Четверг, 2 января, 2025
-1.9 C
Бишкек

Акын Жалил ЭШАНКУЛОВ: “Жакшы адамдын жанында жарым күн жүрүү да бактылуулук…”

– Жалил аке, университетти аяктаган соң, акын, сынчы жана котормочу Аман Токтогулов менен да иштешип калдыңыз окшойт.

– Ооба, тагдырдын буйругу менен КДКнын “Майдан” гезитинде иштеп калганым ырас.

– Ал киши эмнеси менен эсиңизде калды?

Аман аке адамдын асылы эле. Бир күнү редакцияга келсем, секретарша кыз: “Жалил байке, Аман байкеге сөзсүз жолугушуңуз керек экен”, – деди. Жумушту калтырып, бир жумадай өз ишим менен жүрүп калгам. Мен тил угууга даярданып бардым. Өзү жалгыз отуруптур. “Ии-е, кел, баатыр. Каякта жүрөсүң?” – деп эч нерсе болбогондой, жылмайып, жылуу сурады. “Алма саттым. Акча керек болуп калды”, – деп чынын айтып салдым. “Эмне алма?” – мени таң калып карады. “Совхоздун багынан уурдап сатабыз. Элдин баары сатып жатат…”, – дедим. Ал башка эч нерсе сурабай менин колумдагы “Курбаналы Сабыров” деген китепти алып барактап кирди. “Ии, баса, ыр да жазат турбайсыңбы. Келе колуңду”, – деп колумду кысып, китепти кармаган боюнча (мурда “Чулдук” деген аңгемемди окуп чыгып, оюн айтып басууга деп кол койгон эле), – Кыргыз адабиятын бир тепкичке көтөрө турган не деген мыкты таланттар эрте кетти. Жолон, Турар, Табылды, Тургунбай, Курбаналы, – деп дагы бир топ ысымдарды манжаларын жумуп санады, өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай күбүрөп. Анан менин барымды эстей калгандай: “Сен алмаңды сата бер. Бир жумада бир жолу кабар алып тур”, – деди. Адам ишенбей тургандай эле иш болду. Экөөбүз сүйлөшкөндөн эки күн өткөндөн кийин ал киши өзү эскерген мыкты акындардын катарын толуктап, келбес жакка кете бериптир…

– КДКнын гезитинде иштеп демократ боло алдыңызбы?

– Жок, демократ боло албадым. Ошо демократ боло албаганым үчүн го, буга баары бир дештиби, айтор, Т.Усубалиевдин гезитке алып келген макаласын оңдоп- түзөп, редакцияланган вариантына макулмун деп кол коюп берсин, – деп мени жөнөтүп ийишип атпайбы.

– Кызык экен, анан?..

– Бир жолу редакцияга келсем, Аман аке, Салижан Жигитов, М.Апышев үчөө шахмат ойноп жатыптыр… Мага Т.Усубалиевдин макаласын үйүнө алып барып оңдолгон вариантына окуп чыгып кол койдуруп келүүнү буйурду… “Анда партиядан калган алтындар бар. Берип калса….”, – деп бири-биринен сөз талаша жаалап калышты. “Сиздер бир нерсени ойлодуңуздарбы?” – дедим мен. “Эмнени?” – Үчөө мени тиктеп калышты. “Ошол алтынды алгандан кийин мен бул жерге кайра келер, келбесимди”, – десем, сөзгө жыгылышкан үчөө сандарын чаап каткырып атышпайбы…

– Анан Турдакун Усубалиевичке бардыңыз, кандай кабыл алды?

– Аман аке жигулиси менен жеткирип койду. Ал киши деле шапкесин көккө ыргыткан демократ эмес эле. Т.Усубалиевдин аялы столго тамак-ашын жайнатып, чай куюп берди эле, ыңгайсызданып чайнекти өзүмө алдым. Көз айнекчен Т.Усубалиев жазгандарын окуп чыгып: “Карыганда ушинтип гезит аркылуу дуэлге чыгып калдык”, – деп оор улутунуп алды. Сөз Т.Усубалиев менин оюмду уурдап китеп чыгарган деген каршылашы жөнүндө болуп жатканын түшүндүм. Ошондо: “Экөөңүздөр тең “Очерктер жыйнагы” деген китептен көчүрүпсүздөр го”, – деп А.Атамбаевче балп этип коюп алигиче өкүнөм. Көрсө, демократ болбой туруп чыныгы демократ экем. Болбосо өлкөнүн биринчи адамы болгон кишиге ким балп эттирип оюндагысын айтып салат?

– Сиз айткан не деген китеп эле?

– Китептин толук аталышы эсимде жок, бирок эсимде ким бирөө байге берчүдөн бетер ал китепти толук окуп чыккам. Же кыйраткан очерк жазсамчы… “Сенден сураныч гезит чыкканда он чакты гезитти ала келип бер”, – деди Турдакун Усубалиевич күлүп. Менин сөзүмдү этибар албагандай. Макала гезитке чыккан соң, айтканын орундаттым.

– Ошентип, Аман Токтогуловдун мектебинен өткөм деңизчи?

– Ооба. Кээ бир жетекчилер менен иштешүү азап го, Аман акедей киши менен иштешүү рахат болчу. А киши сүйүнсө жаш баладай сүйүнчү. Иниси Т.Казаков КТРге жетекчи болгондо, кубанычын жаш балача С.Жигитовго айтып жатканы эсимде. Биз бу жашоодо жашамыш этебиз да. Ал киши жашачу. Бул киши котормо менен алектенип, өзү жаза турган көп ойлорун жазалбай калгандай сезилет мага. Бир жолу: – Жалил, мен сага агалык кеңешимди айтайын. Жарым барак бир нерсе жазсаң да өз чыгармаң болсун, – деген… Жарым барак болсо да өзүңкү болсун деген. Адамдын көзүнө карап оюн окуп койчу. Дагы бир жолу жигулиси менен Кантка бардык. Бир жерден досу бензин куюп берди. Бир тыйын берген жок. Мындай чыкканда: “Сен ага акча бербегеним үчүн мени жаман көрүп жатасың. Эгер акча сунсам, ал ыңгайсыз абалда калмак, мени кечирмек эмес!, – деди… Жолдон шашлык жасаган жерге токтотту. Шашлык буюрду… Мен төлөп коёюн деп чөнтөгүмө колум салсам: – Акчаңды ары катып кой! – деп катуу айтты. – Сен азыр кантип жашап жатканың менин башымдан өткөн. Кудайга шүгүр, сенин өз үйүң бар экен, ошого шүгүр, – деп батирде жашаганын айтып берди. Т.Турсунбаева жөнүндө да кызыктуу аңгеме куруп, айтор, ошол күн мен үчүн эң эсте кала турган күн болгон…

Кайран киши залкар талант эле. Аман аке Расул Гамзатовдун “Менин Дагстанымы” которгон эмес, кыргызча сүйлөтүп салган, не деген котормо. Ч.Айтматовдун “Кыяматын” Ашыкеден кем которгон жок. Анын “Поэзияга мамилеси” сынды кантип жазуунун үлгүсү болсо, “Ибараты” – поэзиянын классикалык үлгүсү. Мындай кишилер чанда төрөлөт, аз убакыт болсо бирге иштешип калганым үчүн Кудайга тобо кылам.

– Өткөндө “Эсимде” долбоору Элмирбек Иманалиев Асанкалый Керимбаевдин «Сулууга» аттуу ырынын жаралыш тарыхы тууралуу мончодо уккамын деп эскергенин жазды. Сиэ башкача айтып жүрөсүз го…

– Мага А.Керимбаев такыр башкача айткан. Обон чыгарып, ылайыктуу текст издеп Анатай Өмүркановго кайрылат. Анатай байке А.Осмоновдун “Сулууга” деген ырын берет. Обонду иштеп чыгып Анатай агайга аткарып бергенде, ал киши ыр Алыкулдуку экенин айтат… А.Керимбаев Анатай өзү ыр жазып бербегени үчүн таарынган менен, Алыкулдун классикалык ырын сунуштаганы үчүн ага тан берет. “Мен Анатайды накта акын деп эсептейм. Башка бирөө болгондо өзүнүн ырын бере салмак” – деген эле…

Бул сөздү Анатай акын да тастыктаган эскерүү бар. Жакында жубайы Бурул Калчабаева фейсбук баракчасына: “Бул ырдын таржымалы мындай. Анатай Өмүрканов: «Асанкалый биринчи аялы менен ажырашып жүргөн кези болчу. Бир күнү «Сүйүү, өкүнүч, ажырашуу тууралуу ыр жазып бер», – деп келиптир. Мен “Жаза албайм. Ажырашып көрбөсөм. Башымдан өтпөсө”, – дедим. Ал: «Жаза аласың», – деп кетип калды. Анан дагы келди. «Жаздыңбы?» – деп. “Жок”, – дедим. «Жаз. Бир обон чыкчудай болуп турат», – деп кетип калды. Жазмайынча кутулбайт экемин дедим да, Алыкулдун «Сулууга» деген ырын көчүрүп койдум. Кийинки келгенде колуна карматтым. Окуп алып текстти жактырып кудуңдап кетти. Көп өтпөй эле аккордеонун көтөрүп келди. «Обон чыгардым. Угуп көрчү. Жакшы обон чыкты», – деп ырдап берди. Мен “бул ыр меники эмес. Алыкулдуку”  десем,  “Койчу, тамашаңды” деп кызаңдай түштү. Мен Алыкулдун китебин ачып, белгилеп койгон текстти көрсөттүм. Ошондо ишенди. Адегенде шалдайып отуруп калды. Мен куттуктадым. “Өлбөй турган обон жаратыпсың. Бул классикага айланат”, – дедим. Жакшы обонго экөөбүз тең сүйүндүк  деп эскерип жүрөт”, – деп мен айтканды бир аз көркөмдөп жазды.

– Калык табыптын сыныкчылыгы тууралуу айтып каласыз? Окурмандар үчүн бирин-эки окуясынан айтып берсеңиз.

– “Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши” деп айтылган кептин чындыгына Калык табып менен биринчи жолукканда эле байкадым. Жөнөкөйлүгү, куудулдугу, чечендиги менен мени өзүнө тартып алды…

Таңкы саат беште жер жарыбай Калык табыптын кабылдоосунда болдум. Тамырымды кармап туруп менин оорумдун мусулманча аталышын айтып: – Бул ооруну врачтар толук айыктыра албайт. Мен айыктырам. Бирок саратанда дары көп жакшы таасир кылбайт, – деди. Мен Калык табыптын айткандарын аткара албадым.

Сөздөн сөз чыгып эл ичинде айтылган бир окуянын чын-төгүнүн сурадым.

– Бул болгон окуя. Бир бай тажиктин кызынын жамбашы чыгып кетип, ала турган күйөө баласы эркек табып кармаласа, мен үйлөнбөйм деп көнбөй коюптур.

– Андай болсо эки-үч жашар өгүздү кургак беде менен суу бербей үч күн баккыла, – дедим. Үч күндөн кийин кайра бардым да өгүздүн үстүнө көрпөчө салып, аялдарга жамбашы чыгып кеткен кызды өгүзгө миңгизгиле дедим. Кыздын бутун байлатып коюп, өгүздүн алдына чакалап сууну бере баштадык. Өгүздүн курсагы көөп, кыздын буту эки жакка талтайып жамбашы карс этип ордуна түшкөнү угулду…

Атасы экөөбүз шаар кыдырып, мага костюм шым алып берип, кечинде келсек сабиз отоп жүрүптүр, – деди Калык табып…

Дагы бир окуя. Тоодо жүргөн эки орус туристтин биринин мойну бурулбай калыптыр. Катыраңдык бирөөгө жолугуп Калык табыпка барып көрсөтөт. Мойнун кармап көрүп:

– Жүр, бери – деп баталгага жетелеп келет да көзүн жумдуруп, башын баталгага койдурат. Орус башын баталгага койгон абалда күтүп турат. Чоң балтаны колуна алып, көтөрөт да:

– Эми көзүңдү ач! – дейт катуу буйрук берип. Көзүн ачкан орус балта менен чапканга даяр турган Калык табыптын каардуу жүзүн көрүп, чочуп тура калганда моюндун омурткасы ордуна түшкөн экен…

Мен бутум баспай, Калык табыптан айыгып кеткен таанышымды үйгө чакырып сурадым.

– Үч омурткам жылып кетиптир. Балдак менен басып калгам. Калык табып көргөн соң: – Өтүшүп кетиптир. Эми саал кыйыныраак болот. Чыдайсың да, – деди. Жаңы союлган койдун карынынан чыккан жинине (карындын богу) үч саат бууланып жаттым. Үч-төрт жолу кайталагандан кийин келди да текшерип көрүп:

– Даяр болуп калыптыр. Эми омурт­каларыңды ордуна келтиребиз, – деди. Портердин кузовуна кырынан труба койду да эки бала колдон-буттан кармап мени чалкадан жаткырды. Өзү кузовко чалкадан жатып трубанын үстүнөн мени жылдыра башташты. Труба тегеренгенде тайып кеткен омурткалар ордуна түштү.

– Эми бир жылга чейин оор жүк көтөрбөйсүң, – деди…

– Чынында эле керемет адам экен. Сиз да бир шыпаасы тийип айыгып кетерсиз. Кудай өмүрлүк жарыңызга кубат берсин.

– Мен да ошону Кудайдан тилеп отурам.
Таарынгандар мейли мага таарынсын
«Тар чөйрөнү» таштап кеттим. Аным чын.
Таарынсаң да бат жазылып жүрө бер!
Тагдыр кошкон, талыкпаган жарымсың, – деп ыр арнап коюп.

– Бир ыр окуп бербейсизби?

– Макул.

АЙЫЛГА БАРГАНДА…

Куурчактай кызыктырган селкилер,
Кучак жеткис талдай болуп толуптур.
Кат ташыган жеңекелер-элчилер,
Картайыптыр. Каадаланчу болуптур…

Чыт курсактар жылаңаяк чуркаган,
Чымыр дене. Таанылгыстай эр жеткен.
Агаларым ачуу суудан ууртаган,
Аппак сакал. Сөз кезегин бербестен…

Жашоо күрөш. Буга баары көнүшкөн…
Жаш -карысы жакын келип көрүшкөн.
Дөңдө отурчу карылардын бири жок,
Дөңчөлөргө толуп турат көрүстөн…

– Маегиңиз үчүн рахмат.

Болотбек Тапштаналиев, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар