Суббота, 4 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Каныбек БААТЫРОВ: “Калкыбыздын бакубат жашоосу, жаштарыбыздын келечеги үчүн элибизге кызмат кылуудабыз”

Кара-Кулжа айыл аймагынын башчысы Каныбек БААТЫРОВ менен маек.

Кара-Кулжа айыл аймагы Кара-Кулжа суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1440 м бийиктикте жайгашкан, жайында жашыл шиберге, кышында ак карлуу ажайып кооз жерге айланган аймак.

Жергиликтүү эл негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Жети орто мектеп жана мектеп-интернат, тогуз бала бакча, маданият үйү, оорукана, бейтапкана, мейманканалар бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

Айылдын аймагына Кара-Кулжа, 1-Май, Биймырза, Сары-Камыш айылдары кирет. 2023-2024-жылдарда жүргүзүлгөн аймактык реформага катышкан жок. Себеби, жогоруда аты аталган айылдар Кара-Кулжа районунун калк жыш жайгашкан ири айылдарына кирет.

2024-жылдын 6 айында аткарылган иш-чаралар

Таза суу өмүр булагы

– Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа айылында жайгашкан Т.Самидинова, Айткулов, Нооруз, Беделов көчөлөрүнүн жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында Т.Самидинова көчөсүндө суу кудугу (скважина) бүткөрүлдү. Мындагы 150 түтүндөгү 650 адам таза суу менен камсыз болду. Жалпы суммасы  5 581,1 сом, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен жана Корея өлкөсүнүн  KOIKA уюмунан 2 млн.сомдук акчалай каражат каржыланды.

Ошол эле учурда калкты сугат суу менен камсыз кылуу үчүн Биймырза айылындагы Бел участкасындагы канал толугу менен тазаланып, пайдаланууга берилди.

Ал эми, Кара-Кулжа “Тазалык” жана “Таза-Суу” муниципалдык ишканасына экскаватор алууга 5250 сом, таштанды чыгаруучу унаа  алууга 5 880,0 сом мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендер аркылуу алынып, учурда жумуштар жүрүп жатат.

Ички жолдор колго алынды

– Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгына карата Кара-Кулжа айыл аймагындагы ички жолдорду оңдоп-түзөө жана куруу иштери жүрүп жатат.

Кара-Кулжа айылындагы А.Максутов жана К.Самидинова көчөлөрүн  асфальт-тоо иштери жүрүүдө. Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев көчөсүнө тротуар жасалып жатат.

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө грейдер жана Кара-Кулжа “Тазалык” жана “Таза-Суу” муниципалдык ишканасына экскаватор алынып, учурда эл кызматында.

Билим алууга биринчи көңүл бурулат

– Жаңы окуу жылы башталганга чейин мектеп, бала бакчалардын ремонтуна жана эмеректерине көп көңүл бурулууда.

Кара-Кулжа айылындагы Э.Осмонов мектебинин чатырын алмаштырууга 5 405,8 сомго долбоор каралып, жалпы суммасы 3 660,3 сомго бүткөрүлдү.

Ушул эле айылдагы Б.Эшмамбетов атындагы орто мектебинин алдына таман таш (брусчатка) басууга жана арка жасоого 1197,0 сом жумшалды.

Биймырза айылында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат. Бала бакчанын 1-кабатынын куруу иштери аяктап калды.

Ошондой эле 1-Май айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинде курулуп жаткан футбол талаасында курулуш иштери жүрүп жатат. Ушул эле айылда жайгашкан Субанов мектебине эмеректер сатылып алынды.

1-Май айылындагы Субанов мектебиндеги ачык футбол аянтчасын куруу иштери жүрүп жатат.1-Май айылындагы А.Юсупов мектебинин эскирген терезелерин жаңы пластик терезелерге алмаштырып, жакшы окуган окуучуларга акчалай сыйлыктар берилди.Токтогул мектебине 62,0 миң сомго жаңы диван кресло жана компьютер комплектиси алынды. Учурда, мектептин спорт залын  куруу иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, 1-Май айылындагы Субан уулу Алмаз атындагы орто  мектебинин спорт комплексин куруу иштери башталды. А.Юсупов атындагы орто мектебине ачык футболдук талаа курууга 4 724,3 сомго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендер жарыяланды.

Ал эми, Сары-Камыш айылындагы К.Ормокеев атындагы орто мектептин окуучуларына тамактануу үчүн жакшы шарттарды түзүү максатында ашкана курулуп бүттү.

2024-жылдын 14-майында КРнын  Билим берүү жана илим министрлигинин  улуттук тестирлөө борбору  тарабынан өткөрүлгөн “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына карата тестирлөөдө Кара-Кулжа айыл аймагынан О.Сайдилканов атындагы гимназия- мектебинин 11-классынын окуучусу Жапаров Ийгилик “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду.

Себеби, Жапаров Ийгилик  эки жыл катары менен география сабагынан республикалык олимпиадага катышып, экинчи орун алып келген. Айыл өкмөтү тарабынан бааланып, О.Сайдилканов атындагы гимназия-мектебине 100 миң сом, Жапаров Ийгиликке 50 миң сом сыйлык катары берилген.

Ишкердик ийгиликтин ачкычы

– Кара-Кулжа айылындагы А.Максүтов көчөсүндө Газоблок өндүрүштүк ишканасы ачылып иштеп жатат.

Ал эми, жеке ишкер тарабынан үй тиричиликтерине керектелүүчү эмеректерди жасаган имарат курулуп ишке берилди. Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө үй тиричиликтерине керектелүүчү эмеректерди жасаган имарат курулуп бүгүнкү күндө иштеп жатат.

Кара-Кулжа айылындагы К.Каратаев көчөсүндө “Рахат” тигүү жана бычуу цехи ачылды. Жеке ишкер Р.Курбанбекованын цехи бүгүнкү күндө иштеп жатат.

Кара-Кулжа айылынын Ж.Калматаев көчөсүндө Акжылдыз фитнес клубу жана магазин ачылып, бүгүнкү күндө калкка кызмат көрсөтүп жатат.

Кара-Кулжа айылында жеке ишкер тарабынан “Шаркыратма” дүкөнү курулууда. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат.

Аты аталган айылда К.Каратаев көчө­сүндө дагы “Рахат” тигүү-бычуу цехи ачылды. Жеке ишкер Р.Курбанбекованын цехи бүгүнкү күндө иштеп жатат.

Мындан сырткары, аймактын жашоочуларына өтө керектүү болгон Сары-Камыш айылында тегирмен курулуп жатат.

Чындыгында мындай ишкерлердин ишмердигинин аркасында ондогон жергиликтүү калк жумуш орду менен камсыз болуп жаткандыгы сүйүндүрөт.

Дени сак адам –өнүккөн өлкө

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” программасынын талаптарын ишке ашыруу 2030-жылга чейинки аралыкты камтыйт эмеспи. Программага ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбековдун көмөгү менен 1-Май айылындагы жаңы курулуп жаткан үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун  имаратын куруу иштери  жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө 1-Май айылындагы Секелек көчөсүндөгү Ак-Таш ФАПтын куруу иштери дагы карапайым калктын дарылануусуна өбөлгө болот деген ишенимдемин.

Айыл чарба жана мал чарбачылыгы

– 1-Май айылынын жашоочуларынын чөп аянттарына түшкөн малды камоочу жай курулуп бүткөрүлдү.

Жогоруда айтылган негизги долбоорлор республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Жергиликтүү бийлик карапайым калк менен

– Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Кара-Кулжа айыл аймагында жашаган турмуш шарты оор материалдык жактан аз камсыз болгон 1-2-3-топтогу майып үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп келет. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле жалпысынан калктын аялуу катмарына 175000 сом акчалай каражат жардамдары берилди.

Жакында эле, Ысык-Көл облусунун Бос-тери айылындагы “Орбита” пансионатында 2024-жылдын 11-июлдан 16-июлга чейинки күндөрү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ортосунда өтө турган Кыргызстан боюнча шахмат, шашки, кол күрөш турнирине Кара-Кулжа айыл өкмөтүнөн Аалиев А.Б., Бегматова Д., Дайырбеков А., Чомоева М. жана Мундузбаева А. аттуу  5 (беш) мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын  жол  акысына жана мүмкүнчүлүгү чектелген көзү азиздер жана дүлөйлөрдүн эсебине (1 адамга тамак-аш, жатакана 6875 сом, жол акы 3200 сом) жалпы  50 375 (элүү миң үч жүз жетимиш беш) сом  акча  каражаты которулуп берилди.

Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагындагы “Көңдүк” балдар лагерине  2024-жылдын 1-11-июль күндөрү аралыгында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын ден-соолуктарын чыңдоо жана жайкы эс алууларына Кара-Кулжа айыл өкмөтүнөн жөнөп жаткан тизмедеги  3 (үч) баланын эс алуусуна, жол (транспорт)  чыгымдарына 24 300 (жыйырма төрт миң үч жүз) сом акча каражаты которулуп берилди.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай, жергиликтүү бюджеттен спорт тармагын колдоого жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча комиссия-нын чечими менен оор кырдаалга туш болгон, жардамга өтө муктаж болгон жарандарына, баатыр энелерге, ж.б. тургундарына 755 839 сом акчалай каражаттары берилген.

Мындан сырткары, Кара-Кулжа айыл аймагында  тоголок жетим  Үрүлбаев Эдилбек,  Кожошева Феруза, Жумалы уулу Чынгыз, Эргешова Аэлита, Раимбердиев Билалга Кара-Кулжа айылындагы Сай участогундагы бош жаткан жалпы 0,25 га жерден турак жай  үй куруу үчүн ар бирине 5-сотыхтан жер  бөлүнүп берилди.

Бул калктын жергиликтүү бийликке болгон ишенимин арттырып, ар бир жарандын артында ишенген айыл өкмөтү бар экендигин билдирет.

Балдардын билим алуусуна – инвестиция

– Жакында, Кара-Кулжа айыл аймагынын Сары-Камыш айылындагы Козу Ормокеев атындагы орто мектебинде мектеп окуучуларынын билим алуусуна жетиштүү шарттарды түзүү жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулган заманбап ашкананын жана китепкананын ачылыш аземи белгиленди.

Бул мектеп жаңы курулган заманбап ашканасы менен китепканасы айылдарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында биргелешкен каржылоонун эсебинен бүткөрүлүп, колдонууга берилди.

Долбоордун жалпы сметалык баасы 10 млн.110 миң 847 сомду түзүп, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинен (KOICA) жана эл аралык Good Neighbors уюму – Ош облусунун өнүктүрүү фонду, Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фонду, Мерсико эл аралык гуманитардык уюму, жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланды.

Долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөн Эл аралык уюмдарга Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каттары тапшырылды.

Жакырчылыкты азайткан Соцконтракт

– Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон жарандар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 «Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомунда каралган социалдык контракт түрүндөгү мамлекеттик колдоодон пайдалануу аркылуу өздөрүнүн жашоо шартын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ушул шартта Кара-Кулжа айыл аймагына караштуу төрт айылдын аз камсыз болгон, жардамга муктаж жашоочуларына соцконтракттын негизинде 2023-жылы 27 жаран 100 миң сомдон акчалай каражаттарын алышып, мал чарбачылыгы, вулканизация, соода сатык, тигүү цех, ж.б. менен 27 үй-бүлө иш менен камсыз болгон.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар