Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти.
Синоптиктер 10-августтан 12-августка чейин нөшөрлүү жаан-чачын болорун болжошкон. Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел кооптулугу сакталары айтылды.
«Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз!» — деп айтылат билдирүүдө.