Асылбеков Меңдибек Бообек уулу 45 жылдан бери басма сөз айдыңында эмгектенип келет. 1987-жылы Москвада өткөн СССР Журналисттер Союзунун VI съездине делегат болуп катышкан. 1992-1995-жылдары «Манас дүбүртү» гезитин уюштурган. Манас дүйнөсүн даңазалаган эмгеги үчүн КР Журналисттер Союзунун «Манас руху» сыйлыгынын лауреаты болгон.
Чыгармалары гезит-журналдарда, атайын жыйнактарда жарыяланып жүрөт. Поэтикалык жана прозалык китептери басмага даярдалып, демөөрчү табылса чыгарсам деген тилеги бар.
Адам бол
Адамды сүй, Кудайдын хикметин сез,
Не кызык бар өмүрдө андан башка.
Абай
Ким кыйналса билет анын азабын,
Баштан өткөн ыдыгын да, зардабын.
Турмуш чайнап турган жанга боору ачып,
Достук колун сунуп турат ар дайым.
Бул улуулук өмүр баркын билгенге,
Берилбеген ар бир жанга пендеге.
Адам болуп калуу кыйын турмушта,
Бул чоң дөөлөт берилбейт туш келгенге.
Эңшерилбе, эреним эңшерилбе
Жапа чеккен адамды көрүп туруп жалоорубаган адамды адам деш болбойт.
Саади
Көк жалама зоокага кептелгенсип,
Кыйын күндө калганда түшүнөрсүң.
Тууган ким, досторуң ким, башкалар ким,
Көбүнөн көңүл калып түңүлөрсүң.
Эңшерилбе, эреним эңшерилбе,
Шаабай сууп калбасын түй эсиңде.
Жумур башта эрбейген жалгыздык бар,
Кыдыр Ата, Теңирим колдосун де.
Жашоо керек өмүргө күндөй тийип,
Кудай берген дөөлөттүн баркын билип.
Турмуштан учкай гана собол айттым,
Ушуну эстей жүргүн жадыңа илип.
Өмүр
Өмүрдү жыл менен өлчөбөгүлө,
Өмүрдү жаш менен чектебегиле.
Күн сайын бактылуу кылайын деп,
Өмүрдү ардактап эркелеткиле.
Автор
Боз ала кылып өмүрдү,
Азапка салба жөн эле.
Атак-даңк, мансап дегениң,
Шоона эшпей калар бирдеме.
Өмүрдүн баркын көтөрүп,
Жашагын көңүл өстүрүп.
Кул кылып коюп ар кимге,
Маанайын койбо чөктүрүп.
Чексиздик менен эгиздей,
Эркиндик берген Жараткан.
Сыздатып койгон өмүрдү,
Пенделер көп адашкан.
Ай-ааламга толгон нур,
Жол көрсөтөт жымыңдап.
Ушу турган өмүрүң,
Кудайдан келген аманат.
Түркөйлөр
Бир боорлоруң сыйлабаса,
Билбей турса кадырыңды.
Шериктериң челип турса,
Айтып жүргөн жан сырыңды.
Өзүңдү өзүң сыйлап жашап,
Зоболоңду көтөрүп жүр.
Түркөйлөрдөн бийик туруп,
Жарык чачып өмүр сүр.
Пенделер бар ар кандай,
Пейлинен тапсын ар бири.
Кишилер жүрөт жаныңда,
Кубулуп турган ар кандай.
Арамза менен көркоодон,
Алыстап жүргүн ар дайым.
Тымызын жылма мителер,
Сыздаткан жандын далайын.
Жек көрөм
Көөдөн керип байлыгына менменсип,
Илешкен бир мансабына чиренген,
Адам деген касиетти унуткан,
Көйрөң, көңдөй пенделерди жек көрөм.
Көркоолорго адамзатка жоо чыккан,
Кудай кантип чыдап турат тан берем.
Ити чөп жеп кутурганда алардын,
Наркты аттап тургандарын жек көрөм.
Пенделерге
Турмушта дөөлөттөр көп таң калтырар,
Адам болуу эң кыйыны да, эң башкысы.
Кадырлашып жашоого эмне жетсин,
Ушул гана дөөлөттүн эң жакшысы.
Тирүүсүндө кадырлай албагандар,
Көзү өткөн соң калп эле шыпшынышат.
Калп эле улутунуп, көзүн жаштап,
Жакшы адам эле, – дешип кол ушалайт.
Көзү барда жакшылык кылдыңарбы,
Көңүл кушун көтөрмөлөп койдуңарбы?
Элтеңдеп жардам сурап келгенинде,
Боорго тартып жылуу сөз айттыңарбы?
Турмуштан азап тартып, кордук көрүп,
Чыркырап чындык издеп турган чакта.
Бириңер бир козголуп койдуңарбы?
Оо Жараткан, мерездиктен өзүң сакта.
Адам эмес мелтейген ташка айланган,
Мисирейип муздай тоңгон пейлиңердин.
Азабын да өзүңөр тартып калар,
Билгиле капыстан капсалаңдуу күн келерин.