whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом652 томолой жетим балага 500 миң сомдон депозит ачылды

652 томолой жетим балага 500 миң сомдон депозит ачылды

Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон депозит ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди.

“Ар бир бала 18 жашка чыкканда колуна 500 миң сомдон алат. Аны алар билим алууга, ипотека үчүн баштапкы төлөм катары төлөөгө колдоно алышат. Азыркы учурда 652 баланын тизмеси жана тийиштүү документтери такталып, атайын эсептер ачылды”, — деди министр.

Эске салсак, быйыл июль айынан тартып томолой жетим балдар үчүн “Келечекке салым” балдар аманаты ишке киргизилген. Президенттин жарлыгына ылайык, ар бир бала үчүн 500 миң сомдон эсеп ачуу каралган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар