Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-августта, Мээрим Жуманазарованы Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медаль утушу менен куттуктады.
«Олимпиаданын күмүш медалына ээ болуу да оңойго турган жок. Алтын медаль ала албай калдым деп эч капа болбоңуз! Биз сиз менен чексиз сыймыктанабыз! Бүгүнкү жеңишиңиз Кыргызстандагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү күрөшкө кызыккан секелек кыздарга чоң дем, мыкты стимул болуп калды”, — деген президент Жапаров.
Ал Жуманазарованын жеңиши спортчунун жан үрөгөн мээнетинин, машыктыруучулардын талыкпаган эмгегинин акыбети экенин баса белгиледи.
Жапаров спортчуларыбыздын Франциядан өлкөгө кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, аларды татыктуу сыйлыгы менен куттуктай турганын айткан.
Мээрим мамлекет башчысына жана жалпы Кыргызстан элине жылуу сөздөр жана баа жеткис колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул ага жаңы күч, алдыга умтулууга, жаңы бийиктиктерди багындырууга жардам берээрин айткан.