1990-жылдардын аягында советтик мезгилден калган коомдук транспорт каражаттары четинен талкалана баштаганда, а жаңыларын алууга мамлекет каражат таппай карайлап турган учурда Бишкектин бийлиги менчик бизнеске жол ачып, борбордогу жүргүнчүлөрдү ташуу маселесин менчик фирмалар жана алардын микроавтобустары чечип калышты.
Муниципалитеттин милдети жеке ишкерлерге жүктөлдү
Бул ошол учурдагы абалдан чыгуунун бирден-бир жолу болгонун да моюнга алалы. Анткени, шаардын жана мамлекеттин бюджетинде коомдук транспорт каражаттарын (автобустарды жана троллейбустарды) сатып алуу, аларды техникалык тейлөө түгүл, иштеп жаткан транспорт каражаттарын оңдоого, айдоочуларга эмгек акыга каражат жок болуп турган. Натыйжада транспортко оордук келип, адамдар коомдук транпортто тыгылышып, ишке, окууга жана башка жактарга жетүү өзүнчө көйгөйгө айланган.
Ошондой учурда жеке ишкерлер өздөрү уюшуп, шаар бийлиги менен кошо маршруттарды аныкташып, алар боюнча каттамдарды уюштурушса, жеке адамдар (айдоочулар) өз каражаттарына микроавтобустарды сатып алышып, ошол каттамдарга кирүү менен жүргүнчүлөрдү ташып жатышты.
Бара-бара бул бизнес өтө кирешелүү болуп (анткени, салык минималдуу өлчөмдө, атүгүл, дээрлик жок болгон), ишкер адамдар бизнестин бул тарамагына кирүүгө атаандаша башташты.
Натыйжада шаардыктардын транспорт көйгөйү биротоло болбосо да, чечилди. Атүгүл, шаардык транспорт агенттигинин жардамы менен менчик фирмалар маршруттарды аныктоодо да чечүүчү ролду ойношту. Бул иштин жакшы жагы.
Кыргызчылык же коррупция
Медалдын экинчи тарабы кандай болду?
Ошентип, аз сандагы муниципалдык автобустар менен эскилиги жеткен троллейбустарды эске албаганда, шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу маселесин дээрлик толук бойдон менчик фирмалар колго алышты.
Ошол эле учурда, биздеги туташ коррупциядан улам, бул бизнесте да көмүскө жактары көп боло баштады. Биринчиден, мындай кызылдай акча түшүп жаткан бизнеске бийликте отурган айрым эпчилдер аралашпай коймок эмес. Ошондойлор кирешелүү деген (жүргүнчүлөр көп каттаган) маршруттарды ээлеп алышты. Атүгүл, мурда тендер аркылуу утуп алган ишкерлердин маршруттары кийинчерээк көз көрүнөө тартып алынып жатты. Буга коомчулукка белгилүү болгон канчалаган ызы-чуулар жана соттук териштирүүлөр күбө.
Аягында келип, айрым гана маршруттарды албаганда, калган көпчүлүгү ири чиновниктердин жана укук коргоо органдарында иштегендердин башкаларга жаздырып койгон (легалдуу эмес) бизнеси болуп калганы да кечээ күнкү чындык.
Экинчиден, жогоруда айтканыбыздай, пайдалуу бизнес болуп калгандан улам, ага кызыккан бизнесмендер менен чиновник-бизнесмендер да көбөйүп, коррупция жолу менен улам жаңы маршруттар ачылып, аларга каттатуу үчүн айдоочулар менен микроавтобустар жетишпегендиктен, тиешелүү классификациясы бар түгүл, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар да айдоочулукка кабыл алынышып, ичи жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкталбаган шалдыраган автобустар киргизилип, каттай башташты.
Буга нааразы болгон жүргүнчүлөр ошондой орой айдоочулар тарабынан: “Буга түшкүң келбесе, анда такси менен жүрбөйсүңбү!” өңүттөгү жоопторду угуп жатышты…
Ал эми микробустардын айдоочуларынын чектен чыккан жоруктары – жолдо жүрүү эрежелерин сакташпагандыгы, туш келген жерге токтошуп, авариялык кырдаалдарды, тыгындарды түзүшкөндүгү, каршы тилкеге чыгып айдап кетишкендиктери, жүргүнчүлөргө орой мамилелери, атүгүл рулда отуруп алышып тамеки чеккендери кадимки эле көрүнүшкө айланып, адамдар көнө башташты.
Мындай шартта ошол “жүргүнчүлөрдү ташуу мафиясынын” катышуучуларынын – маршруттардын ээлеринин жана айдоо-чулардын тапкан кызылдай пайдасынан мамлекетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөөсү жөнүндө сөз да болмок эмес. Бул мамлекеттик казынаны да канчалаган каражаттардан куру калтырып жатты.
Мындан чыгуунун жолу бар беле?
Албетте, бар болчу. Ал, биринчиден, муниципалдык транспорт каражаттарынын санын көбөйтүү менен жүргүнчүлөрдү ташуу бизнесиндеги башаламандыкты токтотуу болчу. Ырас, мурдагы бийликтер убагында деле бул боюнча аракеттер көрүлгөн. Бирок, биринчиден, ал үчүн жетиштүү каражаттар бөлүнбөгөндүктөн, экинчиден, коррупция күч болуп тургандыктан мындай аракеттердин өзүндө (муниципалдык транспорт каражаттарын сатып алуу менен алардын санын көбөйтүүдө) коррупция орун алып, мурдагы мэрлердин бири жана Кытайдан автобус сатып алууну уюштургандар темир тордун ары жагына отуруп да чыгышты. А маселе чечилбеген бойдон келди.
Ошондон улам шаардыктарда транспорт маселеси таптакыр чечилбөөчүдөй сезилип, жүргүнчүлөр мындай башаламандыктарга көнүп башташкан.
Жаңы бийлик “гордий түйүнүн” чечти
Азыркы бийлик тушунда гана бул чечилбечидей болгон маселе –- “гордий түйүнү” чечилди. Биринчиден, көп жүргүнчү бата турган, ыңгайлуу автобустар көп санда сатып алынды. Натыйжада айрым скептиктер айтышкандай, микробустарсыз транспорттук коллапс жаралган жок.
Дагы бир пайдасы – жогоруда айтканыбыздай, салык төлөмдөрүнөн качуулар болбой, коррупцияга жол жабылды. Мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча азыркы күндө муниципалитетте 1 миңге жакын сыйымдуу автобус бар, ар күнү алардын 815-820дайы каттамга чыгып жатат. Натыйжада, шаар ичиндеги микробустардын “монополиясы” жоюлду, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулуктар түзүлдү.
Аны менен катар быйыл өз алдынча мамлекет болгондон кийинки тарыхыбызда жайдын башынан бери биринчи жолу борборубуздун көчөлөрү ремонттолуп, жөн гана ремонттолбостон, реконструкция иштери жогорку сапатта жасалып жана жолдор кеңейтилип, аялдамалар жаңыланып, бир типке келтирилип, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулуктар түзүлө баштады. Башкача айтканда, мурда дайыма айтып жүргөнүбүздөй, цивилизациялуу мамлекеттердегидей жол-транспорт инфраструктурасына ээ боло баштадык.
Кичинекей “бироктор”…
Ошентсе да, айрым “бироктор” бар. Бирок, алардын баары чечилүүчү эле маселе.
Айталы, муниципалдык автобустар жаңыдан киргизилип, каттай баштаганда өзүм күбө болгон окуяны айта кетейин. Бир айдоочу телефондон экинчисине (маршруттук такси айдаганга) мактанып айтып жатат: “Муниципалдык автобуска өтпөйсүңбү. Бул жакта эмгек акы 50 миң сом, анан шабашкаң да бар экен. Мен айлыктан тышкары, айына 30-40 миң сом шабашка таап жатам” деп.
Шабашканын жайы мындай – уурдаганга көнүп калышкан айдоочулар жүргүнчүлөр накталай төлөгөн акчанын бир бөлүгүн кымырып алып калып жатышкан. Тилекке жараша, муниципалитеттин аракети менен эми аны алалбай калышат. Анткени, биринчиден, нак-талай эмес төлөм киргизилип жатат. Экинчиден, накталай төлөгөндөр үчүн талондор сунушталууда.
Мына ушул жерден жүргүнчүлөр өзүбүз да жоопкер болуубуз керектиги келип чыгат. Анткени, азыр менин байкашымча, көпчүлүк жүргүнчүлөр талонду албай кетишүүдө. Алардын талон албай коюшканы – муниципалитеттин жана мамлекеттин казынасына түшчү акчанын жогоруда мисалга келтирилгендей айдоочулар тарабынан уурдалышына жол беришкени экенин түшүнүүгө мезгил жетти.
Азыр Транспорт департаменти тарабынан контролерлор иштеп, алар жүргүнчүлөрдүн талон алган-албагандыктарын текшере башташты. Жакында талону жокторго совет мезгилиндегидей эле айыппулдар киргизиле баштайт экен. Бул да туура. Анткени, контролерлор жүргүнчүлөрдөн талон талап кыла башташса, алар өз кезегинде айдоочулардан талондорду ала башташат. А бул айдоочулардын акчаларды кымырып калуусуна бөгөт коймокчу.
Дагы бир “бирок” – жаңы каттамдардын киргизилиши менен аялдамалардын жайгаштырылышы. Мурда микробустардын айдоочулары жүргүнчү турган жерден ала кетип, айткан жерден токтотуп түшүрө беришчү. Жаман нерсеге көнө түшкөн жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү азыр 100-150 метр алыстыктагы аялдамаларга басуудан эригишип, мурдагыдай көрүнгөн жерден тосуп жатышат. Анан токтобой кеткен автобустардын айдоочуларын сөгүп калышууда. А чынында, тартипке көнүп, аялдамалардан гана автобустарга түшүп жана кайра түшүп калуу адатына көнүүчү мезгил келди.
Маселенин экинчи өңүтүн алганда муниципалитет да өзгөчө жаңы маршруттар каттай баштаган конуштардын көчөлөрүндө аялдамаларды уюштуруп берүүгө тийиш. Ансыз жүргүнчүлөр айдоочуларды, а алар – жүргүнчүлөрдү күнөөлөй беришмекчи…
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”