Амантур Исмаилов жубатуучу беттешин утуп, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Ал сербиялык атаандашын оюн башталары менен эле 1 мүнөттүн ичинде эки ирет көтөрүп чаап, 8:0 эсебинде таза жеңишти камсыз кылды.
Эми ал бүгүн кечинде азербайжандык балбан менен үчүнчү орун үчүн таймашат.