүндө түндүк-чыгышка, Көлтөр суусунун чатынан түндүккө бурулуп, жазы өрөөнгө өтөт. Капчыгай аркылуу Шамшы суусу агат. Капталдарында бадал, карагай, арча токою субальп жана альп шалбаасы өсөт. Капчыгайдын баш жагында Кочкор жана Чүй өрөөндөрүн байланыштыруучу Шамшы ашуусу (3570 м) жайгашкан.
- Ак-Суу-Арашан Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Алтын-Арашан суусунун ортоңку агымынан орун алган. Ак-Суу өрөөнүнүн токойлуу кооз жери. Деңиз деңгээлинен 2000-2900 м. бийиктикте, таманы түзөң, тоо капталдары тик (30-40°). Ландшафты бадал аралаш карагай токойлуу. Ысык булактар чыгат.
Бальнеологиялык Ак-Суу курорту бар.
- Жети-Өгүз аскасы Тескей Ала-Тоонун түндүк этегинде, Жети-Өгүз суусунун боюнан орун алган. Палеогендин кызыл түстүү чөкмөлөрүнөн түзүлгөн. Жанында Жети-Өгүз курорту жайгашкан.
Түндүк капталы тик, карагай, бадал өсөт, түштүк капталы жарлуу.
Аска Жети-Өгүз суусунун нугунан 70-100 м көтөрүлүп турат. Аска жана анын айланасы өтө көрктүү. Асканын сүрөтү мамлекетибизге жана андан сырткары да кеңири тараган.
- Кел-Суу көлү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Аксай өрөөнүндө жайгашкан эң кооз көлдөрдүн бири. Узундугу 9 км, туурасы 500-2000 метрге жетет, тереңдиги 10 метрге чейин. Бийик аскалар жана тоолор менен курчалган.
- Кыргыз эли жерлерге ат койгондо кээ бир сандар сакралдык мааниге ээ болгон. Мисалы: Үч-Эмчек, Үч-Коргон, Үч-Кайнар, Үч-Төр, Үч-Терек, Эки-Нарын, Эки-Чат, Эки-Айры, Тогуз-Булак, Беш-Күңгөй, Беш-Таш, Беш-Көл, Беш-Терек, Кырк-Адыр, Кырк-Казык, Кырк-Күңгөй, Он бир жылга, Миң-Булак, Миң-Бугу, Миң-Теке, Миң-Жылкы, Миң-Куш.
- Айгүл гүлү Баткен шаарынан алыс эмес жерде өсөт. Дүйнөдө Тибет, Афганистан жана Кыргызстанда гана өсө турган сейрек өсүүчү гүл.
- Кыргызстандын территориясындагы эң чоң жер титирөө 4-январда 1911-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө болгон. 248 адам кайтыш болуп, ошол жер титирөөдөгү энергиянын суммасы Днепрогэстин 325 жылдагы энергиясына барабар.
- Ата-Бейит улуттук мемориалдык комплекси Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан. 1937-39-жылдары репрессияга кабылган интеллигенция өкүлдөрү, 2010-жылдын 7-апрель революциясында курман болгондор жана Улуу жазуучу Чың-гыз Айтматовдун сөөгү коюлган. 1916-жылы курман болгондорго арналган стелла ошол жерде коюлган. Атайын музейи бар.
(Уландысы бар)
“Кыргыздын 100 керемети” китебинен