whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Олимпиадада коло уткан Акжол менен Үзүрдү куттуктады

Садыр Жапаров Олимпиадада коло уткан Акжол менен Үзүрдү куттуктады

Президент Садыр Жапаров балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбековду Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу менен куттуктады.

«Коло медаль алсаңар дагы кыргыз элиңер, Кыргызстаныңар силерди алтын алгандай жакшы көрүп турат. Ошондуктан көңүл чөгөрүп, баш ийбегиле! Башкысы эли-журтуңардын сыйынан кетпесеңер болду. Алтын медалдан артык алтын башыңар аман болсун. Спортту жакшы түшүнгөн адам катары айтайын ар дайым жеңиш эле боло бербейт, татыктуу жеңиле да билиш керек. Кыргыздын балбандарын, силерди дүйнө жүзү жакшы билип, сыйлашат. 3-орун дагы барктуу орун. Коло алдым деп капа болбогула. Баары Кудайдын колунда. Алдыда дагы кыл чайнашкан беттештериңер турат, ага да жакшы даярданып, мыктылыгыңарды дадилдеп, алтын медалдарды алышыңар керек. Муну эл чыдамсыздык менен күтүп атат. Силер баатыр Манастын тукумусуңар, муну эстен чыгарбагыла», — деген Жапаров.

Өлкө башчы алдыда чыга турчу башка балбандарга дем-күч берип турууга чакырган.

Акжол видеонун аягында алтынды да багынта турганын убадалаган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар