whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖаңы жыл күнү жол инспекторлору күчөтүлгөн тартипте иштешет

Жаңы жыл күнү жол инспекторлору күчөтүлгөн тартипте иштешет

Жаңы жыл майрамы учурунда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Маалыматка ылайык, эл көп чогулган жерлерде, унаалардын кыймылы көп болгон көчөлөрдүн кесилиштеринде жол тескөөчүлөрү жол тыгындарын жөнгө салышат.

Майрамдык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Чүй ОИИБнин кызматкерлерине саптык кароо өткөрүп, ИИМдин буйрук жана нускамаларын жеткирди.

Анда кызматкерлердин кийген формасынан тартып, кызматтык күбөлүгү, күнүмдүк кызматта колдонуучу шаймандарын жана кызматтык тартибин текшерүүгө алып, орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмаларды койду.

Ошондой эле Чүй районунун акимчилигинин өкүлдөрү жана Чүй ОИИБинин жетекчилигинин катышуусунда жалпы өздүк курамга жыйын өткөрүлүп, майрам күнү жогорку күчөтүлгөн тартипте жарандардын коопсуздугун камсыздап берүү менен сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү тапшырмалары берилди.

Мындан тышкары, өздүк курамдын арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо, коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу зарылчылыгы эскертилди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар