Понедельник, 6 января, 2025
3.1 C
Бишкек

Академик Жамин АКИМАЛИЕВ: “Айдоо аянттарын 1 млн. гектарга жеткирген Болот Мамбетов”

(Башталышы өткөн санда)

Зууракан эженин Болот Мамбетовду тилдегени

Легендарлуу кызылчачы Зууракан Кайназарова менен көзү өткөнчө сыйлашып жүрдүм, далай кеп-кеңешин уктум. Колум бошой калганда эле барып калар элем. Барганда кур барчу эмесмин. Ал киши анча-мынча алып коюп, чечилип сүйлөп берер эле. Ошондон көп өтпөй Зууракан эжеге барганымда: “Сиз, Болот Мамбетовду билесизби. Ошол киши жакында бизге келип кетти”, – десем, “Кайсы, жанагы орус катыны бар Болот Мамбетовбу, аны жакшы билемин”, – деп буларды айтып берген эле.

Негизи Зууракан эже ошол кездеги жетекчилерден Күлүйпа Кондучалованы, Төрөбай Кулатовду, анан Болот Мамбетовду жакшы көрчү. Жазуучулардан Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбековду оозунан түшүрчү эмес. Бул залкарлар байкашымча бир-бирине кадыр-сыйы өтүшкөн, бир-бирин ушунчалык баалаган адамдар эле. Анан Зууракан эже айтып жатат: “Бир ирет, Болот көп эле келип жүрөсүң, келсең эле жоо куугандай кайра шашып кетесиң, сага бир жакшылап чай бере албай ыңгайсыз болуп жүрөм, деле үйүңдүн адресин айтчы, мен өзүм барайын”, – десем, адресин бермек тургай, машина жибериптир дейт.

Анан бир козусун союп алып барыптыр. Жайланышып, сүйлөшүп отургандан кийин кыраакы киши байкаса Болот Мамбетовдун аялы көрүнбөйт. Анан курч неме – “Ой, Болот, сен аялың жок, бойдок турасыңбы”, – дебейби. Болот Мамбетов шашып эле “бар-бар” деп калыптыр. “Болсо, чакырбайсыңбы, үйүңө киши келип атса”.

Барып чакырып келсе сары чачтуу орус аял экен дейт. Зууракан эже “Ушубу?” – дептир.

Болот Мамбетовдун аялы айтылуу актер Михаил Жаровдун туу-гандары Клавдия Жарова деген аял болчу. Мен көрүп калдым. Өзү академияда иштечү. Техникалык илимдердин кандидаты эле. Болот Мамбетов менен Москвада окуп жүргөндө таанышып калышса керек. Анан шаардыктарча жашылчасын, башкасын алып келип, чай берсе керек.

Бир маалда аялы сыртка чыгып кеткенде Зууракан эже Болот Мамбетовду карап, түз эле: “Ушундай эркек болгончо өлүп калбайсыңбы”, – дептир. Болот Мамбетов: “Эмне болуп кетти?!” – деп турат дейт.

“Эй, Болот! Маңка болсо да кыргыздан катын албайт белең. Биринчиден, кыргыз аялы тигил катыныңча отуруп албай, наркты-салтты билип, үйүңдүн кутун арттырмак. Экинчиден, сенден туяк калбайт беле?! – дедим дейт. Десем, Болот: “коюңузчу азыр улутка бөлүнбөйт, башка заман” десе: “Оо, заманыңды… Мага айтсаң кыргыздын бир кара көз кызын өзүм алып бербейт белем, сенден туяк калбай калабы…”. Аңгыча, аялы кайра келип калып Зууракан эже  унчукпай тим болуптур…

Мен ушуга таң кала беремин. Зууракан эже олуялык менен айткандай Болот Мамбетовдон эркек бала калган жок. Өзүн 61 жашында эле пенсияга чыгарып жиберишти. Кийин тактасам эки кызы болуптур. Болот Мамбетовдун жерлиги Тоңдон болчу. Мүмкүн эркек баласы болгондо Москвага кетпей ушул эле жерде жашай бермек. Дагы сураштырсам Болот аганы үй-бүлөсү эле Москвага алып кетиптир. Ошол кеткен боюнча Болот Мамбетов бир кайрылбаптыр. Исхак Раззаков болсо бир келип кетиптир. Турдакун Усубалиевден атайы сурасам, “келген, бардык шартты түзүп бергенбиз, айылына чейин барып, туугандарына учурашып кеткен” – деген эле. Ал эми Болот Мамбетов ошол боюнча кайрылбай, сөөгү Москвага коюлуп калды. Туугандары барса да үй-бүлөсүн кыялбай койсо керек.

Кыргызда Кадыркул Качыкеев деген мыкты өткөн. Кыргызстандын Москвадагы өкүлү болуп иштеген, чыгаан инсандарыбыздын бири болчу. Ошол кишинин Москвадагы үйүнө Болот Мамбетов бу жердеги эки кабат үйүн алмашып, Москвада жашап калды. Качыкеев ошол Б.Мамбетовдун үйүндө жашап жүрүп элинин ичинде көзү өттү. Бакылдаган жакшы киши болчу. Мына тагдыр… Болот Мамбетов 1990-жылы 83 жашында көз жумуп, Москвадагы Новокузнецк мүрзөсүнө коюлду.

Жаадырып сугаруу         

Өкмөт башчы Болот Мамбетов баягы жаадырып сугаруучу жабдууну сураган өтүнүчүмдү көпкө созгон жок. Ошо бизге келип кеткенден бир жума өтпөй мени чакыртып калды. Ал кезде өкмөт үйүнө, БКга азыркыдай өткөргүч бюросу жок эле иштеген күбөлүгүбүздү, партбилетти көргөзүп коюп кире берчүбүз. Айтылган убакытта Болот Мамбетовдун кабыл алуу кабинетинде болуп калдым. Катчысы деле татынакай, абдан сулуу орус кызы экен. «Күтүп туруңуз, азыр кабыл алат. Мүмкүн чай, кофе кааларсыз?» – деди сылык сүйлөп. Аңгыча эшик ачылып, тоодой калдайып Султан Ибраимов кирип келип калса болобу. Ал киши Суу чарба министри болчу. Ага чейин таанышып, сүйлөшүп калганбыз. Ал-жай сурашканча катчы кыз «кириңиздер» деп калды.

Болот Мамбетовдун, өкмөт башчысынын кабинетинде биринчи жолу болушум. Өтө чоң эмес, ашык эчтеке жок, сүрдүү да, ыңгайлуу да кабинет экен. Болот ага убакытты аябай сыйлайт окшойт, киргенде эле дароо ишке өттү. Алдында баягы менин катым жатыптыр. Кабинетте үчөөбүз эле отурабыз. Болот Мамбетович биздин чарбада болгондугун, өзүнө жакканын айтып, «анан буларга жанагы жамгырлатып сугаруучу жабдуудан жардам кылбасак болбойт» деп министр Султан Ибраимовду карап калды эле, ал дароо «чечебиз» деди. Мурда да бул маселе боюнча сүйлөшүшкөн окшойт, С.Ибраимов бир гана желим түтүкчөлөр менен камсыздоо азыр кыйынга турарын, себеби, ал Москва облусунун бир эле жеринде чыгарылгандыктан жетишпей жатканын айтты эле, мен «канча болсо да күтөбүз» дей салдым. Б.Мамбетов «башка сурооң барбы?» деди эле, «жок» дедим. Анда ийгилик деп колун сунуп, ушу 10 мүнөткө жетпей маселе чечилип, мен сүйүнгөн боюнча ыраазычылыгымды айтып, чыгып кеттим. С.Ибраимовду кетирбей алып калды.

Азыр ойлосом бул адамдарда жанагы бюрократия дегендин күкүмү да болбосо керек деп кетем. Бир жагынан кызылчаны кол менен сугарбай, айыл чарбасындагы заманбап техникаларды колдонсок, жаңылык киргизсек деген ой-тилегимди өкмөт башчысы, министри минтип колдоп турушу мага канат бүтүргөндөй эле болгон.

Ошондон бир ай өтүп-өтпөй жамгырлатып сугаруучу жабдууга ээ болдук. Чачылган түрүндө келгени менен биздин немис инженерлерибиз бат эле чогулта салышты. Тракторго чиркелген бул жабдуунун туурасы 110 метр болчу. Бара-бара аны иштетүүнүн да ыгын ала баштадык. Күн ачуу тийген маалда сугарганда ысып турган кыртыш бууланып, сугаргандын пайдасы деле болбой, суу көп чыгым болорун байкап, таң эрте анан түштөн кийин күн салкындаганда сугарчу болдук. Бир жылдан кийин берки желим түтүкчөлөр да келип калды. Аны да ишке киргизип, кызылча күнү-түнү сугарылып, жыргап эле калдык. Мунун баарын айтып жатканым Болот Мамбетов, С.Ибраимов өңдүү залкарлардын айыл чарбасын механизациялаштырууга зор маани бергендигинде, бизди туура түшүнүп, демилгебизди колдогондугунда болуп жатпайбы. Кайталасам да айтып коеюн, ал кезде мындай маселелер эч кандай бюрократиялык тоскоолдуктарсыз эле тез чечилчү. Мунун сыры мамлекеттин башында турган Болот Мамбетов өңдүү адамдардын тазалыгында, алардын эл-жерге кызмат кылуунун эң бийик үлгүсү менен жашап-иштегендеринде окшобойбу.

Алга сүрөгөн алдыңкы технология

Эми жанагы жамгырлатып же түтүкчө менен сугарууга келсек, бул азыркы Израилде колдонулуп жаткан тамчылатып сугаруу технологиясынын бир түрү болчу. Алар ошол эле идеяны өркүндөтүп, бүгүнкү күндө электрондук башкарууга чейин жеткирип, какыраган чөлдү гүлдөтүп отурушпайбы. Негизи, айыл чарбасына илимдин, техниканын жетишкенин киргизүүгө эсил кайран СССРдин мезгилинде өтө маани берилчү. Бизге окшогон айыл чарба адистеринин демилгесин, сунуш-пикирлерин колдон-буттан алып колдоп турушчу. Азыр кайдан?! Канчалаган муундардын маңдай тери менен түптөлгөн Кыргызстандын айыл чарбасынын, анын ичинде дыйканчылыгынын бүгүнкү абалы кабырга кайыштырбай койбойт. Учурунда А.Акаев айтылуу Фрунзе атындагы айыл чарба жабдууларын жасоочу заводдун түбүнө жеткенден кийин «эми ат чалгыларды, тырмоолорду чыгара баштадык», – деп күйгүзгөнү элдин эсинде бардыр.

Кайрадан Болот Мамбетовго келсек, анын көмөгү менен келген техникаларды тез арада ишке киргизип, убакыттын өтүшү менен бизге караганда техникасы, мүмкүнчүлүгү, каражаты  арбын Канттагы МИСке «каш кайтарганга» жарап, кызылча өндүрүү жагынан алардан кыйла эле озуп кеткенбиз.

Аны эрте кетиришти

Болот Мамбетов өзүм күбө болгондой, башка замандаштары айтып жүргөндөй кайсы маселе болбосун чукул чечкен, ал үчүн убактысын, ден соолугун аябаган  адам болчу. Мамлекеттин башка тармагын айтпаганда да, Кыргызстандын айдоо аянттарын 1 миллион аянтка жеткирген ошол Б.Мамбетов болгон. Көп кишиден сурасам Кыргызстандагы  ири суу сактагычтардын, айталы Орто-Токой, Папан, Төрт-Күл суу сактагычтарынын курулуш долбоорунан, бүткөнгө чейин башында турган, чоң-чоң каналдарды курдурган, деле өлкөбүздүн суу чарба системасын бийик деңгээлге көтөргөн, анын негизинде айдоо аянттарынын көбөйүшүнө, жаңы жерлердин өздөштүрүлүшүнө шарт түзгөн ушул Б.Мамбетов эле.

Болот Мамбетов жөнүндө канча айтсак аздык кылар. Ал баарыдан мурда аз сүйлөп, көп эмгек кылчу. Болбосо, кооз сүйлөгөнү менен ишинен дайын жок көп эле жетекчилерди көрбөдүкпү. Бир сөз менен айтканда, Болот ага совет мезгилинде жашаса дагы кыргыз тарыхын көркүнө чыгарып турган чыгаан инсан болгон. Өкүнүчтүүсү, 61 жашында пенсияга чыгарып, иштен четтетип коюшту. Болбосо, ал кишинин акылы, бай тажрыйбасы, адамдык улуу касиети элибизге керек эмес беле?!

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар