Четверг, 2 января, 2025
-1.9 C
Бишкек

Мен жана Өзүм

Мен: Кемчиликтен кантип арылсам болот?

Өзүм: – Кызыксың, адамдардын баарында эле кемчиликтер болот. Идеалдуу адам жок. Керек болсо генийлерде, философтордо да кемчилик болот.

Мен: – Ооба, бирок, алар генийлер, мен гений эмесмин да. Алар акылы терең, анан калса илимде ачылыш жасаган жараткан даанышмандар, аларда кемчилик болушу – кечиримдүү. А биз жөнөкөй адамбыз. Жок дегенде жакшы адам болгум келет.

Өзүм: –  Бол! Жакшы адам болушуңа ким, эмне тоскоолдук болуп жатат? Генийлердин кемчилиги кечиримдүү дегениң кызык экен. Жараткандын алдында баары тең — гений менен дербиштин кадыры бирдей. Жаратканын тааный албаган бул турмуштун генийи чынында акылынан адашкан бир шордуу. Кудайдын сөзүн уккусу келбеген ар пенденин кулагына шайтанды шыбыратып коет эмеспи.

Мен: – Тоскоолдук?.. Мен дүйнөнү, адамдарды түшүнгүм келет. Алар да мени түшүнүшсө дейм.

Өзүм: – Билесиңби, эмне үчүн алар сени түшүнүшпөйт, эмне үчүн сен аларды түшүнбөйсүң? Себеби, сен ушул күнгө чейин өзүңдү түшүнүп, тааный элексиң… Дүйнөнү өзүңдүн гана көзүң менен көргүң келет. Албетте ар бир адамдын табиятында өзүмчүлдүк болот бул сапатты тизгиндеп жеңиш керек. Ар бир үй-бүлөнүн бузулушунан тартып дүйнөлүк согуштардын себеби мына ушул ачынган, соргок өзүмчүлдүктөн.

***

Мен: – Өзүмдү сыртымдан карап көрүп ушунчалык акмак экениме кыжырым келет.

Өзүм: – Сенден акмактар да жүрүшпөйбү.

Мен: – Адамдарды үчкө бөлүп карайм. Биринчилери: акмак эместер, кемчилиги жок сонун адамдар, алар – бактылуулар. Экинчилери: акмактар, кемчиликтери да көп, бирок өздөрү билишпейт. Өздөрүн даанышман адамдарга кошуп, алар да бактылуу жүрө беришет. Үчүнчүлөрү – ортодогулар. Өздөрүнүн кемчиликтерин билип алышкан, бирок оңоло албай кыйнала беришет, өздөрүнө бактысыз сезилишет. Мен ошол үчүнчүлөрүнө кирет окшойм.

Өзүм: – Менимче, сен төртүнчү типтеги адамдарга киресиң. Себеби, бакыт деген бул, адамдын кыялынан сырткары, жалпы чөйрөгө салыштырмалуу болот. А сендейлер тек гана кыялындагы бактысын кууп жүрүп, учурдагы бакыттын даамын сезишпейт.

***

Мен: –  Мен ойлонгум келип турат.

Өзүм: – Сен ыйлоонун философиясын билгиң келет. Эмне үчүн мени менен ар дайым келише албасыңды түшүнгүң келет. Бир  притча  айтып берейин  сага.

Мен: – Жок, сен мага  притча, асыл ойлор, бир философтун айтканы  дей берип өзүмдүн оюмду жоготтуруп ийесиң. Мени дайыма коомдогу даяр эрежелер менен жаша деп элдин баары жашап жүргөн алкакка сала бересиң. А мен балким ошол эрежелерге сыя  албайм. А балким мен өзүмдүн эрежелеримди  жараткым келет. Билесиңби генийлер кантип жаралат?

Өзүм: – Сен генийликти башкача түшүнөсүң окшойт. Билесиңби көптөр генийлердикиндей атакты, акылды каалашат, бирок алардыкындай жашоону каалашпайт. Мына ошол каалабагандык генийлерди чыгарбай жатат.

Мен: – Күлө бер. Күлө бер. Сен күлгөн сайын мен чыйралам. Айтмакчы, мен бүгүн күлкү жөнүндө ойлонгум келип турган. Сен жалбырактардын күлгөнүн көрдүң беле? Бүгүн эртең менен кетип баратсам жалбырактардын жылмайгандарын көрдүм.

Өзүм: – Ошон үчүн бүгүн кечке бактылуу болуп жүрдүңбү. А мен күндө көрөм. Сен окууңа шашып, кечиктим деп чуркап баратканда, сен бүгүн кандай жооп берем деп толкундап баратканда, сен сабакта олтуруп “ушул сабактын мага эмне кереги бар, мен жазганды үйрөнгүм келет” деп терезеден дарактарды карап олтурганыңда, мен дайым бариктердин күлгөнүн көрөм. Алар сага карап: “Кайда шашат, өмүрдү кубалап” деп күлүшөт. Эртең менен алар сага салам беришет, жанагы жолдун жээгиндеги кулпунайга окшогон гүлдөр эртең менен узатышып кечинде тосуп алышат. А сен байкабайсың. Бир нерсе жөнүндө ойлонгуң келип өтүп кетет. Аларды кээде гана жаш баладай чуркап жүзүң тамылжып келе жатканда байкайсың. Анан кандай коозсуңар, кандай кереметсиңер деп өпкүлөйсүң. Ошол керемет сени күндө бешикке терметип турганын сезбейсиң. Эгерде ойлонгуң келген ойлоруңду таштасаң сени менен өмүр бою сен өзүң айткандай дербиш болуп кетээр элем. Ээн талаанын, гүл бакчалардын койнунда эркелеп, булактын суусуна жүзүмдү чайып, ар бир жолоочуга жылмайган бариктерди көрүүнү үйрөтөр элем. А сен ойлонгуң келет. Дагы өз оюмду таппай жатам дейсиң. Мени күнөөлөбө даяр ой таанымдарды үйрөтөт деп. Сенин ойлоруң да өзүңдүкү эмес, алар бир ойлордун таасири, дагы бир ойлордун башка жүзү болгону.

Мен: – Сен мени жалкоолукка үйрөтчү болдуң, эч нерсе ойлонууга мүмкүнчүлүк бербейсиң.

Өзүм: – А сен ансыз деле жалкоосуң. Жатып ойлонгонду жакшы көрөсүң.

Маршруткада кетип баратып ойлоносуң, уктап жатып ойлоносуң, тамак ичип жатып ойлоносуң. Бирок ойлогон ойлоруңду материалдаштырганды  билбейсиң. Тек ойлоносуң.

Мен: – Мен ошол ойлорду материалдаштыруу туурасында ойлоном да.

***

Мен: – Ишенүү, ишеним деген эмне өзү. Бул толук аң-сезим менен түшүнүүбү. Же бир нерсеге туруштук бере албай көнүп калуубу?

Өзүм: – Жок, ишеним тескерисинче, ар бир көкүрөктө болот. Болгону көпкө чейин аны моюндабай, тааный албай жүрөбүз. Качан гана ишеним биротоло бизден көңүлү калып, көкүрөктү таштап кетерде, аны издеп, ал нерсе бизге керек экенин түшүнөбүз. Анда да акыл менен таанып көрө албай турабыз. Бирок көкүрөк бүлкүлдөп, жүрөк сол- солк этип алат. Анткени канча жылдар, канча өмүр ишеним менен жүрөк бири-бирине боор басып калышкан да. Эмне үчүн кичинекей балдардын көкүрөктөрү таза, дилдери ак болот. Анткени алар ишенишет. Аларда ишеним чоң. Бала таптаза тунук ишеним менен төрөлөт. А силер ишенбейсиңер. Дайым күмөн санайсыңар. Мисалы: сен өзүңдүн көөдөнүңдөгү ишенимден күмөн санап, ишене албай турасың.

Мен: – Жок, мен ишенем. Бирок, ушул чыныгы ишенимби же… Балким мен ишендим деп өзүмдү өзүм алдап жатамынбы?

Өзүм: – Ишенип жатам деп үмүт кыл.

Мен: – Үмүттүн табияты да оңой эмес. Ал деле жүрөктү мени сен үчөөбүздү тең үмүттөндүрүп жүрүп олтурат. Бирок үмүттүн аягында үмүттөн башка эмне бар? Жүрөк токтоп, экөөбүздүн жүрөктүн токтогонуна толук ишенип, экөөбүздүн пикирибиз келишсе да келишпесе биротоло кучакташып сиңишип турганда да үмүт көзүн жалтыратып карап кала берет.

Өзүм: – Ошондо да бизди жалгыз таштабай, көзүн жалтыратканынан   айлансаңчы. Негизи ишенимди да үмүт кайтарарын эсиңден чыгарба. Себеби, ишеним сенин кежирдигиңден тажап кетип баратканда да  ойгоноор деп үмүт токтотот.

Мен: – Мен сени бүгүн келет деп ишенип күткөм. Күтүү кызык, кээде бүт өмүрдүн маңызы күтүүдөн тургандай сезилет мага. Күтө да билүү керек экен.

Өзүм: – Бирок сен чыдамсызсың, күтө берип өзүңдөн чыгып кетесиң. Анын үстүнө күтүп жатып үмүтүңдү үзүп, күтүүнүн антына да ишенбей каласың.

Мен: – Тетиги чокуга чыккым келет…

Өзүм: – Чыгасың, ишен жана үмүтүңдү  үзбө!

Мен: – Жашоонун кызыгы ошондобу?

Өзүм: – Сен жашоонун кызыгын эмнеден көрөсүң? Айталы бир бакыр үчүн бакыт, бактылуу болуу – бир хандыктын тактысы болушу мүмкүн, эгер ал ошол бактысына топук кылса. Арийне, ак  сарайдын ээси да бактысыз болот, эгер напсисин тыйбаса. Болгону бардык нерсе салыштырмалуу. Бузукулук кылуудан да жашоонун кызыгын көргөндөр бар. Анда абийир кайда калат. Чыныгы жашоонун, адамгерчиликтин эрежеси боюнча бузукулук – жүзү  каралык  эмеспи. Жашоонун кызыгына берилип түбү жок туңгуюкка түшүп кеткендер канча?

***

Мен: – Өзүмдү жалгыз  сезип  кыйналып кеттим.

Өзүм: – Анчалык кимди жоготтуң? Кимди жоктоп жатасың?

Мен: – Өзүмдү жоготтум. Же жоготком. Же жоготкону турам. Менин мен экениме көзүң жетеби? Мен ишене албайм. Менин азыркы турпатым бири-бирине туура келбеген карама-каршы пикирлерден же кошулуп жуурулушпаган материалдан куралып тургандай сезилет. Жалгыздык деген, менимче, ушул. Сен баардык чөйрө менен аралаша аласың, сүйлөшө аласың, Кудай менен да сүйлөшө аласың, бирок өзүң менен өзүң келише албай, өзүң менен өзүң бириге албайсың. Ушул жалгыздык Кудайдын жазасындай.

Өзүм: – Чын эле көп нерсени жоготкон окшойсуң. Кудайды чындап тааный алган адам эч качан жалгыздыктан коркпойт.

Мен: – Жок! Мен көп нерсени тапкам. Бирок жоготтум окшойт деп ойлоп алгам. Азыр көп нерсени жоготуп жатам, бирок таптым окшойт деп алданып жатам.Турмуштун өзү ушундай. Ошон үчүн мындай келишпестик нерсе боло берет. Коркконум ушул өзүмдөгү конфликт өсүп олтуруп, мен менен чөйрөнүн ортосундагы пикир келишпестикти ойготпос болду бекен. Эми ырбап Жараткан менен менин ортомдогу келишпестикке өсүп жетти окшойт.

Өзүм: – Менин коркконум, мындай сөздү кантип айтуудасың. Сен деген Кудайды тааныган адамсың. Кантип эле Кудай менен сага окшогон пенденин ортосунда конфликт болсун. Улуу заттын даражасын төмөндөтпө!!!

Мен: – Жок сен мени туура эмес түшүнүп алдың. Айтайын дегеним адам баласы кайсы бир өкүмдү аткарууга алы жетпесе өзүнүн  алсыз экенин моюндоонун ордуна, ал өкүмдүн катаалдыгын же пенде күчүнөн алда кайда жогору экенин айткысы келет. Албетте мындайда Улуу Заттын каары келет эмеспи.

Өзүм: – Башкача айтканда жүрөгүң менен аң-сезимиң  алышып жаткан туура.

Мен: – Ооба! Жүрөгүм дайым табигый туюмга таянат. Жүрөгүм назик, аябай жашык, а аң-сезимим тескерисинче! Аябай корс. Жарыкты жакшы көрөт. Жалаң маалыматтын таасири менен жашагысы келет.

Өзүм: – Түшүнгөнүңө караганда эки айрылыш жолдо турасың окшойт.

Мен: – Эгерде жүрөгүмдү уксам качан эле дүйнө кезип кетмекмин. Жалаң аяк, жөө-жалаң түн аралап, бадал түбүндө түнөп, шамалды жамынып, дайра үнүнө кошулуп ырдап, асман кучактап, бүтүндөй дүйнө менин менчигим болуп! Өзүм сүйгөн эркиндикти ээрчип дербиш болуп кетмекмин. Бирок байкуш акылым бүтүндөй жан дили менен жүрөктү жарыкка сүйрөп. Аз калдык! Жакын калдык уктаба деп жетелеп келет. Көрсө кудурети күчтүү Жараткан акыл-эс менен сезимди бир тамыр менен туташтырып койгон турбайбы. Ал экөө бөлүнө алышпайт.

***

Мен: – Кайсы күнүм, кайсы жолум менен жашап, кимди уксам туура болорун билгим келет. Билесиңби, мен эртеңим менен жашаганды жакшы көрчүм окшойт. Себеби, чоң үмүттү коюп, кыялың менен тоюп, кыялың менен максатыма жетип карегимди бакытка толтуруп келбедим беле?

Жаман жери мен кечээ азыркы, бүгүнкү күнүмдү башкача элестетпедим беле. Үмүт, ишенич менен келгем. Көрсө, убакыт реалист экен. Бүгүн келди. Кечээгим менен көргөн күнүмдү азыр көзүм менен көрүп, ошол күндүн өзүндө жашап жатам. Такыр башкача экен. Үмүткө алданып келген каректер уялышып жумулуп кетишүүдө. Эртең менен жашоо алдануу экен. Мен кечээгиме кайтам.

Өзүм: – Жаңылышасың. Сен кечээгиңе көз  чаптырганча бүгүнкүң эртеңкиңе айланат.

***

Мен: – Турмуш менен  чогуу чыккам. Чаңына  да жетпей калдым.

Өзүм: – Эки жагыңды карабай, эч нерсеге карабай, жан үрөп чуркаганда эмне? Ансыз деле турмушту кууп жете албайбыз.

Мен: – Биз жалгыз эмеспиз. Карачы жолго батпай келе жаткандарды. Чалынсак эле, же артка кылчайсак эле, кадамдарга  тебеленип калабыз. Ал эми кадам алдында калууну сен менден да жек көрөсүң. Мен ишенем. Сага ишенем. Мен бактылуумун! Сени ээрчитип Кыялымды ээрчип, үмүтүмдү жетелеп, нысап кылып, каниет кылып чоң Бакытка жөнөдүм. Мен Кудайга болгон сүйүүмдү таптым. Сага баш ийгенди үйрөндүм. Так ушул сүйүү көзүмө кубаныч, жүрөгүмө тынчтык, жүзүмө жылуулук, көкүрөккө үмүт, тагдырыма таалай жазды. Бул эмне деген бакыт. Чеги жок көөдөнгө сыйбаган. Мен өзүмдү таптым. Мен өзүмдү Жалгыз жаратканга баш ийген бир момун экенимди түшүндүм. Карачы канча деген бактысыз адамдар жүгүрүп келе жатышат…

Назгүл Болотбекова

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар