Суббота, 4 января, 2025
-5.9 C
Бишкек

Пиротехникалык заттарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактаңыз

Бүгүн, 2025-жылды тособуз. Бул күн өзгөчө жаш балдар үчүн көптөн күткөн майрам болуп эсептелет. Адатка айлангандай, түнкү саат 00:00дө жардыргыч пиротехникалык заттардан салют атабыз. Бирок пиротехникалык заттардын зыяны тууралуу баарыбыз эле биле бербейбиз.

Пиротехникалык заттардын жаралуу тарыхы

Ачык булактарда бул заттар ХII кылымда Кытайда ойлоп табылганы айтылат. Күйүп турган отко жашыл бамбукту салганда ал жарылып, биринчи фейерверк катары тарыхта калганы жазылат. Ошентип, кадимки ок дарыны ойлоп тапканга чейин кытайлар бардык майрамдарда жарылуучу бамбуктар аркылуу каардуу духтарды коркутушкан.

Мэрия салют атпайт

2022-жылдын аягында Бишкек мэриясы жаңы жылдык салют үчүн 755 миң сом короткону айтылат.

Ал эми 2021-жылы 800 миң сомго жакын акчага салют сатып алуу пландалган. Бирок, Бишкекти ыш каптап турганда салюттарды аттырып, ансайын абаны булгабоо үчүн баш тартышкан.

2020-жылы Жаңы жылдык кечени өткөрүү үчүн борбор калаанын бюджетинен 4 млн. сом каралган. Бирок, эпидемиологиялык абалды эске алуу менен концерт да, салют да колдонулган эмес.

Бишкек мэриясы быйыл жаңы жылдык салют колдонулбай турганын билдирди.

Экологияга зыяндуулугу

Фейерверктер өндүрүштөгү эң арзан химия-лык заттардан жасалгандыктан ал жарылганда түстүү жана добушу бийик болуп чыгат. Алардын химиялык курамында газ, дары болгондуктан, ал жарылганда абаны булгап, дем алууну кыйындатат. Сиз фейерверк асманда жарылып, жерге түшүп жатканын көрөсүз. Ошол химиялык заттар болуп саналат, ал сууга түшсө, сууну уулантат.

Майып болуп калуу коркунучтары

Фейерверк же жарылгыч заттар адамдын денесине тийип жарыла турган болсо, терини жарып кетиши мүмкүн. Көбүнчө күйүккө алып келет. Андыктан жарылуучу заттарды эч качан жаш балдардын колуна карматпаңыз.

Фейерверкти колдонууда үйгө, кишиге, мал жандыктар турган жакка, чөп жыйылган тарапка көздөп атууга такыр болбойт. Андан өрт чыгышы ыктымал.

Жыл сайын1-январь күнү пиротехникалык заттардан жабыркаган жүздөгөн адамдар ооруканага кайрылышат. Дагы канчасы жеңил жаракат алып, дарыгерге кайрылбай койгону белгисиз бойдон калат.

Коопсуздук эрежелерине көңүл буруңуз

ӨКМ жаңы жыл алдында пиротехникалык каражаттарды колдонуудагы эрежелер менен бөлүшкөн.

Пиротехникалык каражатты тандоо:

Колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаңыз;

Пиротехникалык каражаттардын кутусунун сыртындагы колдонуу эрежелери сиз түшүнө турган тилде жазылганын алыңыз;

Сөзсүз түрдө жарактуу мөөнөтүн текшериңиз;

Кургак кутунун ичинде болушу шарт. Нымдалышып калса, эч качан албаңыз. Себеби, ал жарылуу учурунда түз кетпей, тескери учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет.
Айыл жерлеринде короого жыйылган чөптү өрттөп жиберүү коркунучу бар;

Сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөнү жөнүндө маалыматты жана сатууга уруксат кагазын сураңыз.

Атылып бүткөн же атылбай калган учурда салюттун жанына дароо келгенден алыс болуңуз. Кеминде 10-15 мүнөттөн соң ордунан алып, сууга чылап, киши баспаган жерге таштаңыз. Айрыкча колдонуу учурунда эңкейип, үңүлүп карабаңыз. Бир аздан кийин тутанып кетип, көзүңүзгө атылып кетиши мүмкүн;

Ата-энелердин пикири

Биз айрым жарандарга кайрылып, Жаңы жылга пиротехника үчүн канча сом каражат кетиресиз деп сурап көрдүк.

 Чолпон Жамгырчиева бир жылда бир келүүчү майрамда балдарды эч нерседен кем кылбай, алардын көңүлүнө караш керек дейт.

– 8 жаштагы уулум жаңы жылга 1 ай калганда балаты коелу деп атып, балатысын кооздоп, койдуруп алат. Азыр эми салют аттырбаш керек деген нерселер айтылып атпайбы, бирок, салют 1 жылда 1 эле жолу аттырат экенбиз, менимче эч зыяны жок. Тирүүлүктө өзүбүздү майда ойлор менен тушабай, майрамды майрамдай өткөргөн дурус! Уулум чоңойгон сайын салюттун саны да көбөйүп баратат окшойт. Мурун өзүбүзгө бир чоң салют алчубуз, 500 — 600 сомдук. Уулума 200 сомдун тегерегинде бирди карматчубуз. Азыр эми бирди албайт, 500-600гө ылайыктап алып беребиз кичинекейге, а чоңдорго көлөмдүү, атылганда кооз көрүнгөн, үнү да сүрдүү жакшысын 1000 сомдун тегерегинде алабыз, буюрса.

Мавлюдахан Чумаева көп жылдан бери салют үчүн акча коротпой калганын айтып берди.

Салют албай калганыбызга он жылдай болуп калды. Көрсө акчаны асманга чачып жүрө берген экенбиз. Жаңы жыл тоспойм деп айтпайм, ошол күнү жакшы тамак жасап, дасторкон жаябыз. Бирок пиротехникаларды аттырбайбыз.

Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар