Балбан Акжол Махмудов Париждеги Олимпиада оюндарында коло медалды багындырды.
Кыргызстандык балбан азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңип, 3-орунду камсыз кылды.
Махмудов чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге жеңилген эле. Кийинчерээк Жадраев финалга чыгып, Акжолго коло медаль үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк жаралган.
Жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде жеңип алган.