Четверг, 2 января, 2025
-1.9 C
Бишкек

Акын Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ: “Ата-бабам айткан эмес бекерден, Мекен — жаның, Мекен — сенсиң, Мекен — мен»

Жалпы журтка таанылып калган жаш акындарыбыздын бири Бердибек Жамгырчиев 1987-жылы Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында туулган. Улуттук Жазуучулар союзунун «Алтын Калем» сыйлыгынын ээси, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. Бир нече ыр жыйнактарынын

БИЙИКТИ КӨЗДӨП КЕЛЕМ!

Булактар кошулгандай дайраларга,
Ырларым жараса экен пайдаңарга.
Жүдөдү ыйык Мекен, ыйык тилим,
Жүгүмдү арткым келбейт кайра аларга.
Бийикти көздөп келем бала кезден,
Тагдырым, кошо көрбө майдаларга!

Кириши татаал экен акыл башка,
Абалды болбойт кээде жашырбаска…
Уялам, «Эмнем менен мактанам?» – деп,
Келечек каалгамды такылдатса.
Тартайын өзүм гана арабамды,
Тагдырым, чөөлөр менен жакындатпа!

Ар күнү ыр сап болуп төрөлөйүн,
Үмүтүм, ишенимдүү жөлөнөйүн.
Атыңды чийип салат мезгил дагы,
Атуулдук карызыңды төлөмөйүн.
Жашасам зыян кылбай жөн жашайын,
Өлсөм да зыян кылбай жөн өлөйүн!

АЯЛГА ОДА

Эзелтеден бийик болуп тагдыры,
Энелерден канат жайган калк ыры.
Аалам күчүн аяр кармап тургансыйт,
Аялзаттын бүтүндөй бир жан сыры.

Аялзатсыз пайдубалдар түптөлбөй,
Өмүр өзү болмок го дейм бүт көңдөй.
Кыбыр эткен миң сыйкырдуу жер шары,
Аялзаттын толгоосунан бүткөндөй.

Аял – асман, аял – жашоо, аял – зат,
Ал андыктан өтүү керек аярлап.
Көркөмүнө таш эриткен аялсыз,
Көңүл кушу кантип, кайдан жай алмак.

Бересем көп, болбос бирок аласам,
Аял – аруу, аял – менин жан апам.
Кыргыз көчүн улап барат аялдар,
Тээ алыстан көз чаптырып карасам.

Карындаштар, эжелерим жаркыган,
Өзүңөр жок күндөр өтөр жарты жан.
Ооруп турган мезгил дагы силер деп,
Айыгары күмөн эмес дартынан.

Кыздар күлсө күчү кайтат чилденин,
Каргыш алар кордосо эгер кимде-ким.
Канча жандар алкыш айтса аялга,
Мен алардын бардыгында биргемин.

МЕН УУЛУМУН АТА ЖУРТТУН ЭГЕМЕН

Эзелкидей тоо жаңыртып дүбүртүм,
Келген душман айбатымдан түңүлсүн.
Керт башымдын кызыгына байланбай,
Эки бутум Мекен үчүн жүгүрсүн.

Ата-бабам айткан эмес бекерден,
Мекен – жаның, Мекен – сенсиң, Мекен – мен.
Өсө турган накта кыргыз жигити,
Баркын, баасын табуу керек өз элден.

Өмүр бою боло бербей ак карга,
Жол ачкыла өсө турган жаштарга.
Улут, Мекен, эл-журт деген ыйыктык,
Кордолбосун өздөн чыккан жаттарга.

Жаза басса тулпар буту тушалат,
Жалгыз канат көккө кантип учалат?
Калк ичинен өчпөй турган ынтымак,
Үй-бүлөнүн очогунан тутанат.

Касташкандар кайыш тилсе денемен,
Карап турам башты салып неге мен?
Душмандарым кайра экинчи кайрылбас,
Мен уулумун Ата-Журттун эгемен!

ЖАША, АПА!

Сиз бар үчүн жеңип келем чегинбей,
Тирүүлүктүн өзгөрүлмө күлкү ыйын.
Сыйкыр күч жок эх, апаке, демиңдей,
Сизге сунар гүлүм да – ыр, ыр – сыйым!

Көнүмүш да турмушумдун бал-уусу,
Нурсуң, апа, жүрөгүмдө жануучу.
Мени ойлонткон кыямат бар өмүрдө,
Бүтүн дүйнөм апасы жок калуусу.

Жалаң гана таттуулукта уланган,
Жомок дүйнө жоголууда уламдан.
Ушул күндөр мага бөтөн, апаке,
Балалыкты эңсеп барат улам жан.

Жасалмалуу жашоодон да жалкыгам,
Жаныңызда бала болуп талпынам,
Толкунунан мээрим чачкан төрт мезгил,
Көлсүң, апа, жүрөгүмдө чалкыган.

Жаша, апа, жаркып чыккан Күн болуп,
Жаша, апа, гүлзар болуп, гүл болуп.
Жашыл жаздай бүрдө, апа, жыл сайын,
Саргайбасын азыр өмүр күз болуп.

Өзгө жандар көрсөтсө да миң сыйын,
Сиз жок, апа, жашоо мага бир тыйын.
Боло турган жолду тандап алган соң,
Болот болуп улам сайын курчуюн.

Жалын болуп тарал, апа, от ырдан,
Сиз аркылуу ыр дайрага кошулгам.
Өзүң берген үмүт менен, жан апа,
Ар сабымдан мээрим тапсын окурман!

АДАМДЫН АДАМ БОЛУШУ КЫЙЫН

Бөксөргөн көңүл толушу кыйын,
Кыялың учса конушу кыйын.
Айтматов сөзү жүрөктөн кетпейт,
“Адамдын адам болушу кыйын”.

Жүрөктүн сыздап оорушу жаман,
Көзүңдүн тойбос оорусу жаман.
Азапты колго карматып коюп,
Адамды адам тоорушу жаман.

Үмүтүң өчсө жанышың кыйын,
Намысың өлсө табышың кыйын.
Ээлигип чуркап катардан калбай,
Эх, мезгил, сенин жарышың кыйын!

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар