whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкектин аймагында дарыялардын нугу тазаланууда

Бишкектин аймагында дарыялардын нугу тазаланууда

27-декабрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу түрдө жүрүп жаткан иштерди текшерди.

Маалыматта айтылгандай, эртең мененки саат 6дан бери жер-жерлерге шаардык кызматтардын 30 даана экскаваторлору жана 55 HOWO самосвалдары тартылды. Жалпысынан 85 бирдик техника иш алып барууда.

Дарыялардын нугун тазалоо иштерине биринчи жолу бардык муниципалдык ишканалардын, тактап айтканда, «Бишкек жашыл чарба», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис», «Бишкексууканал», «Бишкек санитардык полигону», «Бишкекжарык», ИИМдин Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана муниципалдык инспекциясынын катышуусунда өтүүдө.

Эске салсак, келечекте шаар тургундарынын жана борбордун конокторунун эс алуусу үчүн дарыялардын жанындагы аймактарды жакшыртуу пландаштырылууда. Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугун механикалык тазалоо иштери мэрдин тапшырмасы менен 2024-жылдын жай айларында калктын коопсуздугун камсыздоо жана кыш мезгилинде ылай тыгындарын алдын алуу максатында башталган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар