Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуудан түшкөн киреше эсептик көрсөткүчтөр боюнча 807,7 млн. АКШ долларын түздү.
Маалыматта белгиленгендей, 2024-жылдын январь-сентябрь айларында туристтерди 659 эс алуу мекемелери жана туризм уюмдары, ошондой эле 2013 конок үйү кабыл алып, тейлеген.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 3 млрд. сомдук туристтик-экскурсиялык кызмат көрсөтүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,5 пайызга, ал эми санаториялык-курорттук кызмат көрсөтүү — 1,2 млрд. сомго, бул 10,3 пайызга көп.
Кыска мөөнөттүү жайгаштыруу үчүн мейманканалар жана башка жайлар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 4,2 млрд. сомду түздү, бул 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 21,4%га көп. Ресторандар жана башка тамактануучу жайлар тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 6,5 пайызга өсүп, 8,8 млрд. сомду түздү.
Туристтерди ташуудан алынган кирешенин көлөмү 9 млрд сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 10,6 пайызга көбөйдү.
2024-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр жай ишканалары туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн товарлар 2 млрд сомго же өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,7%га көп өндүрүлгөн.
Ошондой эле көркөм кол өнөрчүлүктү өндүрүүнүн көлөмү 3,1%га өстү, бул улуттук кийимдерди, калпактарды, боз үйлөрдү, килемдерди жана башка ар түрдүү буюмдарды (сувенирлер, шахмат, нарда ж.б.) өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.
Спорттук жана туристтик шаймандарды өндүрүү 5,7%га өстү, бул ээр буюмдарын, чемодандарды, жол баштыктарын жана ушул сыяктуу буюмдарды өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.
1,8 млрд. сомго минералдык суулар жана улуттук суусундуктар өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,1%га көп.