Суббота, 4 января, 2025
-5.9 C
Бишкек

2025-жыл. Болору ыктымал окуялар

Саясий астрология эмес бу. Мурдатан кабарланып, медиа мейкиндикте кеп болгон маалыматтардын негизинде келе жаткан жылан жылы болмогу бышык саясий окуялардын тизмегин түзүү аракети.

 20-январда шайланган Президент Дональд Трамптын инаугурациясы өтүп, кызматка расмий киришет. Кошмо Штаттардын тарыхында эки мөөнөткө удаасы менен шайлангандар аз эмес. Арийне, Трамп Американын президенттеринин ичинен бир мөөнөт өткөрүп, кайра шайланган биринчи президент. Мамлекет башчысы катары Ак үйдүн босогосун экинчи ирет аттай электе эле дүйнөлүк күн тартибине өзгөртүүлөрдү киргизип, геосаясий мааниге ээ билдирүүлөрдү жасай баштады. Кызматынан кетерине саналуу күндөр калган Президент Жозеф Байден Орусияга каршы масштабдуу санкцияларды жарыялагысы келип туру. Бул ирет Орусиянын энергетикалык тармагына, тактап айтканда нефть менен газды экспорттогон, тышка ташыган компанияларга, айрыкча деңиз аркылуу сыртка ташыган логистикалык ишканаларга чектөө киргизгени турат. Чечим кабыл алына элек. Бирок The Washington Post жаңы рестрикциялар Дональд Трамптын администрациясына орус лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдө кошумча аргумент берүүгө багытталгандыктан, болочок санкциялар толук мүмкүн. Трамп орус-украин кармашын токтотом деп бекем айткан эле. Демек АКШ бардык ыкманы, конструктивдүү жолдор менен бирге кынык алган кысым механизмин да кенен колдонуудан кайра тартпайт. Трамп ири атаандашы Кытай менен да кыйлага чейин тирешкидей аракеттерге барышы толук ыктымал. Панама каналын керек болсо Америкага кайра кайтарам деп жарыялады ал жакында. Панама каналынан АКШ баш тарткан. Азыр Кытай ээлик кылат. Буга чейинки пикир келишпестиктердин тамыры терең, масштабы кенен, мүнөзү олуттуу.

 2025-жыл Орусия жана анын лидери Владимир Путин үчүн саясий маараке жылы, символикалык мааниге ээ. Ал бийликке алгач премьер-министр катары 1999-жылы келген. Ортодо бир мөөнөт кайра прмьер-министр болду. Бирок негизги бийлик орус лидеринин колунан чыга элек. 2024-жылы мартта өткөн соңку шайлоодо шайлоочулардын 77,49 пайызы катышып, анын 87,28%ы Путинди колдогон. Ошентип бешинчи жолу Президент болуп шайланган Владимир Путин чейрек кылым жыл бою Орусияны ийгиликтүү башкарып, өз өлкөсүнүн беделин көтөрүүгө, анын кызыкчылыктарын коргоого жан үрөп келет. Мааракелик жыл Орусия жана анын лидери үчүн чоң сыноолордун да жылы. Коллективдүү батыш аталган мамлекеттер жана согуштук-саясий бирикмелер (НАТО) менен кармашы, санкциялык чектөөлөр, орус-украин жаңжалы сыяктуу чакырыктар Орусияны далай түйшүккө салып, эл аралык аренада көп тоскоолдуктарды жаратат, бир топ буйдалтат. Айтмакчы, Орусиянын Президенти Владимир Путин «Экстремизмге каршы стратегия» тууралуу жарлыкка кол койду. Бул стратегияда русофобия түшүнүгү алгачкы жолу киргизилди. Русофобия – «Орусиянын жарандарына, орус тилине жана маданиятына кастык, бир тараптуу, душмандык мамиле» деп түшүндүрүлгөн. Ошондой эле Орусияга дос эмес өлкөлөрдүн бийликтери тарабынан дискриминациялык аракеттер да русофобия деп саналат. Демек мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо түшүнүктөргө жана аныктамаларга укуктук жаңы статус берүүгө түртүп жатат.

Арийне, ушул сыноолор Орусияны бекемдеп, чымыркантып, изденүүгө мажбурлап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга, ички ресурстарын иштетүүгө жол ачат. Орус эли пассионардуу, динамикалуу, карт Европанын көп элине караганда жаш улут.

Геосаясий ландшафт ургаалдуу өзгөрүүдө. Мен олуя, даанышманмын же сай күлүк футурологмун дегендер болжоп болбогон окуялар менен процесстер жүрүүдө. Мисалы, муну даярдаган мамлекеттер менен күчтөр балким билген чыгар, бирок калган дүйнө, анын ичинде Жакынкы Чыгышта мен кыйынмын, бул аймак менин кызыкчылыктарымдын аренасы деген кубаттуу өлкөлөрдүн түшүнө кирбеген окуялар жыл этегинде арбын болду. Маселен, Сирияда ондогон жылдары тизгини колдон чыкпаган Башер Асаддын режими бир чайпаган толкунга чыдабай, кумга курулган сепилдей алеки заматта кыйрады.

Бүтсө гана, канды суудай агызган так талаш, адам өмүрүн садага чапкан дүйнө талаш. Бүтөрү күмөн, күчөөрү анык дешет билермандар. Кой-ай деген кеп солгун. Рим папасы согушту токтотолу, кедей өлкөлөрдүн карызын кечели деп эл-журтка кайрылды. Балким дүйнө интеллектуалдары, ойчулдары менен сүрөткерлери, асыресе таасирдүү адамдар чогулуп, акыл калчап, жапырт кайрылса, “адамзаттын убалына калбагыла, жетер чекке жакындап калдык, от менен ойнобогула, эмки дүйнөлүк согушта жеңүүчү болбойт” маанисинде айрым бийлик ээлерине, аларды шыкактаган жана алар менен табакташ байлык ээлерине. Угат чыгар, чиркин саясатчылар.

Байгеси бийлик аламан жарыш

Так талаш демекчи, бир катар өлкөлөрдө президенттик жана парламенттик шайлоолор өтөт. Январда Беларуста Президенттик шайлоо дайындалган. Беларус Президенти Александр Лукашенко катышат, азыр онго чукул талапкер катталды. Беларус Кыргызстандын КМШ, ЕАЭБ боюнча өнөктөшү, мамилеси бекем өлкө. Бул өлкөдөгү шайлоо жана анын жыйынтыгы бизди, албетте, кызыктырат. Баарыдан да ушул шериктеш өлкөдөгү туруктуулук биз жана башка мамилеси ынак мамлекеттер үчүн өтө маанилүү. Польша менен Украинада май айында президенттик шайлоо өтмөкчү. Украина 3 жылдан бери кан майдан талаасы.  Ошондой эле Румыния да президенттик шайлоого даярдана баштады, сентябрда Норвегиянын, октябрда Чехиянын майда Албаниянын жаңы парламенттери шайланат. Европада оңчулдар менен солчулдардын тиреши күч алды. Европанын саясий аренасында полярдуу күчтөр пайда болду. Батыш Европада антимигранттык маанай да калыптана баштагандай.

Германия өкмөтү 15-январда канцлер Олаф Шольцко ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө боюнча добуш берет. А 23-февралда бул өлкөдө парламенттик шайлоо өтөт. Бундестаг үчүн күрөш айыгышкан мүнөзгө ээ болмогу эмитен байкалуу­да. Европарламентке азыркы башкаруучу коалиция 31 пайызга араң ээ болгон. Германия үчүн альтернатива (АдГ) сыяктуу жаңы саясий күчтөрдүн деми катуу, жүрүшү ылдам.

Эмдиги жылы июлда Болгария евро акча бирдигине толук өтөт. Ал эми Евробиримдиктин жаңы мүчөлөрү Румыния менен Болгария жыл жаңыргандан тарта Шенген аймагына кирмекчи.

19-январда АКШ TikTok видеохостингин чектеп, тыюу салмакчы. Социалдык тармактар чоң маселе жарата баштады. Эмки кезек жасалма интеллект деп аталган феномендики. Адамдын колунан чыккан нерсеге адамзаттын алы жетпей, адам жараткан машина адамзаттын өзүн башкарса канттик. Же жасалма интеллектке ээ болуунун, колдон чыгарбоонун, тизгинин тартып, аны башкаруунун даяр рецепти барбы? Илимий коомчулук гана эмес, мүлдө дүйнө ойлоно турган проблеманын карааны калдайып көрүнө баштады. Аңгыча окумуштуулар жылан жылы геомагниттик бороон-чапкын күчөп, интернет апокалипси болот  деген божомолун жарыялады. Мезгил-мезгили менен боло келген бороондун кесепети эмдиги жылы катуу болот имиш. Ал тургай НАСА да көктөгү спутниктердин ишин токтотуп, интернетти туташ өчүрүүгө кудуреттүү бу коркунучка кадимкидей даярдана баштады дейт Express басылмасы.

Жаңы мамлекет пайда болот

Дүйнөнүн саясий картасы чийилип, чек аралар толук сызылып бүтө элек окшобойбу. Бекташи сопулар ордени аталган жаңы мамлекет жаралганы турат. Май айында ушул мамлекеттин көз карандысыздыгы жарыяланды. 1925-жылга чейин осмон Анадолусунда Бекташи ордени кыйла күчкө ээ эле. Ататүрк Мустафа Кемал бийликке келип, Түрк Республикасы түзүлгөндө сопулар ордени четке чыгып кеткен. Эми Албанияда көп жылдан бери акырындап маселени бышырып келген орден мамлекеттин ичиндеги мамлекет болгону турат. Теократиялык мамлекет катары түзүлө турган Бекташи дүйнөдӨгү эң кичине мамлекет болот, анын аянты 0,11 чарчы чакырым, ордосу Тирана шаарында жайгашат. Кудум Ватикан сымал. Албетте, кенедей болсо да мамлекет деген мамлекет. Арийне, эл аралык коомчулук түзүлүп, көз карандысыздыгын жарыялап жиберчү бу жаш мамлекетти жапырт таанып жибербейт. Аны өздөрү деле жакшы билет. Мисалы, Албаниянын премъер-министри Эди Рама белгилегендей, Орусия, Беларус сыяктуу кээ бир өлкөлөр Бекташинин суверенитетин  тааныбай коюшу толук ыктымал. Иран ортодоксал шиит баалуулуктарын коргогон мамлекет болгондуктан сопулар орденин таанып жибериши мүмкүн эмес. Ал эми ордендин башчысы АКШ жана бир топ Европа мамлекеттери колдойт деген ишеничте. Кандай болгон күндө да Бекташи сопулар ордени аталган өлкө Абхазия, Косово, Түндүк Кипр Түрк Респуб-ликасы, Түштүк Осетия, Приднестровье сыяктуу чектелүү мамлекеттер гана тааныган мамлекеттердин катарын толуктайт дейт эл аралык мамилелер боюнча айрым эксперттер.

Сыргак ЭСЕНБЕК

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар