whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
21.5 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортКыргызстан медалдардын саны боюнча 55-орунда

Кыргызстан медалдардын саны боюнча 55-орунда

Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 55-орунга жайгашты.

Учурда өлкө куржунунда 1 күмүш, 1 коло медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту.

Медалдардын саны боюнча алдыңкы бештикке АКШ, Кытай, Австралия, Франция, Улуу Британия кирди. 86 медалы менен 1-сапка АКШ жайгашса, 2-орунда 59 медалы менен Кытай, 3-орунда 35 медалы менен Австралия, 4-орунда 48 медалы менен Франция жана 5-орунду 46 медалы Улуу Британия ээледи.

Ал эми коңшу Казакстан 5 медалы менен 30-орунда, Өзбекстан 3 медалы менен 38-орунда турат.

Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган болчу.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар