Суббота, 4 января, 2025
-5.9 C
Бишкек

Жылан жылы

Ар бир жыл белгисинин өзүнө тиешелүү мүнөзү бар. Алдыда Чыгыш жылнаамасына ылайык – жылан жылы. Бул жылдын мүнөзү кандай?

Жылан жылына мүнөздөмө…

Чыгышта 2025-жыл «Жашыл жыгач жылан» жылы деп белгиленет. Жыланга акылмандык, чыдамдуулук, эрктүүлүк, өзүнө ишенимдүүлүк өңдүү сапаттар мүнөздүү. Негизи жылан тынчтыкты жакшы көргөн жаныбар. Кокус чочутсаң чагып алат же уусун чачат. Андыктан бул жылы жыландын куйругун баспай, тынчтыкты сактап, чыр-чатактан алыс болгонуң оң. Жылан жылындагылар жарашыктуу кийинип, имиджине көңүл буруп, кымбат баалуу гардероб чогултат. Жылан өтө акылман болгондуктан, астрологдор «Жылан жылы» буга чейин ачыла элек эшиктерди ачып, жаңы идеяларды берет дешет.

Символу – жашыл түс

Жылан жылы чоң көңүл калууларды алып келбейт, анткени ал айланасындагы бардык нерсенин тынчтыгын жана эркиндигин бузбоону кылдат көзөмөлдөйт.  Буга жашыл түстү кошо турган болсок, гармониянын, тынчтыктын, өсүштүн символу болот. Жашыл түс – бул дарак, ал өз кезегинде өнүгүүнү жана тынымсыз жогору карай умтулууну билдирет.

Кантип майрамдайбыз?

Жылан эч качан жалгыз эмес.  Керек болгон учурда катаал болгонду билет, эс алууга мүмкүнчүлүк болгондо аны абдан ырахаттануу менен өткөрөт.  Андыктан жылан жылын тосуп жатканыңызда, кечелерден баш тартпаңыз. Эң негизгиси, айланасында гармония, достук атмосфера, көңүл ачуу жана сүйүү өкүм сүрөт.

Үйдү кантип жасоо керек?

Быйылкы жыл жашыл жыгач жылан болгондуктан, үй жасалгалоосуна жашыл жана изумруд түстөрдү колдонуу сунушталат. Андан сырткары, күрөң, алтын, ак, көк, боз, күмүш түстөр да ылайыктуу. Балаты жасоодо пластик жана жасалма материалдардан жасалган нерселерди колдонууга болбойт. Анткени, жылан табигый нерселерди жакшы көрөт. Тоо карагайынын балатысына кагаз же жыгачтан жасалган буюмдарды,  кургатылган жемиштерди илип койсо болот.

Дасторкондо эмнелер болушу шарт?

Уй менен тооктун эти салттуу түрдө жаңы жылдык дас-торкондун милдеттүү компоненттери болуп саналат. Жылан жылы өзүн-өзү жана ден соолукту сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүгө үндөгөндүктөн, бышырылган эт – күчтү жана коргоону билдирет. Жылан үчүн суу символикалык элемент, ошондуктан балык майрамдык дасторкондон орун алышы керек.

Эмне кийүү керек?

Жаңы жылдык кийимиңизде жашыл түстүн болушу шарт. Бирок, табиятта жыландар ар түрдүү түстө болгондуктан, күрөң, көк, алтын, күмүштү кошсоңуз болот. Жылан жылын жаңы кийим менен тосуу сунушталат, анткени ал дайыма терисин жаңыртып турат. Кийимдер атлас же болбосо жибек сыяктуу жылмакай кездемелерден болгону жакшы. Жалтырак болсо андан жакшы.

Кандай белектерди берген туура?

Айымдарга эң жакшы белектер зер буюмдары. Анткени, жылан байлыкты жакшы көрөт. Быйылкы жылдын белектеринин катарын айымдар колдонгон косметикалык каражаттар да толуктайт. Жылан жылында жумшак оюнчуктар, сумка жана браслеттер жакшы белек болот.

Ал эми мырзалар үчүн тиричилик шаймандарын, электрондук техника жана кийим-кече ылайыктуу. Кайыштан жасалып, жыландын элементтери түшүрүлгөн кур, саат, борсетка жана капчык жарайт.

Асел МУСА кызы,
«Кыргыз Туусу»

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар