Президент Садыр Жапаров советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кыргызстандын 1920-1930-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, кыргыз адабияты менен искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрү репрессиянын курмандыгы болгон.
Мыйзам долбоорунда 1918-1924-жылдардагы «кызыл террор» жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө жана аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган. Бирок бул жылдар аралыгында саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук акталып, реабилитация боло электиги белгиленген.
1937-1938-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан ар кандай булактарда 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы айтылат.
Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков өңдүү кыргыз интеллигенциясынын бир нече өкүлүнө, көптөгөн коомдук-партиялык ишмерлерге «эл душманы» деген айып коюлуп, атууга кеткен. Алардын ичинен 137 адамдын сөөгү 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана Бүбүйра Кыдыралиеванын айтуусу менен учурдагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин аймагынан табылган.